Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Бир нече партия кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылууда

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу.

Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылды. Анын 48и чет мамлекеттерде.

13:40 11.4.2021

13:48 11.4.2021

13:59 11.4.2021

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелде саат он экиге карата жарым миллиондой адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңешке 445 533, референдумга 465 121 киши келди.

Шаардык кеңештерге 133 116 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 12,68% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 312 417 адам добуш берип, жалпы шайлоочулардын 13,77 пайызына барабар болду.

Конституциянын жаңы редакциясына байланыштуу жалпы элдик референдумга добуш бергендер 12,90% жетти. Башкача айтканда 465 121 киши добуш берүүгө келди.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

14:00 11.4.2021

Шайлоо тилкелеринде эки бюллетень даярдалган - бири жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого, бири Баш мыйзам жөнүндөгү добуш берүүгө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүүдөгү бюллетендер боюнча “Азаттык” түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жаран референдумдун бюллетенин албай коюуга укугу бар.

“Акт түзүлбөйт, шайлоочунун референдумга катышпоо укугу бар. Катышпайм, бюллетень албайм десе эч нерсе болбойт. Бирок, бюллетенди алып кетүүгө укугу жок. Алгандан кийин тандоосун кылышы керек. Эки бюллетенге өз өзүнчө дүмүрчөк берилет”, - деди Бекматов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоочу референдумга каалган жерде добуш бере албайт. Жаран буга чейин катталган шайлоо тилкесинде гана шайлоого укуктуу.

Учурда социалдык тармактарда бюллетендер боюнча суроолор көп болуп жатат. Айрым добушканаларда референдумдун бюллетенин таңуулап берип жатканы айтылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча жалпы элдик референдумда 3 606 201 жаран добуш берүүгө укуктуу. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG