Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:45
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

21:08 4.10.2020

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде кечки саат 20.00дө өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелери жабылганын билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча шайлоочулардын 50,78% добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин саат баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө.

Шайлоодо өлкө боюнча 2 430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди. Алдын ала эсеп боюнча шайлоого үч миллион 523 554 шайлоочунун 1,5 миллиондойу катышты.

Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдын ала жыйынтык 22.00дө белгилүү болот деп кабарлады.

21:16 4.10.2020

21:20 4.10.2020

Талас облусу боюнча шайлоого катышкандардын көрсөткүчү 57,4% болду. Баштапкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, шайлоочулардын 18,75% “Мекеним Кыргызстан”, 17,92% “Биримдик”, 10,42% “Кыргызстан” партияларына добуш беришти. Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын 7 миңден ашыгы Талас шаарындагы тилкелерде эле.

Шайлоонун болжолдуу жалпы жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык шайлоочулардын 50,78% добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө.

Шайлоодо өлкө боюнча 2 430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди. Баштапкы эсеп боюнча шайлоого үч миллион 523 554 шайлоочунун 1,5 миллиондойу катышты.

Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Бишкек, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды.

21:21 4.10.2020

Баштапкы маалымат боюнча шайлоочулардын 50,78% добуш берүүгө катышты. Брифингде электрондук-автоматтык эсептин саат баштапкы жыйынтыктары көрсөтүлүп жатат. Эсептер улам өзгөрүүдө.

Ага ылайык:

"Биримдик" - 24,75%

Мекеним Кыргызстан - 24,36%

Кыргызстан 8,94%

Бүтүн Кыргызстан 7,17%

Мекенчил - 6,99%

Республика 5,93

Ыйман Нуру 3,42%

Ата Мекен 4,1

Бир Бол 3,03%

Чоң Казат 2,39%

Замандаш 2,07%

Социал-демократтар 1,95%

Реформа 1,4%

Мекен ынтымагы 0,7%

Ордо 0,2%

Ооган жана Баткен согушунун ардагерлеринин партиясы 0,17%

Баарына каршы добуш бергендер 1,82% түздү.

Шайлоодо өлкө боюнча 2 430, чет мамлекеттерде 45 добушкана иштеди. Алдын ала эсеп боюнча шайлоого үч миллион 523 554 шайлоочунун 1,5 миллиондойу катышты. Шайлоого катышкандардын саны боюнча Ош шаары алдыда. Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарында да активдүүлүк байкалды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдын ала жыйынтык 22.00дө белгилүү болот деп кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG