Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

18:37 4.10.2020

Нарын облусу боюнча кечки саат 18:00гө чейин шайлоочулардын 51%и добуш берди. Бул тууралуу “Азаттыка” Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарындагы өкүлү Бакыт Өмүралиев билдирди. Анын айтымында шайлоо күнү аймактык шайлоо комиссиясына мыйзам бузуу тууралуу расмий арыз түшкөн эмес.

Оозэки беш тургун кайрылган. Алар шайлоо комиссиясынын үкөктөрүнүн жанына туруп алышты, санитардык эрежелерди сактабай жатат деген сыяктуу көрүнүштөргө нааразы болушкан.

Буга чейин Нарын шаарындагы №4068 шайлоо тилкесине баргандар кезекти эки сааттан ашык күткөнү тууралуу видеолор социалдык медиага тараган эле.

Нарын облусу боюнча 171 шайлоо участкасы бар. Шайлоочулардын жалпы саны - 189114.

18:52 4.10.2020

18:52 4.10.2020

Түштүк Кореяда жашаган кыргызстандыктардын 15% жакыны Кыргызстандын парламентин шайлоого катышты. Добушкана жабылгандан кийинки эсепке ылайык, жалпы катталган 1093 шайлоочунун 159у добуш беришкен. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сеулдагы тилкенин шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмилбек Калилов билдирди.

«Кыргыздар Сеулда гана эмес, башка, алысыраак райондордо да жайгашкандыктан, ал жактардан көп келишкен жок. Андан тышкары биометрикалык каттоо, №2 форма менен катталууга жетишпей калышканы себеп болду окшойт», - деди Калилов.

Андан тышкары Жапонияда, Малайзияда, Орусиянын Сахалин, Владивосток шаарларында добуш берүү жыйынтыкталды.

Бишкек убактысы боюнча 17.00дө чет өлкөлөрдө 5600дөн ашуун шайлоочу добуш бергенин тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

18:53 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG