Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

17:57 4.10.2020

Москвада парламенттик шайлоо күнү добуш бергени барган жүз чакты кыргызстандык өзүн тизмеден тапкан жок. Бул тууралуу “Азаттыктын” Орусиядагы кабарчысы маалымдады.

Шаарда жалпысынан үч участок иштеп жатат. Тизмеде 9 миңден ашуун шайлоочу бар. Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө карата алардын 2,5 миңдейи добушун берди. Ал эми жүзгө жакыны тизмеде жок болгондуктан добушун бере алган жок.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Орусияда 17 миң кыргызстандык жаран шайлоочулардын тизмесине кирген, алардын тогуз миңдейи Москвада.

Бүгүн, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат.

18:05 4.10.2020

18:11 4.10.2020

Айылдан Таласка келип, добуш бергендер.

18:17 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG