Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

10:50 4.10.2020

10:51 4.10.2020

10:51 4.10.2020

10:55 4.10.2020

Кыргызстанда 3-октябрда өткөн көчмө добуш берүүгө 24 472 киши катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 4-октябрдагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо тилкесинен тышкары жайларда добуш берүү үчүн 29 330 жаран арыз берген. Алардын реестри түзүлүп, ар бир шайлоо тилкесинде 2-октябрда илинген.

"Реестрге киргизилген шайлоочулардын арасынан 24 472 киши добуш берүүгө катышты. Бул тизмеге кирген кишилердин 83, 5% түзөт. 4448 шайлоочу түрдүү себептер менен, мисалы, паспорту жок болуп же эски паспорту болгонуна байланыштуу, же үйүндө болбогону үчүн шайлоого катыша алган жок", - деди Бекматов.

Бишкек.
Бишкек.

"Шайлоо тилкесинен тышкары жайдагы добуш берүү" эрежесине ылайык, үйдөн, ооруканадан же ишканадан чыгууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар шайлоого үч күн калганга чейин участкалык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылып, көчмө үкөк аркылуу добуш берүү укугуна ээ. Алар улгайган кишилер, майыптар, оорулуулар же үзгүлтүксүз өндүрүштө иштеген кызматкерлер.

Мындай жарандар үчүн добуш берүү 3-октябрда өттү. Добуштар эртең менен саат сегизден кечки сегизге чейин көчмө үкөк менен чогултулган. Жыйынтыгы бүгүнкү шайлоо менен чогуу чыгарылат.

Кыргызстанда учурда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды. Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда. Соңку тактоолор боюнча Кыргызстанда добуш берүүгө укуктуу 3 523 554 шайлоочу бар. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштей турганы кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 430 добуш берүү участогу уюштурулган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG