Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

10:23 4.10.2020

Ош шаарында №5912 шайлоо участогуна журналисттердин кирүүсүнө тыюу салынды. Өзүн добуш берүү участогунун мүчөсүмүн деп тааныштырган адам жогору жактан ушундай тапшырма берилгенин билдирди.

Аталган шайлоо участогу кошумча түзүлгөн. Анда негизинен студенттер добуш берери буга чейин Интернетте кабарланган. Бүгүн добуш берүүгө да негизинен студенттер келип жатышканы байкалды.

Ош шаарында жалпы 86 добушкана бар. Алардын ичинен 10 шайлоо участогу кошумча ачылган.

10:24 4.10.2020

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 4-октябрдагы брифингде эртең мененки саат тогузга карата алынган маалымат боюнча чет мамлекеттерде 535 кыргызстандык добуш бергенин билдирди.

Анын айтымында, добуш берүүлөр биринчи Түштүк Сахалинде 20 шайлоо участогунда ачылып, 118 киши добуш берди. Якутияда 86, Красноярскиде 35, Алматыда 42, Жапонияда 15, Кытайда 10, Малайзияда беш жаран добуш берди. Добуш берүү баарынан кеч Вашингтондо башталат.

Министрдин айтымында, чет өлкөлөрдө 32 миң 602 шайлоочу бар. Алар үчүн 45 шайлоо участогунда добушканалар иштеп жатат.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө 36 шайлоо участогу иштеген.

Кыргызстанда учурда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды.

Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун учун 16 партия ат салышууда. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 миллион 523 мин 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. Добуш берүү участокторунда 31 483 адам иштери кабарланган. Жалпы өлкөдө 2 420 добуш берүү участогу уюштурулган.

10:26 4.10.2020

10:31 4.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG