Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:22
4-октябрь, 2020-жыл.
4-октябрь, 2020-жыл.

Шайлоо: сатылган добуш, ташылган эл, сакталбаган аралык

Бүгүн кыргызстандыктар парламенттин жетинчи чакырылышына ат салышкан партиялар үчүн добуш берди.

16 партия ат салышып жаткан шайлоодо добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалган, анын 35и чет мамлекеттерде.

БШКнын соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.

Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.

Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.

20:34 3.10.2020

Кыргызстанда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия кеминде канча добуш топтошу керек? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.

Мандат үчүн канча добуш керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00

20:36 3.10.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоодо аны ойлондурган маселе - добуш сатуу көйгөйү болуп жатканын айтып, жарандарды мыйзам бузбоого чакырды. Бул тууралуу 3-октябрда "Биринчи радиого" берген кезектеги интервьюсунда билдирди.

"Өзүнүн, балдарынын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам добуш сатпайт. Бул мамлекеттин келечегине, балдарынын келечегине, өзүнүн келечегине балта чабууга барабар", - деди Жээнбеков.

Ошондой эле президенттик администрациянын шайлоого даярдык көрүү жараянына аралашканы минималдык даражада болгонун жана өкмөт көз карандысыз түрдө иш алып барганын белгиледи.

Кыргызстанда жарандык коом жана шайлоого катышып жаткан оппозициялык партиялардын талапкерлери бийликчил партиялардын өкүлдөрү элге акча таратып, добуш топтоо аракетин көрүп жатканын бир канча ирет айтышкан.

Паспортуңуз партияларга эмне үчүн керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

20:37 3.10.2020

Парламенттик шайлоого бараткан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен дароо тогуз киши чыгып кетти. Алардын ичинен сегизи аял. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган талапкерлердин арасынан баш-аягы 15 аял талапкер шайлоодон четтетилген.

Шайлоого жакын тизмеден ыргыган аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:29 0:00

20:40 3.10.2020

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде адамдар тобу менен барып, добуш берүүгө чогулганы тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) укук коргоо органдарына жөнөтүлдү. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, тергөө тобу айтылган дарекке барганда ал үйдө той өтүп жатканы аныкталган.

Бирок T-Media басылмасы жарыялаган ыкчам видеодо эл чогулган үйдө добуш берүүчү урна коюлганын, милиция кызматкери карап турганын көрүүгө болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG