Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Жаңы шайлоо эски эрежелер менен өтөт


Кыргызстандагы шайлоо учурунда тартылган сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоо учурунда тартылган сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрелге дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, шайлоо депутаттардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу белгиленип жатат.

Президенттин жарлыгына ылайык, 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланат. Анын ичинен 28и - шаардык кеңеш. Арасына жакында эле шаар статусуна ээ болгон Базар-Коргон да кирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы жакын арада добуш берүүчүлөрдүн тизмесин тактап, шайлоого кете турган чыгымдардын сметасын түзөт. Жалпысынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо мурдагы эле система менен өтөт.

2020-жылы пандемиядан улам мөөнөтү жылдырылган шайлоо учурунда Ош, Токмок, Балыкчы жана Каракол шаарларына башка аймактын тургундары жапырт түрдө каттоого тура баштаганы аныкталган. Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул көйгөй боюнча мындай деди:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

«Бир нече шаарга жапырт каттоого туруп алгандар өзү жашаган аймактарга кайтып барышкан. Быйыл бул боюнча көйгөй жаралбайт. Анткени өлкөнүн бардык аймактарында шайлоо болот. Шайлоочу өзү жашаган айылдан добуш берүүгө кызыкдар. Жарандарды мыйзам менен чектөөгө болбойт. Ар бир жаран Кыргызстандын аймагында дарегин которгонго укуктуу да. Тизме боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы жооптуу».

Коопсуздук кеңешинин былтыр 21-марттагы чечиминин негизинде беш шаар жана 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун мөөнөтү жылып калган.

Буга коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абал себеп болгон. Мөөнөтү жылган шайлоо алдында Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турганы белгилүү болду.


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев шайлоочулар даректерин кайра алмаштырды дегенге ишенбей турат. Муну төмөндөгүдөй негиздеди:

Бакыт Рыспаев
Бакыт Рыспаев

«Саясий партиялар мурдагыдай эле болгон ыкманы колдонгонго аракет кылышат. Дарегин алмаштыргандар Ош, Токмок, Каракол шаарларынын тургуну болуп калды да. Эми аларды ташып келип шайлоого катыштырат. Анткени аларды айылдардан шаарга көчүрүп келген адамдар жок болуп кеткен жок да. Мурда "Биримдик", "Мекеним Кыргызстанга" иштесе, эми башка партиялардын кызыкчылыгын коргошот».

Мыйзам боюнча, шаардык кеңешке болгон шайлоонун үгүт иштери 30 күн, жергиликтүү кеңештики 20 күнгө созулат. Шаар жергесине депутат болгусу келгендер шайлоого партиялардын тизмеси менен катышышы керек болот.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев шайлоо босогосуна байланыштуу маселеге токтолду.

Кайрат Осмоналиев
Кайрат Осмоналиев

«Жаңы мыйзамдар боюнча, Жогорку Кеңешке шайлоо босогосу 3% түшүрүлүп жатат. Бирок жергиликтүү кеңештерде жеңип чыккысы келген партия мурдагыдай эле жок дегенде 7% шайлоочулардын добушуна ээ болушу шарт. Негизи өзгөртүү бардыгына бирдей болсо жакшы болмок. Мындан улам мурдагыдай эле акчалуу, ири партиялар жеңип чыгышы толук мүмкүн».

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирүүдө. Мыйзамга ылайык, референдумдун мөөнөтүн Жогорку Кеңеш дайындайт.

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев референдумду шашылыш өткөрүүгө аракет болуп жатканын айтып, себебин мындай деп түшүндүрдү:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

«Албетте бир күндө эки шайлоо өткөрүү каражат жагынан жакшы. Үнөмдүү болот. Ошол эле учурда референдумду өзүнчө кылсак аз эле киши келет. Керек болсо шайлоочулар келбей коет. Ошондуктан бийлик эки шайлоону бириктирип жатат. Мындан тышкары Конституциянын жаңы долбоорун 11-апрелге чейин талкуулап, түшүнүп жетишпейбиз. Бизде көпчүлүк жарандар окубай да коюшат. Менин оюмча, бул ирет да 10-январдагы референдумга чейинки окуя кайталанып, Баш мыйзамдын жаңы долбоору бир күндө үч окуудан өтүп кетет го».

Азыркы учурдагы мыйзамга карай турган болсок, шайлоочулардын 30% келбесе референдум өттү деп эсептелбейт. Бул норма бир гана референдумга байланыштуу.

Ал эми президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердеги шайлоонун өтүп-өтпөгөнү шайлоочулардын санына көз каранды эмес.

Буга чейин 2021-жылы президентти, парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлаш үчүн бюджеттен 858,4 млн. сом каралганы айтылган. 10-январдагы президенттик шайлоого 549 миллион 161 миң сом корогону айтылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG