Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Сербия: Горан Хажич Гаага сотуна жеткирилди


Горан Хажичке Нови Сад шаарчасындагы карган энеси менен үй-бүлө мүчөлөрүнө сакчынын коштоосунда жолугушууга уруксат кылынды.Нови Сад, Сербия. AP. 22.7.2011.
Горан Хажичке Нови Сад шаарчасындагы карган энеси менен үй-бүлө мүчөлөрүнө сакчынын коштоосунда жолугушууга уруксат кылынды.Нови Сад, Сербия. AP. 22.7.2011.

Сербия бүгүн (22-июлда) БУУнун мурдагы Югославия аймагы боюнча согуш трибуналына согуш кылмышкери катары айыпталып жаткан хорватиялык сербдердин мурдагы жетекчиси жана колбашчысы Горан Хажичти өткөрүп берди. Эми Сербия Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү жыл соңуна чейин баштай алат.



Горан Хажич жума күнү түштөн кийин Гаага трибуналына жеткирилди.

Саал мурдараак ал Сербиянын ордо шаарындагы абактан Белград аба майданына жеткирилип, аны атайын учак Гаага тарапка алып кеткен соң гана Сербиянын адилет министри Снежана Малович бул окуя тууралуу маалымат каражаттарына расмий билдирди.

- Мен сиздерге буларды маалымдагым келет: бүгүн эртең менен мен Горан Хажичти Гаагадагы согуш трибуналына жеткирүү үчүн аны экстрадициялоо тууралуу буйрукка кол койдум. Бул иш-аракет менен Сербиянын Гаага трибуналы менен кызматташтыгындагы эң катаал бап жабылып, өлкөнүн өтө чоң милдеттенмеси жүзөгө ашырылды.

Горан Хажич 1991-95-жылдары хорватиялык сербдердин кошуунун жетектеген жана Хорватиядагы Серб Аймагы – “Сербска Крайина” деген дүйнө жүзүндө таанылбаган жикчил жумуриятты башкарган.

Хорватиянын Вуковар шаарында серб жоокерлери набыт болгондордун сөөгүн ташып жаткан учур. 1991-жылдын 18-ноябры. AP.

Бириккен Улуттардын мурдагы Югославиядагы согуш кылмыштары боюнча трибуналы аны 14 кылмыш иши боюнча соттомокчу.


Бул иштердин арасында согуштук кылмышка жана адамзатка каршы кылмышка таандык беренелер боюнча доолор бар.


Маселен, Горан Хажич 1991-жылы Хорватиянын Вуковар шаарында серб тегинен болбогон 250 кишинин кыргынга учурашы, 20 миңдей кишини өз үй-өлөң төшөгүнөн күчтөп көчүрүү, миңдеген кишилерди кыйноого алуу сыяктуу кылмыштарга жоопкер деп шектелүүдө.

1995-жылы хорват аскерлери Хорватиянын сербдер көзөмөлдөгөн аймагын толук каратканга чейинки мезгилдеги салгылашуулардын айынан 10 миңден ашуун киши набыт болгон.

Сербиянын моралдык парызы

Сербия: Горан Хажич тутулду. 20.7.11.

x
Сербия: Горан Хажич тутулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00
Түз линк

Сербиянын президенти Борис Тадич согуш кылмышкери катары шектелген соңку качкындын камакка алынышы тууралуу шаршембидеги (20-июлдагы) маалымат жыйынында жарыя кылып, өз өлкөсү өтө олуттуу моралдык парызды аткарды деп айтты:


- Сербия өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууну уланта бермекчи. Ошол эле учурда менин тастыктап айтаарым – Горан Хажичтин камакка алынышы менен биз өзүбүздүн укуктук милдеттенмебизди жана моралдык парызыбызды аткардык.

52 жаштагы Горан Хажич Белграддан түндүктөгү Воеводина автоном чөлкөмүнүн тоолуу Фрушка-Гора аймагында ата-энесинин үйүнүн жанынан камакка алынган.

Сербиядагы согуш кылмыштары боюнча прокурор Владимир Вукчевичтин айтымында, италиялык сүрөтчү Амедео Модиляни (1884-1920) тарткан уурдалып кеткен сүрөттүн былтыр табылгандыгы Хажичтин жигин табууга көмөкчү болгон экен. Имишке караганда, дал ушул уурдалган сүрөттү Хажич тымызын сатууга далаалат кылган.

20-июлда эртең менен Хажич өзүнүн акча жеткирип келе жаткан тымызын жардамчыларынын бирине жолугуу үчүн Фрушка Гора аймагынын токоюна келгенде колго түшүрүлгөн.

Хажич 2004-жылы Гаага сотунан изин жашырынып качып кеткенге чейин жашаган үйгө 22-июлда эртең менен сакчылардын коштоосунда акыркы ирет келүүгө уруксат алды. Нови Сад, Сербия. AP. 22.7.2011.
Жума күнү (22-июлда) таңга маал Хажичке Нови Сад шаарчасындагы карган энеси менен үй-бүлө мүчөлөрүнө сакчынын коштоосунда жолугушууга уруксат кылынды.

Келээрки аптада Хажич Гаагадагы БУУнун сотунда өзүнө коюлуп жаткан доолорго карата макулдугун же аларды четке кагаарын билдирүүгө мүмкүндүк алат.

Андан соң анын соту дээрлик бир жылдан кийин башталышы күтүлөт.

Гаага жана Белград

Жалпысынан, Гаага трибуналы 161 кишини камакка алуу тууралуу буйрук кылган.

Бул тизмедеги согуш кылмышкери катары шектелген кишилердин ичинен акыркы болуп кармалган Горан Хажич мындан жети жыл илгери Гаагадагы согуш трибуналы ага расмий айып тагылгандыгы тууралуу документтерди Белградга жөнөткөн соң, кыйла жылдар изин жашырып жүргөн.

Серб президенти Тадич: Ратко Младич кармалды. 26.5.11.

x
Серб президенти Тадич: Ратко Младич кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00
Түз линк
Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө ынтызар Сербия бийлиги үчүн акыркы тоскооолдук – Хажичтин кармалбай жатканы болчу.

Эми расмий Белград өз өлкөсүнүн Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүсү жаатында үстүбүздөгү жылы эле сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн толук мүмкүнчүлүк алууда.


Европа Биримдигинин, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун, НАТОнун жетекчилиги Горан Хажичтин Сербия бийлиги тарабынан камакка алынышын кубатташкан болчу.

XS
SM
MD
LG