Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

LIVE: ШКУнун Бишкек саммити аяктады

Бишкекте ШКУнун 13-саммити башталды. Ага тогуз өлкөнүн президенттери, Индиянын тышкы иштер министри, Пакистандын премьер-министринин кеңешчиси катышты.

10:17 13.9.2013
Президенттер Назарбаев менен Атамбаев жолугушууда


Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу өтүүдө. Эки тараптуу кызматташтык жана ШКУ саммитинде каралчу маселелер талкууланууда.

Президенттер Назарбаев менен Атамбаев жолугушту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:33 0:00
10:21 13.9.2013
10:27 13.9.2013
ШКУ саммитине карата пресс-борбор ишин баштады
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитин чагылдыруу үчүн “Ак кеме” мейманканасындагы маалымат борбору ишин баштады.
ШКУнун пресс-борбору
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:28 0:00

Бул жерде эки экран аркылуу саммит өтүп жаткан "Ала-Арча" резиденциясынан түз эфир көрсөтүлүп турат. Учурда журналисттер акыркы даярдыктарын көрүп жатышат. Саммитти чалгылдыруу үчүн 400дөн ашуун журналист каттоодон өткөн. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, алардын 350ү чет өлкөлүк жана 100дөн ашууну жергиликтүү кабарчылар.
10:32 13.9.2013
Президенттер билдирүү жасайт

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин соңунда президенттер билдирүү жасайт. Кабарчыбыздын "Ала-Арча" резиденциясынан билдиргенине караганда, жыйын саат 11де башталып, түшкөн кийин саат 2де аяктайт. Саммитке казак, кыргыз, кытай, орус, өзбек жана тажик президенттери катышууда. Ошондой эле ШКУда байкоочу мамлекеттер: Иран, Ооганстан, Монголиянын президенттери, Индия, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG