Тибетте топозду мындан 7300 жыл мурда колго үйрөтө башташкан. Кытай, Британия жана Нидерланддардын окумуштуулары мындай бүтүмдү бакма жана жапайы топоздордун геномдорун, ошондой эле үйрөтүлгөн топоздордун генинде болгон өзгөрүүлөрдү изилдегенден кийин жасашты.
Бул илимий ачылыш жөнүндө англис тилинде чыкчу Nature communication журналы кабарлады. Азыр Тибет тоолорунда (Кытайда Цинхай-Тибет тоолору деген аталыш кабыл алынган) 14 миллиондон көп бакма топоз бар. Деңиз деңгээлинен 4200 метр бийикте жайгашкан бийик тоолуу аймактын жалпы аянты 2 млн. чарчы метрге жакын. Буга чейин илимий чөйрөлөрдө жапайы топоздор 4500 жылдай мурда үйрөтүлө башталган деп эсептелчү. Уй 8000 жыл мурда колго үйрөтүлгөн.
Ашыкча салмак зыяндуу
Ашыкча салмак ден соолукка оңолгус зыян келтирет. Ошон үчүн догдурлар мындан ары бейтаптардан учурдагы салмагын эмес, бир кездеги эң оор салмагы канча килограмм болгонун суроого тийиш. АКШ Улуттук илимдер академиясынын апталык басылмасынын (Proceedings of the National Academy of Sciences of the United States of America) акыркы санындагы изилдөөгө караганда, өтө семиз адамдардын көпчүлүгү ашыкча салмагы саламаттыгына залал келтирип, жүрөк оору, диабет, атүгүл рак сыяктуу оор дартка чалдыккандан кийин арыктай баштайт. Андай адамдар арыктаган соң жаңы салмагын беш же андан көп жыл сакташкандан кийин кайра семирип, эт байлашат. Америкалык демографтар Эндрью Стокс менен Самуэль Петерсон семиз адамдардын жашоо коэффициентин изилдеп көрүшүп, бир кезде салмагы ашыкча чоң болгон адамдар эрте көз жумганын аныкташкан. Семиздерге атайылап арыктоо эч качан кеч эмес деп тыянак жасалат изилдөөдө.
Бионикалык көз сатыкка чыгат
Австралиялык илимпоздор үстүбүздөгү жылы дүйнөдөгү биринчи бионикалык көздү сокур адамга коюшат. Инженер Артур Лоури жана анын командасы көзүнүн кареги жабыркаган же такыр эле азиз адамдар үчүн атайын көз айнек жасамай болушту.
Fortune журналынын жазышынча, көз айнек кайсы бир затты жана айлананы өзүндөй кылып көрсөтпөйт. Көз айнектин ортосуна орнотулган чүкөдөй видеокамера мээге заттын жүздөгөн чекит түрүндөгү сөлөкөтүн (форма) жиберет. Бул азизке жолду табууга же багыт алууга жардамдашат. Лоури жаңы аппарат дүйнө өлкөлөрүндөгү азиз адамдардын 80 процентинен көбүнө жардам берет деп ишенет. Аппарат мээнин көрүү системасына көз аркылуу эмес, адамдын желкесине туташкан бөлүгү аркылуу байланат. Бул жерде мээнин көрүү процесси жүрөт. Ал үчүн 43 электрод теринин астындагы нерв тамырларын сайгылаганда пайда болгон импульстардан мээ көрчү объект көптөгөн чекиттер түрүндө пайда болууга тийиш дешет инженерлер.
Бул тушта АКШдагы медициналык приборлорду жасоочу Second Sight компаниясы сокур адамдардын көзүнө орнотулчу 150 чакты импланттарды сатыкка чыгарганы кабарланды. Андай “торчо импланттар” бейтапка аз да болсо көрүүгө мүмкүндүк берет. Андай бир имплант 145 миң доллар турат.
Универсал скоутер ээсин да тааныйт
АКШнын Intel жана Кытайдын Ninebot компаниялары жүрүп баратканда өзүн өзү баланстап турчу туткасыз скоутер (сегвей) жасоону макулдашты. Туткасыз сегвейдин эки дөңгөлөгү айдоочунун оң-сол жагында болуп, эки буттун ортосунда дүмүрчөнү эки тизе кысып турат. Тизени кыймылдатып сегвейди оңой эле башкарасыз. The Gardian гезити маалымдагандай, жаңы скоутер саатына 18 чакырымдан 30 чакырымга чейин жүрөт. Скоутер менен үйгө же көздөгөн жериңизге жеткенден кийин аны айтканыңызды аткарчу минироботко же видео оюндарды ойночу же кино көрчү экранга айлантып коё аласыз. Анын экранын башка тулгадай кийип алса же колго кадап алса да болот. Жөргөлөк робот өз тегерегиндеги адамдарды, заттарды, түрдүү үндөрдү, демек, сиздин жоро-жолдошторуңуздун үнүн да тааныйт. Сүрөт тартат. Кааласаңыз туткасыз скоутер менен майда-барат жүктөрдү да ташый бересиз.