Айдан үч эсе көп алыс жайгашкан 2004 BL86 деп белгиленген астероид 26-январда Жерге эч кооптуу жагдай жаратпай учуп өтөт. Астрономдор андан чагылган жарык нурлар боюнча астероиддин узундугу жарым чакырым деп боолгошууда. Мындай көлөмдөгү астероид биринчи жолу Жерге жакын учуп өтөт.
“Жерден 1.2 миллион чакырым алыстыкта учуп өтүүчү астероид бизге эч зыян келтирбейт, бирок мындай чоң астероид, биз билгенден, биринчи жолу Жерге ушунчалык жакын келип жатат. Бул бизге аны жакшылап байкаганга, космостогу жаңы кубулуштарды түшүнгөнгө жардам берет”- деп билдирди изилдөөчүлөрдүн бири Дон Йоманс НАСАнын вебсайтындагы маалыматта.
НАСАнын космостогу жана жердеги телескоптору аркылуу такай астероиддер менен кометаларды издеп таап, көз салып жана изилдеп турган программасы “Спейсгард” деп аталат. Анын негизги максаты космостогу объектилерди изилдеп, алардын Жер планетасына коркунучу бар-жогун аныктоо болуп саналат.
Коркунучтуу күн учкундары
Кээде күн учкундары 150 миллион чакырым алыстыкта болсо дагы атом бомбасы менен барабар, дарамети Жердеги электр кубатына эбегейсиз залака тийгизген энергия бөлүп чыгарат. Ал учкундар Күндүн кыртышындагы чыйралган магниттик талаалардан бөлүнүп чыгып, ар бир 11 жылда көбөйүп турат. Азыр ал эң жогорку абалга жеткен кези.
Жасалма акыл техникаларын колдонуп, Стендфорд университетинин окумуштуулары Күнгө жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын топтоп, талдоо жүргүзүштү. Мындан кийин окумуштуулар коркунучтуу Күн учкундары качан бөлүнүп чыгаарын алдын ала боолгой алышат. Бул тууралуу Стенфорд университетинин вебсайтында жарыяланды.
Адамдын дене мүчөлөрүн жасаган биопринтер
Жапониялык окумуштуулардын айтканына караганда, адамдын терисин, сөөктөрүн жана жада калса муундарын жакында 3D (үч мерчемдүү) принтерден чыгара башташат.
Дүйнөнүн башка жерлеринде адистер адамдардын жасалма дене мүчөлөрү үчүн майда бөлүктөрдү чыгара башташканы менен аларды функционалдуулугун арттыруунун жолдорун издөөдө.
Токио оорукана университетинин профессору Тсуйоши Такато башында турган изилдөөчүлөр тобу жука биоматериалдардын катмарынан адамдын дене бөлүктөрүн чыгаруучу “кийинки муундагы 3D биопринтерин” ойлоп табуунун үстүндө эмгектенүүдө. Адамдын түрдүү дене мүчөсүнө айланчу өзөктүк клеткалар менен прото-клеткаларга аларды өстүрө турган белокту кошушат. Үч мерчемдүү принтерди колдонуп, жасалма органдарды табигый формасына мүмкүн болушунча окшоштуруу аракеттери көрүлүүдө. Мисалы «акылдуу принтер» жиликтерди ичиндеги чучугуна чейин жасап чыгара алат.
Мындай жасалма органдар «адамдын денесине коюлгандан кийин организмге бат эле жуурулушуп кетет» дейт профессор Такато Phys.org агенттигине берген маалыматында.
“Биз мурда адамдын жараатын айыктыруу үчүн, анын өз этинин таза жеринен кесип алып колдончубуз. Эми мындан кийин андай зарылчылык болбойт,” дейт жапон профессору.
Бул технология сөөгүнөн кемтик менен төрөлгөн наристелерге чоң үмүт болот, анткени балдар бат өскөндүктөн, мурда колдонулган синтетикалык жасалма сөөктөр тез эле иштен чыгып, же алмаштыруу зарыл эле.
Өсүмдүктөрдөн электр кубатын алуу
Өсүмдүктөрдүн электр кубатын иштеп чыгаруучу да касиети бар экен. Тагыраак айтканда, өсүмдүктөрдө фотосинтез процесси жүргөндө кошумча өндүрүм катары энергия бөлүнүп чыгат. Ал үчүн болгону жарык, көмүртектин кычкылы жана суу керек болот.
“Plant-e” деп аталган компания энергиянын мындай булагын өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөдө. Табигый процесстин негизинде топурактан электрондор жыйналып, өсүмдүктөр өсүп жатканда алардан электр кубаты өндүрүлөт. Мындай ыкма өсүмдүктөргө эч зыян тарттырбайт.
Электр энергиясын таза, зыянсыз жолдор менен эле өндүрүп тим болбой, ар бар адамдын аны менен камсыз болушуна ишенген демилгелүү топ аталган компанияны 2009-жылы Вагенинген университетинин алдында түзүшкөн. Шаардагы үйлөрдүн, имараттардын чатырлары өсүмдүктөн электр энергиясын өндүрүү долбоору үчүн абдан ыңгайлуу жерлер. Аталган компания электр кубатын электроддорду өсүмдүктөрдүн топурактарына сээп, электрондорду жыйноо аркылуу алышат. Бул тууралуу plant-e.com вебсайтынан кененирээк маалымат алсаңыз болот.