Бүбүзуура Ажымүдинова 60 жылдан бери саймачылык менен алектенет. Ал бул өнөрдү чоң апасынан, апасынан үйрөнгөн.
Бүбүзуура апа кесиби боюнча мугалим. Жашы жетимиш бештен ашып калса да өзү жашаган Сарбан айылындагы орто мектепте али күнгө чейин химиядан сабак берип иштейт.
Байбиче кыргыздын жоголуп бара жаткан оймо-чиймелеринин, уникалдуу саймалардын түрүн сактап келе жаткан уздардын бири.
Бүбүзуура апа биз барганда баркыт кездемеге илме шибеге менен кезектеги түркүн түстүү саймасын сайып жаткан экен.
"Бул туш кийиздин бир бөлүгү. Аны мен небереме арнап сайып жатам".
Сайма сайып отуруп, Бүбүзуура апа небересин алкап, "келечекте бактылуу, ырыс- кешиктүү боло көр, жашооңду жакшылык коштоп, ден соолукта бол" деп кобурап отурду.
"Туш кийиз - энеден кызга берилген саймалуу кат. Туш кийизге түшүрүлгөн ар бир оймо-чиймеден эненин кызына арнаган каалоо-тилегин, ак батасын окуса болот", - дейт уз.
"Ак мөңгүлүү чокуларды сайып жатып, балдарым да ушундай бийиктикке жетсе экен деген жакшы ниеттерди тилейм. Ал жактагы ак кар бул ички дүйнөнүн аруулугу. Мен алардын жашоосунда да, мамилелеринде да ушундай аруулукту каалайм".
Бүбүзуура Ажымүдинова жалпы алты түш кийиз сайган. Алардын бирин уулу Камчыбекке арнаган.
"Ар бир кыргыздын саймасында айлана бар. Ал ааламды жана боз үйдү түшүндүрөт. Ортосунда жүрөктүн образы бар. Жүрөк - бул жылуулук. Сөзсүз кочкор мүйүз оймосу түшүрүлөт. Ал токчулуктун белгиси. Ар бир саймада Умай деген белги бар. Ал ушул үйдө төрөлгөн баланы коргоп жүрсүн деген маанини билдирет. Андан сырткары жан-жаныбарлардын белгилери оймо-чийме аркылуу түшүрүлөт. Бул белгилер айлана-чөйрө, жаратылыш менен жакшы мамиледе болуп жашасын дегенди түшүндүрөт".
Бүбүзуура Ажымүдинова туш кийизге түшүрүлө турган оймо-чиймелердин, саймалардын үлгүлөрүн чогултуп, сактап жүрөт. Ар бир сайманын аты, түшүндүрмөсү жана кайсы жылы сайылганына чейин жазылган атайын төрт китепче түзгөн.
Бүбүзуура апа туш кийизге колдоно турган оюмдун үлгүсүн алгач кагаздан жасап алат. Анан аны баркыттын бетине түшүрөт.
Туш кийиздин чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине көчөт түшүрүлөт. Узундугу эки жарым, үч метр, туурасы бир жарым, эки метр болот. Туш кийиздин ортосу тукаба, парчадан жасалат да, дал ортосуна тумарча (башкы сүрөттө көрсөтүлгөн) орнотулат. Туш кийиз кызга сепке кошулуп берилет.
Бул туш кийизди Бүбүзуура Ажымүдүновага апасы берген. 1951-жылы, Бүбүзуура апа беш жашында сайылган экен. Убакыт өткөн сайын эскирип, жыртыла баштаганда Бүбүзуура апа туш кийизди сактап калыш үчүн кыскартып тигип, пано жасап койгон.
"Илгери, кызды алыс жерге турмушка берип жатканда ата-энеси кызы барган жеринен кайра келбей турганын билишкен. Кыз турмушка чыккандан кийин, төркүнү менен байланышуу үчүн кербендер аркылуу кичинекей гана сайма жөнөтүп турган. Ата-энеси ал сайылган сайма аркылуу, анын кандай жашоодо жашап жатканын, барган жеринде бактылуу экенин туюшкан".
"Апамдын Туш кийизиндеги түстөрдөн жан дүйнөм гүлдөйт. Ошондо бала кезимдеги тоолордун түрдүү түскө боёлгонун жана андагы жыпар жыттуу мезгилди эстейм".
2020-жылы «Айкын багыт» коомдук фонду Нарында, Жети-Өгүздө, Токтогулда, Таласта, Кеминде, Сарбанда жашаган жети эненин тарыхын жазып чыккан. Долбоордун каармандары апаларынан сепке алган туш кийиздерин сактап жүрүшкөн жети чоң эне. Бүбүзуура апа дал ушул жети эненин бири.