Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун жыйыны жана убадалары

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрдү. Жыйын түшкү саат 2де башталып, бир саат, 36 мүнөткө созулду.

14:30 12.11.2020

Садыр Жапаров: Матраимов "Мыйзамсыз байыган акчамды кайтарып берейин” деди

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов “Мыйзамсыз байыган мүлктү жана акчаны кайтарып берейин” деп өзү суранган. Бул тууралуу 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров аны камакка албоо себептери тууралуу суроого жооп берип жатып айтты.

Жапаров Матраимовду камабоону УКМК жетекчисинен өзү суранганын билдирди:

“УКМК аны алып келип жапкандан кийин эле мага кабар беришти. 6-7 саат бою сүйлөшүү жүрүптүр. Муну камап койгондо биз мамлекетке бир тыйын акча алып келе албайт элек. Мен саясий чечим кабыл алып, сурандым. УКМКнын төрагасынан “Муну камап койгондон эмне пайда” деп сурандым. 6-7 саат ошондой кеңешме өттү бизде”.

Жапаров кошумчалагандай, Матраимов мыйзамсыз байыган мүлкүн мамлекетке кайтарып берүүнү убада кылды:

“Бул өзү да “Мени камап койгондон эч нерсе келбейт. Андан көрө мен мамлекеттен алганымды, мыйзамсыз байыган мүлкүмдүн баарын, акчанын баарын кайра Кыргызстанга алып келип берейин” деп ачыгын айтып, суранды”.

Атайын кызмат Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу тууралуу комментарий берген эмес.

Жапаров 3-ноябрда Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген эки миллиард сомду күнүгө төгүп жатканын айтып, кармалган күнү эле 70 же 80 миллион төгүп бергенин кошумчалаган.

14:33 12.11.2020

"Азаттык": 90дон ашуун адамдын өмүрүн кыйып, 300 миллион доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткен Бакиевдерди жоопко тартасызбы? Себеби ошол убакта иштеген адамдар сиздин да айланаңызда отурат.

Садыр Жапаров: Апрель окуясы боюнча бир эле Бакиевдер күнөөлүү эмес. Биз бирок аларды экстрадициялоо боюнча мурда жүрүп келген иштерди улантабыз.

14:34 12.11.2020

Садыр Жапаров: Эмдиги жылы медиктердин айлыгын 40% чейин көтөрүүнү көздөп атабыз. Азыр үч-төрт айга жете турган дары-дармек бар.

14:38 12.11.2020

Садыр Жапаров: Кен байлык иштеген жерде элдин дагы, мамлекеттин дагы кызыкчылыгы сакталышы керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG