Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:28

Жалгыз бой эне Фейсбуктагы "лайк" үчүн соттолот


Орусиянын Екатеринбург шаарында жалгыз бой эненин үстүнөн соттук териштирүү башталды. Екатерина Вологженинова социалдык тармактарда Украина коогасына байланыштуу макалаларга “жакты” деген белгини басканы үчүн террорчуларга көмөк көрсөттү деп айыпталууда.

46 жаштагы Екатерина Вологженинова шаардагы дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеп, 12 жаштагы кызын өзү жалгыз баккан карапайым эле катардагы аял. Эми ага социалдык тармактардагы Украинага байланышкан көз караштары үчүн улуттар аралык бөлүнүп жарылууга үгүттөдү деген айып коюлду.

Украинадагы окуяларга бул аял бир жыл мурда кызыга баштаган. Расмий телеканалдардан көргөн кабарларды салыштыруу үчүн башка версияларын социалдык тармактардан таап окуп, “жакты” белгисин басып, кайра өз баракчасына бөлүшүп турган. Бирок ал өзүнүн онлайн жашоосун тармактагы 52 гана досунан тышкары атайын кызматтын интернет эксперттери да көзөмөлдөп жатканын билген эмес. Качан гана үйүнө кирип келишип, компьютерин, планшетин, уюлдук телефонун, ал тургай кызынын мектептеги концерттери жазылган дисктерин тартып алышып, мамлекеттин алдында чоң күнөө кылдың деген кат жибергенде таң калып отуруп калды.

Ага карата расмий айыптоодо “Коомдук топторго, Украинада согушуп жаткан Орусиянын ыктыяр аскерлерине жана заманбап Орусиянын бийлигине шек келтирди” деп жазылган. Екатерина буга таң калып, чачылган үйү менен жуулбаган идишинен башка кылмыш жасабаганын айтып күлөт. Жакында эле аялдын банк карточкасын да сот камакка алып койду.

"Ар кандай террордук уюмдарга акча салбасын деп карточкамды өчүрүп салышты. Балким “Ислам мамлекети” же “Оңчул сектор” сыяктууларды каржылап жатат деп ойлошсо керек", - деп ийнин куушурат олуттуу айып тагылган аял.

Анын айтуусунда, бул карточка менен кызына жана эки мышыгына керектүү гана нерселерди сатып алчу. Азыр жалгыз бой эненин фамилиясы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын террорчуларга колдоо көрсөткөндөрдүн “кара тизмесинде" Шамиль Басаев сыяктуу “өлүк жандар” менен чогуу турат. Екатеринанын жактоочусу Роман Качанов да таң калганын жашырбай:

- Биздин мыйзам чыгаруучулар күнөөнү далилдей электе эле айыпталган кишини жазалай баштаса карап да коюшпайт. Соттун чечимине чейин ал күнөөсүз болуп саналат да. Бирок бул жагдайды эч ким эске албайт. Бул иште бир мандем бардай.

Вологженинованын иши боюнча алгачкы соттук отурум жабык өттү. Адвокат “органдар” бул ишти атайын токуп жатат деген пикирде.

Екатеринаны сот күнөөлүү деп тапса төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Аялга коюлган айып жөнүндө Свердловск облустук прокурорунун жардамчысы Марина Канатова мындай дейт:

- Ооба, ошондой постторду көчүрүп, өздүк баракчасына коюу, аларга шилтеме берүүнүн өзү эле кылмыш болуп эсептелет. Ушундан улам бул аялга кылмыш иши ачылды.

Алгачкы соттук отурумда жалгыз бой аялдын жактоочусу айыптоолорду негизсиз деп, ишти кайра прокуратурага өткөрүүнү суранганы менен анын бул өтүнүчүн сот четке какты. Эми Екатерина интернетке киргенде абдан абайлап, үйүндөгү мышыктардын гана сүрөтүн койчу болду.

Бул Орусияда социалдык тармактын колдонуучулары сот жообуна тартылган алгачкы окуя эмес. Ушул жылдын сентябрь айында эле Татарстандын соту Татар коомдук борбору аттуу бейөкмөт уюмдун төрагасы Рафис Кашаповду интернет айдыңында Орусиянын Крымды бөлүп алуусу менен Украинадагы кагылышууларга киришүүсүн сындап жазган макалалары үчүн үч жылга эркинен ажыратты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG