Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Экзит-полл: “Бирдиктүү Орусия” конституциялык көпчүлүктү түзбөйт

Мамдумага шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыгарыла баштады. 4.12.2011
Мамдумага шайлоонун алгачкы жыйынтыктары чыгарыла баштады. 4.12.2011

Премьер-министр В.Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясы парламенттик шайлоодо алдыда, бирок добуштардын 50 пайызын ала алган жок.



Алгачкы жана күтүүсүз жыйынтыктар

Ушул тапта Орусияда шайлоо бекеттери жабылып, добуштар эсептелүүдө.
Бүткүл Орусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору (ВЦИОМ) экзит-поллдордун жыйынтыктарын интернетте жарыялады. Ага ылайык, Мамлекеттик Думанын алтынчы чакырымына 4 партия өтүүдө:

“Бирдиктүү Орусия” (48, 5%), Коммунисттер партиясы (19, 8%), Либерал-демократтар (11, 42%) жана “Адилет Орусия” (12, 8%).

Шайлоого катышкан калган үч партия жети пайыздык босогону аттай алган жок. 2007-жылдагы шайлоодо бийликтин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 64 % алып, парламентте 315 орунду ээлеп, көпчүлүктү түзгөн.

5 жылдык мөөнөткө шайланчу Мамлекеттик Думадагы 450 депутаттык орунга расмий катталган 7 партиянын тең талапкерлери катышты. Алар: «Адилет Орусия», Либерал-демократтар партиясы, «Орусиянын патриоттору», Коммунисттер партиясы, «Яблоко», «Бирдиктүү Орусия» жана «Оңчул иш» партиялары.

Экзит-поллдорго 250 миң 994 адам катышып, 1 миң 746 добуш берүү бекеттеринде сурамжылоо жүргөн. Адатта сурамжылоолордун бул түрүнүн статистикалык катасы 2 пайыздан ашпайт.

Чукотка активдүү

Чукоткада бюллетендердин 100% эсептелип бүттү. “Бирдиктүү Орусия” бул аймакта 70,32% добуш менен башкалардаг ат чабым алдыда.

Хакерлердин чабуулу

4-декабрда бир катар таасирдүү медиа каражаттары менен маалымат агенттиктеринин интернет сайттары хакер чабуулдарга дуушар болду. Маселен “Эхо Москвы” үналгысы, "Новое время", «Моsсow Times», "New York Times" басылмаларынын интернет сайттары сырттан чабуулга болуп жабылды. Кечке жуук аталган компаниялардын сайттары акырындап иштей баштады, шайлоо күнү “Твиттер”, “Фейсбук” өңдүү социалдык тармактар өтө активдешти.

Орусия: шайлоо жана нааразылык акциялары

Оппозициялык лидер Борис Немцов шайлоого каршылык билдирди.
1/9 Оппозициялык лидер Борис Немцов шайлоого каршылык билдирди.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
&quot;Түндүк аюу&quot; спорт клубунун мүчөлөрү Барнаул шаарындагы шайлоо бекетинде добуш берүүдө.<br />
<br />
2/9 "Түндүк аюу" спорт клубунун мүчөлөрү Барнаул шаарындагы шайлоо бекетинде добуш берүүдө.

4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов Москвадагы №149 шайлоо бекетинде добуш берди.&nbsp;
3/9 Коммунисттер партиясынын лидери Геннадий Зюганов Москвадагы №149 шайлоо бекетинде добуш берди. 
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Москванын шайлоочулары добуш берүүдө.
4/9 Москванын шайлоочулары добуш берүүдө.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Москвадагы шайлоо бекетинде добуш берди.
5/9 Орусиянын премьер-министри Владимир Путин Москвадагы шайлоо бекетинде добуш берди.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Коопсуздук күчтөрү Кремлге чукул Манеж аянтын катуу көзөмөлгө алып, шайлоо күнү коопсуздук чараларын күчөттү.
6/9 Коопсуздук күчтөрү Кремлге чукул Манеж аянтын катуу көзөмөлгө алып, шайлоо күнү коопсуздук чараларын күчөттү.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Москванын борборунда полиция &quot;Солчул фронт&quot; кыймылы уюштурган нааразылык акциянын катышуучуларын кармады.
7/9 Москванын борборунда полиция "Солчул фронт" кыймылы уюштурган нааразылык акциянын катышуучуларын кармады.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
&quot;Солчул фронт&quot; кыймылы уюштурган нааразылык акциянын катышуучулары.
8/9 "Солчул фронт" кыймылы уюштурган нааразылык акциянын катышуучулары.
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Москвадагы Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имараттын чоң залы (сүрөт үстүнөн тартылган)
9/9 Москвадагы Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан имараттын чоң залы (сүрөт үстүнөн тартылган)
4-декабрда Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага шайлоо өттү. Москва, Питер жана бир катар шаарларда нааразылык митингдери уюштурулуп, полиция ондогон кишилерди кармады.
Артка
Алдыга


Кечки демонстрациялар жана кармоолор

Полиция уруксаат берилбеген нааразылык демонстрациялардын катышуучуларын кармап кетүүдө. Революция аянтында 100-150 адам акцияга чыгышты, кармалгандардын арасында “Славянская сила” улутчул кыймылынын жетекчиси Дмитрий Демушкин бар.

Триумфалдык аянтта “Другая Россия” оппозициялык кыймылынын 100 мүчөсү кармалаганы айтылууда.

Манеж аянтында 12 демонстрант кармалды. Бул тууралуу полиция билдирди.

Орусияда парламенттик шайлоо менен катар эле өлкөнүн айрым аймактарында регионалдык мыйзам чыгаруу кеңешине жана жергиликтүү башкаруу органдарына депутаттарды тандоо дагы өттү.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG