Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

"Орус маршына" чыккандар көп болду


Орус империясынын ак-кара-сары түстөгү байрагы ультраулутчулдардын Москвадагы жүрүшүндө да даана көрүнүп турду, 4-ноябрь, 2012
Орус империясынын ак-кара-сары түстөгү байрагы ультраулутчулдардын Москвадагы жүрүшүндө да даана көрүнүп турду, 4-ноябрь, 2012

Орусиянын ондогон шаарларында бүгүн Элдик биримдик күнүндө адатынча улутчулдар “орус маршына” чыгышты. Москвадагы жөө жүрүшкө уюштуруучулар кеминде 20 миң адам келгенин айтып жатышат. Полиция болсо алардын саны 6 миңден ашкан жок деди.

Москвада улутчулдардын жөө жүрүшүндө нацисттердин тыйуу салынган эн белгилерин тагынган, марш учурунда асманга фейерверк же түтүн чачыраткыч аткан 25 адамды полиция кармап кетти.

Бийликтер Москванын борборунда улутчулдарга марш өткөрүүгө алгачкы жолу уруксат берип жатышат.

Баш калаадагы жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Владимир Тор президент Владимир Путиндин өкмөтүн демократиялык институттарды жок кылганы үчүн сындады.

"Бизди качан гана көп санда көчөгө чыкканыбызда угушат, - дейт ал. - Жумуриятта демократиялык система талкаланган, демократиялык институттар жок. Борбордук шайлоо комиссиябыз көз боёмочулардын бандасына айланып кетти. Демек президент да, парламент да “легимтимдүү” деген аты эле калды. Бул - өтө оор абал. Ушундай учурда орустар өз алдынча чогулуп, жарандык коомдун жана демократиянын институттарын түзүшүбүз зарыл болуп турат".

Тор бул жолу да улутчулдардын мурдатан берки максатын кайталай кетти.

"Биз Борбор Азиядан мигранттардын агымы токтотулушун талап кылабыз. Борбор Азиянын мамлекеттери менен виза режими киргизилиши керек. Ошондой эле Ооганстандан Тажикстан, Өзбекстан жана региондун башка мамлекеттери аркылуу герион жана башка маңзаттар киришине чекит коюшубуз абзел", - деди Москвада “Орус маршын” уюштуруучуларынын бири Владимир Тор

Акыркы үч жылдан бери Москвада улутчулдардын маршына катышып келген белгилүү оппозиционер-блоггер Алексей Навальный бүгүнкү иш-чарага катышам деп алдын ала билдирүү жасаган болчу. Бирок бул күнү ооруп калганына байланыштуу жөө жүрүшкө келбеди. Буга чейин ал Кремлге кайрылуусунда Чеченстанды мисалга келтирип, “Кавказды бакканды токтотууга” чакырган.

Бул - жекшембиде өлкө боюнча урусат берилген да, берилбеген да ондогон жүрүштөрдүн болгону бири.

Екатеринбургда бийликтердин уруксаты жок эле митингге чыккан 200 адам кармалды. Татарстандын баш калаасы Казанда 50, Нижний Новгороддо да уруксаты жок көчөгө чогулган 40 киши, Санкт-Петербургда 30 адам кармалды.

Петербургда “Бирдиктүү Орусия” партиясы уюштурган акцияда 10 киши орус империясынын байрагын көтөрүп чыкканы үчүн да камалды. Псковдо болсо уруксат берилген акцияга келген 100дөй адам “Орус бийлиги орустарга”, “Келечек биздики” деген өңдүү плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Орусияда “Улуттук биримдик күнү” Владимир Путиндин биринчи президенттик мөөнөтү учурунда 2005-жылы кайра майрамдала баштаган жана ал 1612-жылы Москванын поляктардан бошотулушуна арналат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG