Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Магнитскийдин иши кайра көтөрүлүүдө


Адвокат Сергей Магнитский. Москва, 2006-жылдын 29-декабры.
Адвокат Сергей Магнитский. Москва, 2006-жылдын 29-декабры.

Орусия президентинин алдындагы Адам укуктарын коргоо кеңеши Cергей Магнитскийдин өлүмүн иликтөө тобу мыйзамсыз куралган деген тыянакка келди.

Орусия президентинин алдындагы укук коргоочулар кеңеши өз баяндамасын Нальчик шаарында өткөн жыйынында президент Дмитрий Медведевге тапшырды. Президент баяндаманы тартип коргоо кызматтарына териштирүүгө берээрин билдирди.

Кеңештин мүчөлөрүнүн бири Валерий Ворщев Рейтер агенттигине берген интервьюсунда Магнитский сабагандан өлгөн деп билдирди:

- Жардамдын берилбегендиги, жардамга тоскоолдук кылуу, жашоого укукту бузуу ачык-айкын көрүнүп турат. Дарыгерлер бул үчүн жаза алышы керек. Бирок чечүүчү өңүт – Магнитскийдин сабалышы болгон. Мен түрмө кызматкерлери аны өлтүрүүнү каалашкан деп ойлобойм. Менимче, алар буюртманы аткарышкан. Бул биздин жоромол. Бирок ал алсыз ахыбалда, катуу оорудан о дүйнө салган.

Магнитскийдин иши эки бөлүктөн турат, анын биринчиси – коррупциялык иштер үчүн деп өзүнө каршы козголгон кылмыш иши, экинчиси - анын өлүмүнө байланыштуу.
Баяндамада Магнитскийдин өлүмүнө себепкер адамдардын аттары аталган.

Алардын арасында убактылуу кармоочу жайдын дарыгери, тергөөчүлөр бар.
Ошондой эле укук коргоочулар адвокатты кармап, камоого жетиштү далилдер болгон эмес жана камакка алынган, Магнитскийдин арыз-даттануулары кылдат текшерилген эмес деп жатышат. Мунун себеби тергөө тобунун кызыкчылыктарына байланыштырылган.

Ушундай жагдайды эске алган кеңештин мүчөлөрү Магнитскийдин иши калыс иликтенбейт деген бекем ишенимде. Алардын бири Елена Панфилова расмий тергөө тобунун буга чейинки тыянактары жараксыз деп эсептеди.

Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги Магнитскийдин ишине байланышкан бардык чечимдер мыйзамдуу деп эсептейт. Министр орун басары Татьяна Герасимованын айтымында, бардык тыянактар прокуратуранын жана соттун чечимдери менен бышыкталган. Орусия президентинин алдындагы укук коргоочулар кеңеши укуктук күчү жок, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Магнитскийдин иши ал белгисиз себептер менен камакта өлгөндөн бери эл аралык коомчулуктун да назарынан түшпөй келатат. Бул маселе бир ай мурда АКШ-Орусия биргелешкен адам укуктары боюнча эки тараптуу жыйында да талкууланган. Бул тууралуу Азаттыкка берген интервьюсунда АКШ президентинин Орусия боюнча кеңешчиси Майкл Макфол да белгилеген:

- Магнитскийдин кылмыш иши боюнча өтө курч сүйлөшүү өткөрдүк. Жыйынга катышкан жарандык коомдун өкүлдөрү Орусия бийлигинен, айрыкча Сурков мырзага өтө катуу суроолорду жолдошту.

Нидерланды парламенти болсо Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар саналган мамлекеттик кызматкерлердин каттоосуна чектөө киргизүүнү өкмөткө сунуш кылган.
Арам акчаларды адалдады, салык жашырды деген өңдүү коррупциялык иштер үчүн айыпталып, камакка алынган 37 жаштагы Сергей Магнитский 2009-жылы 16-ноябрда Бутыр түрмөсүнүн убактылуу камагында мерт болгон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG