Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Орусиялык блогер экстремисттердин тизмесине киргизилди


 Руслан Соколовский.
Руслан Соколовский.

Орус православ чиркөөсүндө Pokemon Go оюнун ойноп, ал видеону интернетке жарыялаганы үчүн 3,5 жылга шарттуу соттолгон орусиялык блогер Руслан Соколовский Орусияда экстремисттердин тизмесине киргизилди.

Орусиялык блогер Руслан Соколовский быйыл майда чиркөөдө Pokemon Go оюнун ойногону үчүн “диний ишенимге шек келтирди жана жашыруун үн жаздыруучу аппаратты мыйзамсыз алып жүрдү” деген айып менен 3,5 жылга шарттуу соттолгон. Июлда анын жаза мөөнөтүн сот кайрадан карап чыгып, 2 жыл үч айга кыскарткан.

Екатеринбургдун шаардык соту Соколовскийге кандайдыр бир акция, массалык иш-чараларга катышууга тыюу салып, интернеттеги видео-блогдорун өчүрүүгө милдеттендирген.

Эми болсо Орусиянын Каржы мониторинг боюнча федералдык кызматы блогерди экстремисттердин тизмесине киргизип, анын банктагы эсебин камакка алды.

Руслан Соколовский.
Руслан Соколовский.

Руслан Соколовскийге Орусиянын Кылмыш кодексинин 208-беренеси (жек көрүүчүлүктү козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул берене террористтик жана экстремисттик өңүттө каралгандыктан, Руслан Соколовский башынан ага тагылган айыпка каршылыгын билдирип келген.

- Күнөөмдү моюнума албай жатканымдын негизги себеби, мен өзүмдү экстремист деп эсептебейм. Балким мен келесоо чыгармын, бирок экстремист эмесмин. Илгери коммунизм жана Сталин жөнүндө анекдот айткандарды көп жылга лагерге отургузушкан. Азыр эми патриарх Кирилл жөнүндө анекдот айтканым үчүн мени үч жарым жыл түрмөгө отургузуу керекпи? Бул караңгылык жана мен муну эч качан түшүнбөйм.

"Эл аралык мунапыс" уюму (Amnesty International) Соколовскийдин камалышын “өз пикирин билдирүүгө каршы фарс түрүндөгү чабуул” деп атаган. "Мемориал" укук коргоо борбору болсо 22 жаштагы Соколовскийди саясий туткун деп тапкан. Ал эми эл аралык укук коргоочу "Хьюман Райтс Уотч" уюму Соколовскийдин иши «орус бийлиги антиэкстремисттик мыйзамдарды сөз эркиндигин басууга жана цензураны күчтөндүрүү үчүн кандайча колдонуп жатканын көрсөтүүчү жакшы мисал» деп баалаган.

Руслан Соколовский.
Руслан Соколовский.

Орусиядагы айрым видеоблогерлер Мамлекеттик Думанын депутаттарына кайрылуу жасап, Руслан Соколовскийди экстремисттердин тизмесинен чыгарууну талап кылышууда. Блогер Данила Поперечный Соколовский 12 жыл мурун Беслан шаарындагы мектепте 1 миң адамды туткунга алып, 334 адам каза болгон террордук актыны уюштуруучулар менен катар тизмеге алынганын белгилеген.

- Соколовский Бесланда бүтүндөй мектепти туткунга алган Нурпаши Кулаев сыяктуу террористтердин катарына киргизилди. Ютубдагы тамаша менен киши өлтүрүү, теракттарды бирдей кароого болобу?! Руслан өзүнүн видеолорунда, балким айрымдардын диний ишенимдерине шек келтиргендир, бирок, ал киши өлтүрүүгө, бирөөлөрдү кысымга алууга үндөгөн эмес. Ал интернетте өзүнүн оюн гана билдирген. Ошол үчүн банктагы эсеби камакка алынып, расмий жумушка орношо албай, айына 10 миң рублга жашоого мажбур болуп жатат. Анын жашоосу - биздин өлкөнүн жараны катары толук талкаланды.

Орусияда терроризм менен экстремизм боюнча айыпталган уюмдар менен жарандардын тизмеси 2011-жылы ачык жарыялана баштаган. Бул тизме каржы уюмдарына таркатылып, тизмедеги тараптардын банктагы эсептери камакка алынат. Терроризмге айыпталгандардын тизмесинде 7,5 миң адам катталган болсо, алардын ичинде элүүдөй кыргызстандык бар.

Pokemon Go – бул уюлдук телефонго атайын тиркеме аркылуу жүктөлүүчү видео оюн. Телефондогу тиркеме менен кадимки реалдуулукта виртуалдуу оюнчуктарды таап кармоого мүмкүндүк берет. Аны 2016-жылы Жапониянын "Нинтендо" компаниясы иштеп чыккан. Орусияда бул оюндун ышкыбоздору арбын.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG