Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Орусияны Египеттин тагдыры күтүп турабы?


Каир, 3-февраль, 2011-жыл
Каир, 3-февраль, 2011-жыл

2-февралда Египеттин президенти Хосни Мубарак сентябрга чейин бийликтен кетпей турганын билдирди. Оппозиция 30 жыл тактан түшпөгөн Мубаракты сынга алды.

Акыркы күндөрү Тунис менен Мысырда кулач жайган окуялар башка өлкөлөрдө, мисалы, Орусияда өкмөткө каршы нааразылык акцияларды уюштурууга түрткү болот деген божомолдор пайда баштады.

Айрым талдоочулар Түндүк Африкадагы кырдаал менен Орусиядагы саясий жагдай окшош болгонун белгилеп, мындай режимдердин түбү бирдей аяктаарын айтышат.

1-февралда Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин 80 жашка чыкмак. Ушул эле күнү Мысырды отуз жылдан бери башкарып келаткан Хосни Мубарак да 80ге толду. 10 жыл мурда Ельцин өз ыктыяры менен саясаттан кетип, өз ордун Владимир Путинге калтырган. Андан кийинки жылдары Орусиядагы бийлик түп тамырынан өзгөрдү.

Түндүк Африкада орун алган акыркы саясий окуяларды Батыштын маалымат каражаттары “Жасмин ыңкылабы” деп аташты. Мысырдагы абал мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө, 2003-жылы Грузиядагы, 2004-жылы Украинадагы, 2005 жана 2010-жылдары Кыргызстандагы “түстүү ыңкылаптарга” окшоп турат. Ушул тапта саясий талдоочулар мындай ыңкылап Орусияда да болушу мүмкүнбү деген суроого жооп издешүүдө.

Жакынкы Чыгыш институтунун жетекчиси Евгений Сатановскийдин байкашынча, Орусиядагы режим акыры элдин массалык түрдө көчөгө чыгышына алып барат:

- Биздин азыркы абалыбызда президентти кызматтан алууга бараткан жокпуз. Бул Орусия үчүн абдан жеңил жоготуу болор эле. Биз өлкөнүн жоголуп кетишине карата баратабыз.

Москва, 31-январь, 2011-жыл
Саясатчы Андрей Суздальцев адатта ыңкылап бийлик менен орто таптын ортосундагы байланышка жараша болорун айтат:

- Мысырда социалдык-экономикалык маселе кыйын абалда. Орусияда андай абал бар, бирок анчалык курч эмес. “Жасмин ыңкылабына” түрткү болгондой маанай байкалбайт.

Өткөн аптада Давосто Орусиянын лидери Дмитрий Медведев африкалык континентте өнүгүп жаткан окуяларга токтолуп, “анын өрнөгү бардык бийликке тийиштүү” деди:

- Бийлик калктын күткөнүн ишке ашыра албаса, анын акыры жаман болот, бийлик ылдыйдан өйдөнү карай ыдырайт жана башаламандык башталат.

Өткөн жылдын этегинде “Левада” борбору жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, калктын 20 пайыздайы көчөгө чыгууга даяр экенин тактаган.

XS
SM
MD
LG