Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Орус элчилигинде табылган кокаин чуусу ырбады


Аргентинадагы орус элчилигинен табылган, кокаини бар пакеттерди полиция кызматкери ачып жаткан учур. 14-декабрь, 2016-жыл. Сүрөт Аргентинанын коопсуздук кызматы тарабынан берилген.
Аргентинадагы орус элчилигинен табылган, кокаини бар пакеттерди полиция кызматкери ачып жаткан учур. 14-декабрь, 2016-жыл. Сүрөт Аргентинанын коопсуздук кызматы тарабынан берилген.

Орусиянын Аргентинадагы элчилигинде 400 килограммга чукул кокаиндин табылышы дагы эле дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөңгө салып келет.

Аргентинада Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгү аркылуу баңгизат ташууну уюштурган киши катары шек саналган Андрей Ковальчук АКШны чагымчылдык кылган деп айыптап жатат.

Эл аралык издөөдө жүргөн Ковальчук адвокаты аркылуу "Аргентинадагы элчиликке баңгизатты Американын атайын кызматтары Орусиянын дипмиссиясынын беделин түшүрүш үчүн атайын таштаган" деген билдирүү таратты.

22-февралда Аргентина бийлиги "Орусияга жөнөтүлөт" деген 389 килограмм кокаин орус элчилигиндеги жүктөн табылганын кабарлаган. Бул баңгизаттын партиясы 50 миллион долларга бааланган.

Полиция кызматкери баңгизатты текшерүүдө.
Полиция кызматкери баңгизатты текшерүүдө.

Баңгизат саткандарга каршы операция 2016-жылдын декабрында орус элчиси Виктор Коронелли дипломатиялык мекемеге таандык мектептеги шектүү жүк жөнүндө Аргентинанын атайын кызматына кабарлагандан кийин башталган.

"Жүктү элчиликтин жаңы чарба кызматкери таап алган. Жүк жакшылап жашырылган, имаратта кампа катары колдонулган жертөлөө көп. Жаңы жумушчу ревизия жүргүзүп жатып көрүп калган" деген Коронелли РБК басылмасы менен болгон маегинде.

Аргентинанын полициясы 12 чемодандагы баңгизатты ун менен алмаштырып, жүктү Москвага алып кетчүлөргө жашыруун аңдуу койгон.

Жүк былтыр декабрдын башында Москвага жеткирилип, бул операциянын натыйжасында алты кишиге кылмыш иши козголгон.

Москвада Владимир Калмыков, Иштимир Худзамов жана орус элчилигинин мурунку чарба кызматкери Али Абьянов кармалса, Буэнос-Айресте полиция офицери Иван Близнюк менен аэропорттун техникалык кызматкери Александр Чикало камакка алынган. Ал эми баңгизат ташыган кылмыштын башкы уюштуруучусу катары учурда жашырынып жүргөн орусиялык ишкер Андрей Ковальчук шек саналууда. Аргентинанын басылмалары Ковальчуктун Германияда чылым, икра жана алкоголь саткан фирмасы бар экенин маалымдашат. Ал эми орусиялык "Росбалт" басылмасы "Ковальчук Берлиндеги орус элчилигинде техникалык кызматкер болуп иштеген" деп жазган. Мындай маалыматты Орусиянын Тышкы иштер министрлиги таптакыр четке каккан.

Ал ортодо британиялык "Telegraph" басылмасы 12 чемодан Москвага Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин учагы менен жеткирилгенин баяндаган. Патрушев былтыр декабрда Аргентинанын президенти Маурисио Макри менен жолугушууга барган болчу.

Учурда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кокаин контрабандасына Буэнос-Айрестеги элчиликтин мурунку чарба кызматкери Али Абьянов гана кириптер болгонун айтып, "баңгизат ташуу дипломатиялык каналдар аркылуу уюштурулган, жогорку даражадагы орусиялык кызматкерлердин тиешеси болгон" деген маалыматтарды четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG