Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Тажикстан: мыйзамсыз курулган мечит жабылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда мыйзамсыз курулган мечиттер жабылууда. Түркмөнстан Азербайжанга экспорттогон газын алты эсе көбөйттү. Орусия Казакстанга Байкоңур үчүн баш-аягы 2,6 миллиард доллар төлөдү. Орусияда калктын саны мигранттар менен толукталып келет.

"EurAsia Daily" басылмасы Тажикстанда мыйзамсыз курулган ондогон мечит жабылганын баяндайт. Согди облусунда бир жыл ичинде 46 мечит "курулуш эрежелери сакталган эмес" деген жүйө менен жабылган.

Макалада кээ бир мечиттер бири-биринен 50 метр аралыкта жыш орун алганы белгиленет. Бирок жергиликтүү бийлик жабылган мечиттерди талкалабайт. Имараттар кийим тигүүчү цех, өнөркана сыяктуу социалдык багытта колдонулат. Мындан тышкары түндүктөгү Исфара шаарында да "санитардык нормалар сакталган эмес" деп 45 мечит жабылган. Жалпысынан Тажикстанда 4 миңге жакын мечит катталган.

Макалада коңшуларына караганда Тажикстанда имамдардын көптүгү белгиленет. Өлкөдө 4 миңге жакын имам бар. Алар мечит башчылыгына Мамлекеттик дин комитетинин макулдугу менен гана дайындалып, өкмөттөн 90 доллар маяна чегерилген. Бирок дин кызматкерлери аттестациядан өткөрүлүп, эл алдында сүйлөгөн сөздөрү көзөмөлдөнүп, катуу тескелет. Чоң шаарлардагы мечиттердин ичине видеокамералар да коюлган. Андан тышкары тажик өкмөтү чет жакта билим алгандардын диний ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип койгон.

"Коммерсант" гезити Москва Байкоңурга 2,6 миллиард доллар коротконун жазат. Орусия "Байконур" космодромун 1994-жылдан бери ижарага алып келет. Казак космодромунун бир жылдык ижара акысы 115 миллион долларды түзөт. Бул убакыт ичинде Орусия Казакстанга 2,6 миллиард доллар төлөгөн. Башында космодром Орусиянын Коопсуздук министрлигине берилип, кийин "Роскосмостун" карамагына алынган. Келишим 2050-жылга чейин түзүлгөн.

"Регнум" агенттиги Түркмөнстан Азербайжанга газ экспортун алты эсе көбөйткөнүн кабарлайт. Былтыр Ашхабад Бакуга 1 миллиард 761 миллион кубометр газ саткан. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 6 эсе көп. Баку жаратылыш газына ички керектөөнүн өсүшүн мунай кендерин иштетүү жана кошумча камылга менен түшүндүргөн.

Мурда Орусия түркмөн газынын башкы сатып алуучусу болуп келген. Эки жыл мурун орусиялык «Газпром» баадан келишпей, баш тарткан. Азыр түркмөн газы Азербайжанга Иран аркылуу өткөрүлөт. Бирок жазында Астанада Каспий деңизин бөлүштүрүү боюнча конвенция кабыл алынса, Ашхабад газын Азербайжандан ары Европага чейин сата алат.

РБК басылмасы Орусияда төрөттүн саны 10,7 пайызга азайганын баяндайт. Орусиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр өлкөдө 1,69 миллион бала төрөлгөн. Балдардын төрөлүшү Чеченстандан башка Орусиянын бардык аймактарда азайган.

Макалада Орусияда калктын саны Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан жана Украинадан келген мигранттардын эсебинен гана көбөйүп жатканы айтылат. Бирок Стратегиялык изилдөөлөр борборунун баяндамасында Орусиянын эмгек рыногу мигранттар үчүн жагымдуулугун жоготуп баратканы, кийинки он жылда өлкөдөгү демографиялык абалды мигранттардын эсебинен оңдоого мүмкүн болбой калаары белгиленген. Эксперттер миграциялык саясатты жакшыртууну сунуш кылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG