Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Жириновский: "Ы" азиялык жаман тамга


ЛДПР партиясынын лидери, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Владимир Жириновский орус алфавитинен «ы» тамгасын алып салуу керек деп айтып чыкты.

Ал бул тамганы “азиялык жаман тыбыш” деп сыпаттап, анын ордуна “и” тамгасы жетиштүү деп эсептейт.

Орусия мамлекеттик думасындагы Либералдык демократиялык партиянын башчысы, вице-спикер Владимир Жириновскийдин кезектеги күтүүсүз сунушу бир эсе жылмайтса, бир эсе талкууга жем таштады. Буга чейинки улутчул билдирүүлөрү менен белгилүү депутат 12-мартта Мамлекеттик думадагы журналисттер менен жолугушуусунда орус алфавитинен “ы” тамганы алуу сунушун айтып чыкты.

- Орус тилинде “ы” тамгасын колдонууга тыюу салуу керек. Бул тамга бизге монголдордон келген. Бир дагы Европа мамлекетинде “ы” тамгасы жок, бул кекиртектен чыгуучу тыбыш. “Ы,ы,ы” деп жырткычтар сүйлөйт. Бизде “и” тамгасынын болгону жетиштүү.

Жириновскийдин “ы” тамгасын алып, орус алфавитин реформалоо сунушу Орусиянын өзүндө да тилчилердин колдоосуна ээ болбогон сыяктуу. Үндүү “ы” тыбышы катышкан сөздөр кирилицца алфавитин колдонгон кыргыз, казак тилдеринде да арбын. Айрым учурда бир эле сөздө бир канча “ы” тыбышы кезигет. Филология илимдеринин доктору, профессор Замира Дербишева “ы” тамгасынын орус алфавитинде болушу анын тилдик табиятынын өзгөчөлүгүн билдирерин айтты:

- Жириновский өзү тилчи эмес да. Өзү тилдин табиятына жараша алфавит түзүлөт. Орус алфавитине “ы” тамгасы сөзсүз керек. Орус тилинин табиятын билбегендер, тилчи эместер айта беришет. Ал пикирлер негизи туура эмес.

Бул улутчул көз караштагы Жириновскийдин күтүүсүз билдирүүлөрүнүн алгачкысы эмес. Ал өткөн айда “Борбор Азия республикалары Орусиянын курамында болушу керек” деген пикирине каршы Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Орусияга нота жиберишкен.

Казакстандык тилчи-окумуштуу Шерубай Курманбайулы орус алфавитин реформалоо саясатчылардын эмес, тилчилердин иши болушу керек деп эсептейт. Ошондой эле ал Жириновскийдин улутчул-шовинисттик билдирүүлөрүн орунсуз деп эсептейт:

- Тамгалардын кайсынысын алып салабыз, кайсынысын кошобуз десе, аны Жириновский эмес, орусиялык илимпоздор өздөрү чечкени дурус деп ойлойм. Ал эми Жириновскийдин негизсиз айткан пикирлерине каршы биздин Тышкы иштер министрлиги атайын нота жибергенинен кабарыбыз бар. Көз карандысыз мамлекеттердин аймагына, чек арасына “кол салуу” саясий да, дипломатиялык көз караштан да туура эмес.

Жириновский буга чейин саясий билдирүүлөр менен гана чектелбей, сүйүшкөндөргө кантип “мамиле куруу” керектиги тууралуу айткан “насааттары” менен да белгилүү.

XS
SM
MD
LG