Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

Орусия: "Таза шайлоо үчүн"

Москва: "Таза шайлоо үчүн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:00 0:00

24-декабрда он миңдеген адамдар Москванын Сахаров проспектисинде "Таза шайлоо үчүн" деген аталыштагы митингге чогулушту. "Азаттыктын" Орус кызматы, 24.12.2011

Орусиянын шаарларында "Таза шайлоо үчүн" деген жалпы ураан астында митингдер өтүүдө. Москвада он миңдеген адамдар чогулду.

Москванын Сахаров атындагы проспектисинде 50 миңден ашуун киши чогулганын жеринен кабарчыбыз Аида Касымалиева билдирет:

Москвада он миңдеген киши катышкан митинг өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:34 0:00
Түз линк

15 күн абакта кармалып чыккан, таанымал блоггер Алексей Навальный чыгып сүйлөдү: "Биз Кремль жана башка жерлерди дагы ала алабыз. Бирок биз андай кылбайбыз. Биз мыйзамды сыйлабыз!".

Оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцов митингде сүйлөгөн учурунда кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Дмитрий Медведевдин саясий реформалар боюнча соңку демилгелерине ишенбей турганын айтып, премьер-министр, президенттик шайлоого кайра аттанган Путинди айыптады:

-Биз ага ишенбейбиз, ишенбейбиз! Ал модернизацияны, инновацияны буга дейре эле убада кылган, эркиндик эрксиздиктен жакшы. Ал (Медведев) албетте, жакшы блоггер, бул чындык, бирок ал президент боло албады. Биз төртүнчү марттагы шайлоого сөссүз келип, бирок Путинге бирөөбүз дагы добуш бербөөбүз керек. Ууру Кремлде отурбашы абзел! Путинсиз Жаңы жылыңар менен!, Путинсиз Жаңы жылыңар менен! Орусия эркин болот! Орусия эркин болот!

Бул митингге белгилүү миллиардер-ишкер Михаил Прохоров менен мурдагы каржы министри Алексей Кудрин келди.

Алексей Кудрин да сөз сүйлөп, кайра шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чакырыктарды колдоорун белгиледи:

- Мен бүгүн бул жерде адилет шайлоону жактаганым үчүн келдим. Мен бул шайлоонун жыйынтыгына макул эмесмин. Менимче буга ( шайлоого) жооптуулар жоопкерчиликке, атүгүл кылмыш жоопкерчилигине тартуулуусу керек. Чуров ( БШКнын башчысы) кызматтан чегиниши
абзел.

Москвадагы митиг

1/35
Москвада өткөн "Таза шайлоолор үчүн" деген митингге он миңдеген адамдар катышты, 24,.12.2011
2/35

3/35

4/35

5/35

6/35

7/35

8/35

9/35

10/35

11/35

12/35

13/35

14/35

15/35

16/35

17/35

18/35

19/35

20/35

21/35

22/35

23/35

24/35

25/35

26/35

27/35

28/35

29/35

30/35

31/35

32/35

33/35

34/35

35/35

Артка
Алдыга

Ал эми Санкт-Петербургдун Пионер аянтына баштапкы маалыматтарга караганда, бир жарым миңдей киши келген. “Интерфакс” агенттиги шаардын полициясына шилтеме жасап, полиция демонстрацияга барган бир нече “чагымчыларды” кармаганын билдирди.

Москва менен Санкт-Петербургга чейин демонстрациялар Орусиянын Ыраакы Чыгыш менен Сибирдеги Владивосток, Хабаровск, Томск, Иркутск, Новосибирск, Красноярск, Чита, Оренбург, Астрахан жана башка шаарларында өткөн. Адатта, аба-ырайы ызгардуу бул шаарлардагы демонстрацияларга бир нече жүз гана киши келишкен.

Кайра шайлоону талап кылган митингдер бүткүл Орусия боюнча мындан эки апта мурун, 10-декабрда да өткөн. Орус оппозициясы көз карандысыз байкоочулардын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча далилдерине таянуу менен премьер- министр жана президенттикке кайра аттанып жаткан Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 4-декабрдагы добуш берүүдө бурмалоолордун натыйжасында гана жеңишке жетишти деп ырастоодо.

“Бирдиктүү Орусия” 4-декабрдагы шайлоодо биринчи орунду ээлегени менен топтогон добуштарынын пайыздык көрсөткүчү мурдагыдан аз болду. Кайра шайлоо жөнүндөгү чакырыктарга карабай ушул аптада Мамлекеттик думанын жаңы курамы ушул аптада ишке киришти.

Хабаровск шаарында Коммунисттик партиянын жергиликтүү бөлүмүнүн билдиргенине караганда, Комсомолск аянтында 300-400 адам жыйналды. Шаардык полициянын өкүлү болсо митингичлердин саны 40тай эле болгонун белгиледи.

Барнаул шаарында милиция бир нече демонстрантты, анын ичинде шаардык кеңештин мурдагы мүчөсү Сергей Мамаевди кармаган. “Таза шайлоо үчүн” деген акциянын уюштуруучуларынын айтымында, Барнаулдагы демонстрацияга 200-300 киши катышып, анда жаңы шайлоо өткөрүү чакырыктары айтылды.

Томск шаарында бүгүн Коммунисттик партиянын жана Сибирь Эмгек конфедерациясынын 30тай мүчөсү Ленин проспектисинде жыйналып, колдорунда “Бийликти партияларга эмес, элге!” деген ураандарды кармап турушту.

Кыйла ири демонстрациялар Москва менен Санкт-Петербургда өткөнү жатат. Орус маалымат агенттиктери баш калаанын Сахаров проспектисинде полиция күчтөрү көбөйтүлгөнүн кабарлашты.

Кайра шайлоону талап кылган митингдер бүткүл Орусия боюнча 10-декабрда да өткөн. Орус оппозициясы көз карандысыз байкоочулардын шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча далилдерине таянуу менен премьер- министр жана президенттикке кайра аттанып жаткан Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясы 4-декабрдагы добуш берүүдө бурмалоолордун натыйжасында гана жеңишке жетишти деп ырастоодо.

4-декабрдагы шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” биринчи орунду ээлегени менен топтогон добуштарынын пайыздык көрсөткүчү мурдагыдан аз болду. Кайра шайлоо жөнүндөгү чакырыктарга карабай, Мамлекеттик Думанын жаңы курамы ушул аптада ишке киришти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG