Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

«Узак жол жүрүп Карагандыга бардык»


Карлаг музейи.
Карлаг музейи.

Үкүбай Турумов - сталиндик репрессиянын кийинки толкунуна туш келгендерден.

Таласта иштеп турганда «эл душманы» катары кызматтан четтетилип, партиядан чыгарылып камакка алынган. Карагандыдагы айтылуу КарЛАГда жаза мөөнөтүн өтөгөн. Түрмөдөн келгенден кийин чарбалык жумуштарда иштеген.

Партиянын жалындуу үгүтчүсү

Үкүбай Турумов 1914-жылы Кочкордун Ак-Жар айылында төрөлгөн. Бирок да Казакстандагы репрессия болгондордун тизмесинде анын 1913-жылы туулганы көрсөтүлгөн.

Үкүбай атанын кызы профессор Лайли Үкүбаеванын айтуусунда, атасы Жумгалда төрөлгөн экен. Жетишпеген турмуштун айынан, анын үстүнө атасынан эрте ажырап, апасы кичинекей баласын бооруна кысып Кочкордогу төркүндөрүнө келе берген.

Тестиер чагында айылда ачылган мектепте окуп, 1929-жылы Фрунзедеги айтылуу Кыргыз педтехникумуна өтүп, үч жыл баш калаада билим алган. Мына ошол билими менен Кочкор райондук агартуу бөлүмүндө инспектор, анан согуш башталганга чейин райондук гезитте жооптуу катчы болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш кезинде партиялык кызматка өтүп, Кочкор райондук партия комитетинин үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы, анан 1943-1944-жылдары ушул эле райондун аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Анан райондук аткаруу комитетинин жетекчиси 1944-жылдан партиянын Быстровка райкомунун биринчи катчысына көтөрүлгөн. Азыркы Кемин району ал кезде ушундай аталчу.

1945-жылдан 1947-жылга чейин Кыргызстан КП Буденный райондук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. Мына ушул жерде ал сталиндик катаал жазанын тузагына илинген.

Кандай да болсо район жетекчисин кызматтан алып түшүүнүн аракетине өткөн каршылаштары ага өтө эле оор айып тагып, «тоголок арыз» жазышкан. «Сталинди сындаган ырды ырдаган, улуу жолбашчыны мазактаган» дешкен.

Анын буга чейинки эмгеги, коммунизм менен Сталинге берилгендиги, Москвадан берилген «Ардак белгиси» ордени, толгон сыйлыктары, райкеңештин депутаттыгы – баары тыйынга арзыбай, «улутчул» аталып, партия катарынан чыгарылып, 1950-жылы камакка алынып, кийинки жылы «эл душманы» катары 7 жылга эркинен ажыратылган. Ким билет, кылычынан кан таамп турган 1937-1938-жылдар болсо Үкүбай Турумовдун тагдыры башкача чечилет беле?! Сыртта башка учур, улутчулдар менен «эл душмандарын», троцкийчилер менен бухаринчилерди, алашордочулар менен туранчыларды аянбай атып салчу катуу кол бийлик азыноолак жумшарып, бирок душмандарын дагы эле катаал жазага тартып турган. Ошентип Үкүбай Турумов - коммунисттик идеологиянын берилген үгүтчүсү, партиялык иш үчүн убакты-саатын аябаган кызматкер - кылмышкерге айланып, оор жазага кириптер болгондор кармалчу кадимки Караганды лагерине, анын жумушу катаал Жезказган кенине айдалган.

Жети жыл - айтканга жеңил болгону менен кыйла эле оор мөөнөт. Анын үстүнө кайсы бир каршылаштардын жашырын катынын негизинде айыпка жыгылып, ак жеринен күнөөлөнүп аткан адам үчүн бул убакыт өтө эле узак, анан да оор болчу. Анткен менен Сталиндин көзү өткөндөн кийин совет коомунда буга чейинки жасалган үрөй учурчу кылмыштардын бир тобу ачык айтылып, катаал системаны түзгөн өкүмдардын этегине намаз окуп, аны айга-күнгө теңөөгө тыюу салынып, ак жеринен куугунтукка кабылгандардын кыйласы бошотула баштаган. Ошондой жеңилдик келе баштаган чакта Жезказгандагы түрмөдө олтурган Үкүбай Турумовго аялы кичинекей кызын алып жолугушууга барган. Лайли Үкүбаева эже анда кичинекей кыз, апасы күн алыс атасынын атын айта берип, аны көрө элек кызынын кулагына куюп, көндүрүп койгон. Лайли эже кичинекей кезиндеги атасы менен жолугушууну азыр да эстейт:

Лайли Үкүбаева.
Лайли Үкүбаева.

«Менин атам Турумов Үкүбай алгачкы партиялык-советтик кызматкерлердин бири болгон. Үч жашында жетим калган. 1947-1949-жылдары Таласта Буденный районуна биринчи катчы болуп барган. Репрессиянын экинчи толкуну, «эл душмандарын» издеп аткан учурга туш келип, ошол жердик кишилер чогулуп «мас болуп алып Сталинге каршы ырдады» деп кат жазып, он чакты киши кол коюп карматып койгон. 1949-жылы кызматтан алып, 1950-жылдары каралап, жети жылга кесип ийишет. Карагандынын Жезказганында жети жыл бою катуу режимде түрмөдө отурган. Акыркы жылдары конвою жок түрмөгө чыгып, ошондо үй-бүлөсү менен жолуктурууга уруксат беришкен. Апам мени алып, ага чейин өзү да бир барып келген экен, ошол жерге барганбыз. «Кызымды сагынып атам» деген экен, мен алты жашар болчумун, апам мени алып Казакстанга барганбыз. Поюз менен эки-үч сутка узак жол жүрүп Карагандыга бардык.

Түрмөнүн ичинде бир короодо узун үй бар экен. Ошондо жашатат экен. Жашап аттык. Биз барганда Казакстандан ушу мен курактуу бир кызды атасына учураштырганы алып келген экен. Ал ыйлап эле атасына жолобойт. Анан мени алып барат. Экөөбүз ойнойбуз. Атам тууралуу айта бергенденби, «атаң ошол жакта» дегениненби, мен анча жатыркабадым. Кийин апам айтып атпайбы, минтип ырдай берчү экемин:

«Ата, Балкашта эмнең бар эле?

Мендей кызын бар беле?

Апамдай апаң бар беле?

Чоң апамдай апаң бар беле?» депчи.

«Кызың ушинтип атат» деп апам атама кат жазып ийсе атамын жооп төрт сап ыры эсимде калыптыр.

«Сагынып алтын кызым жазыптыр кат.

"Атаке, келгиниң" деп ашыга бат.

Колумда эркиндигим менде болсо,

Зыпылдап учар элем ошол замат» деп жазган каты бар.

Бардык, ошентип. Ал жердегилер атама «кызыңды сыртка чыгар, биз да көрөлү, балабызды сагындык» дешип... Алигече эсимде, кара купайкечен кишилердин узун катары, атам мени көтөрүп алган. Көпөлөктүкүндөй желбиреген көйнөгүм бар эле. Тигилер «чурка, чурка» деп кол булгашты. Мен чуркап баратсам милиция бирдеме деп калды окшойт. Анан токтоп калдым эле тигилер бир нерсе деп айтышты, анан кайра чуркадым. Мени бир колоннанын бардыгы башынан-аягына чейин өөп чыгышты. Этегиме толтура тыйын, акчаларын салышып, этегим толтура акча болуп калды. Чогуу жаткандар «кызыңды көрөлү» деп суранышкан экен. Балдарын сагынганын менден чыгарышты окшойт, байкуштар. Анан эң аягында атам чуркап барып мени тосуп калды».

Жеке адамга сыйынуу айыпталып, совет коому жаңылануунун зарылдыгын сезе баштаган чакта, 1956-жылы Үкүбай Турумов түрмөдөн бошоп айылына келген. Лагердеги оор жумуш, алты жылга созулган абактын азап-тозогу анын коммунизм, Сталин, жаркын жашоо тууралуу көз карашына олуттуу дегидей өзгөртүү деле киргизе албаптыр. Москвага улам-улам жазылган арыздарынын аркасы менен партиялыгы калыбына келтирилип, акыйкат акыры анын короосуна да башбакты.

«Аны силер билбей эле койгула!»

Түрмөдөн келгенден кийин ал Кочкор районундагы Ак-Жар колхозунун кара жумуштарынын кыйласында иштеп, кийин жылкычы болуп турган кезинде эмгектеги жетишкендиктери үчүн 1958-жылы Москва жана Фрунзе шаарындагы эл чарба кѳргѳзмѳлөрүнө катышкан. Баарынан да аны чындап кубанткан окуя 1959-жылы болуп өттү - Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун кийлигишүүсү менен Кыргыз ССРинин Жогорку соту Турумов Үкүбайдын күнѳѳсү жок деп таап, толук актады. Ага улай КПССтин мүчѳлүгү калыбына келтирилип, партиялык билети кайтарылды.

Үкүбай Турумов кайрадан мурдагы ишине кайтты. 1959-1960-жылдары Ак-Жар колхозунун партиялык уюмунун катчысы, андан соң «Москва» колхозунда уй фермасынын башчысы, аягында Ак-Жар сегиз жылдык мектебинде чарба башчысы болуп иштеди. 1963-жылы райондук партиялык конференцияда КП Кочкор райкомунун мүчѳсү болуп шайланган. Ал өзү калыстыктын кайтып келерине ишенчү. Эртеби-кечпи акталарына, партия менен өкмөткө бир да жолу кара санабаганына, өмүрүн арнаган ишинин акыйкаттыгына бекем ишенип жүрүп өтүп кеткенин кызы Лайли Үкүбаева эскерип отурат:

«Кийин атам келгенде мен чоңоюп калгам. «Ата, Сталин жаман киши турбайбы, силердин баарыңарды камаган экен» дей берчүмүн. Атамдын жакшы китепканасы бар эле. Ленин менен Сталиндин жазгандарын чийип окуп отурчу. «Эмнеге окуйсуз?» десем атамдын бир айтканы бар. Ошол сөзү эсиме уюп калды. Сталинди жаман көрчү эмес. «Ой, бу Сталин «чыныгы эл душмандарын жазалагыла, кыргыла» деген да. Ошонун аркасы менен бизге окшогон эч күнөөсү жок кишилер камалып кетти. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» болуп тыңыраактардын баарын жергиликтүүлөр эле бизди ошол жакка жөнөтүп койду. Алар эмне, биз менен иши болуптурбу» дечү.

Коркуп калган кишилер да. Көп ачылып айтчу эмес. Анан эгемендик болгондо Калыгул, Арстанбектердин китеби чыкпадыбы. Ошолорду көтөрүп алып бардым. Ал кезде ден соолугу жакшы болбой ооруп калган. «Ата, эми ачык заман болду. Мурда көп нерселерди айтчу эмес элеңиз. Айтып бербейсизби. Мына мобуреки китептер чыгып, баары ачык болуп атат» десем: «Эми балам, ден соолугум болбой калды. Тарыхтын барактарында жазылып калгандыр, ошондон окуп аларсыңар» деп койду. Андан мурдараак мен студент кезде барып сурасам чечилип айтып берчү эмес. Көңүлү калып калган да. «Аны силер билбей эле койгула» дечү. Ал учурда да идеология ошондой эмес беле».

Үкүбай атаны жети жылга Караганды жаза өтөө эмгек лагерине – КарЛАГга жөнөтүшкөн. 1930-1959-жылдары бул СССРдеги эң ири жаза өтөө мекемеси, СССР НКВД системасындагы катаал абактардын бири болгон. Түрмө Казакстандын Караганды облусунда, шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Лагерге Балхаш менен Жезказганга кетчү темир жол аркылуу барышчу.

Казакстанда «Голощекин ачарчылыгы» деген ат менен белгилүү болгон оор жылдары темир жол боюндагы Долинка шаарчасынын жашоочулары ар кайсы жакка кетип калышкандан кийин бош жер түрмөгө айландырылып, кийин ал опсуз көп аймакты ээлеген, шарты катаал жаза өтөөчү жай болуп калган.

Үкүбай Турумовго чейин КарЛАГда кыргыздын белгилүү окумуштуулары Зияш Бектенов, Ташым Байжиев жаза мөөнөтүн өтөшкөн. Ташым Байжиев оорусунун айынан ушул жерде каза болгон.

Караганды лагери 1959-жылы жабылган. Үкүбай ата башынан өткөн оор мезгилди эстегиси келбей, аны сурагандарга айтып берген эмес экен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG