Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Путин Кыргызстан, АКШ, Сирия тууралуу


Президент Путин жыл соңундагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 23.12.2016
Президент Путин жыл соңундагы маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 23.12.2016

Орусиянын президенти Владимир Путин 23-декабрда Москвада жылдык маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстан, АКШ, Сирия, өлкөнүн өзүндөгү актуалдуу маселелер туурасында суроолорго жооп берди.

“Эмне үчүн Евразиялык экономикалык биримдик ага мүчө бардык мамлекеттерге бирдей пайдалуу болгон жок? Кыргызстанда, мисалы, ага ишенген дыйкандар банкрот болушту” деп жергиликтүү журналист сураганда, Владимир Путин күнөөнү Бишкектин өзүнө оодарды.

- Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөр үчүн биз жүргүзүп жаткан интеграциялык иштер абдан пайдалуу. Анын ичинде Кыргызстанга дагы. Бул өлкөнүн Казакстан, Орусия менен мамилелеринде айрым кыйынчылыктар бар. Айыл чарба тармагын алсак, Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жагынан проблемалар бар. Биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Казакстан да ошентет деп үмүттөнөбүз. Кантсе да, биз өз базарыбызды текшерилбеген, стандарттарга жооп бербеген тамак-аштан коргошубуз керек.

Президент Путиндин айткандарынан улам биз кыргыз өкмөтүнө караштуу фитосанитардык көзөмөл инспекциясынын жетекчиси Калыс Жумаканов менен байланышып, кыргызстандык фермерлер качан өндүргөн жер-жемишин Орусия, Казакстанга тоскоолдуксуз экспорттой алат деп сурап көрдүк. Жумаканов жакында эле ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кыргызстанга барып, фитосанитардык көзөмөл иштери менен таанышып, көрүп кетишкенин, ортодо аз гана чечилбеген маселе калганын, баарынан башкысы Казакстан чек араны качан ачат деп күтүп атышканын айтты.

Ошондой эле Кыргызстандан сүт азыктарын Казакстан менен Орусияга экспорттоо быйыл былтыркыга караганда 3 эсе көбөйгөнүн, балык, бал ташыла баштаганын, азырынча эт азыктарын экспорттоо чечилбей жатканын кошумчалады.

Москвага кайтсак, жылдык маалымат жыйынында Владимир Путин Сириядагы аскердик операциянын ийгилиги Түркия, Иран, Сириянын жетекчилери бирдей ниетте болгондуктан гана мүмкүн болду деп басым жасады.

- Алепподон элди тынч жактарга көчүрүү эл аралык гуманитардык операциясы өз нугунда жүрүп жатат. Бул иш Түркиянын өкмөтү, түрк президенти Эрдогандын, Ирандын президенти Роуханинин, биздин активдүү кийлигишүүбүз болбогондо турмушка ашмак эмес. Албетте, Алеппону бошотуу Сириянын президенти Башар Асад менен анын шакирттеринин чын ниеттен кызматташтыгы болбосо мүмкүн болбойт эле. Ушул форматка талап бар экенин Сириядагы кырдаал айгинелеп турат, ошондуктан дал ушул багытта мындан ары аракеттене бермекчибиз.

Орус президенти АКШ менен алакалар азыркыдан начарлашы мүмкүн эмес экенин белгилеп, Барак Обаманын Кремль Америкадагы президенттик шайлоого хакерлик чабуул уюштуруп кийлигишти деп айтканын демократтардын президенттик шайлоодо гана эмес, Конгресстеги кош палатага да добуш берүүдө утулуп калганына актанып, күнөөнү башка жактан издөө далалаты деп мүнөздөдү. АКШнын шайланган президенти Дональд Трампты кыйын саясатчы катары мактаган Путин: "анын жеңээрин залда отурган силер жана мен алдын-ала билгенбиз, бизден башка эч ким ишенген эмес" деп жыйынга келгендерди күлдүрө кетти.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG