Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:02

Менчик зоопаркы бар чех


Таштай оор ташбака Иржи Каркосзканын колунда
Таштай оор ташбака Иржи Каркосзканын колунда

Зоопарк сөзсүз эле чоң шаарларда болуш керекпи? Мындай түшүнүккө Европанын толтосунан орун алган Чехиянын түндүгүндөгү Стежери кыштагындагы айбанаткана сыйбайт.

10 миллион калктуу Чехияда ондон ашык чоң зоопарк бар. Алардын эң үлкөнү - Прага зоопаркы дүйнөдөгү мыкты деп таанылган 10 зоопарктын бири. Деңиз жана океандардын түпкүрүндөгү жандыктар үчүн Чехияда эки аквариум да бар. Ал эми 10-15 жапайы айбанат же суу жандыктары кармалган жеке менчик айбанатканалар менен аквариумдар да бир топ. Ошого өлкөдөгү зоопарктар арасында атаандаштык күчтүү. Бирок да айбанаттарды сүйгөн адамга эч нерсе тоскоолдук боло албайт экен. Андай адамдар пайданы эмес, жандык ырахатын издешет. 34 жаштагы инженер Иржи Каркосзка ошондой сүйгөн иши үчүн жанын канжыгага байлаган инсандардан.

Стежери Чехиянын түндүгүндөгү чакан кыштак. Соңку маалымат боюнча, кыштакта 1792 адам жашайт, бир бала бакчасы бар. Мектеп курагындагы балдар сыртка барып окушат. Бирок бул кыштакта жеке менчик зоопаркы, айбанатканасы бар.

Биз кар баскан бир машине батчу жол менен Zoopark деген жазуусу бар көрнөктөрдү ээрчип, заңкайган кооз таш үйгө жеткенде маараган улактардын жана аңкылдаган эшектин үнү угулду. Тамдын башында кооз канаттарындагы тоңгон карды байкабай эки тоос шокшоюшат. Татынакай эки кабат үйдүн адеми жасалган темир эшигинде ECO centr деген көрнөк илинген. Кыз ээрчиткен келин өзүн Луция Каркосзка деп тааныштырып, сарайга ээрчитип жөнөдү.

Эко борбор
Эко борбор

Сыртта Түштүк Америка лемуру жана Австралия штраусу кардан чыйрыккансып, тунжурагансып турушат. Ал эми эки-үч кийик 5 градус суукту тоготпой акырга салаңдап байлаган чөптү жешүүдө. Темир капастагы Канада илбирси аязда да салабатын жазбай каадалуу ары-бери кадам таштайт.

Сарайдын ичинде төөлөр, шотландиялык эргежээл ат-понилер, ала таргыл куландар өз тиричилиги менен алек. Пани Луция төөлөрдүн тушуна келип: Daj mne pusu, деди эле төөнүн ботосу энесинен озо мойнун созуп, келинди бетинен өөп эркеледи.

Төөнүн ботосун туулгандан эле жакшы көрөбүз,-деди пани Луция чөл кемелерин баштарынан сылап.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:26 0:00
Түз линк

Сарайдан сыртка чыксак, айдың талаа бети Күнгө жаркырайт. Жумушчулар айбанаттарды сыртка чыгарып, макулуктар акырдагы азыктарын шам-шум этишүүдө.

Бу тушта айбанаткананын эгеси Иржи Каркосзка да келип калды. Ал бизге обол өзү жашаган үйдүн бет маңдайындагы узун тамдагы Мадагаскар лемурун көрсөттү. Эки маймылдын биринин аты Пинк-понк, экинчиси Белла. Лемурлар, Түштүк Америка тотукуштары, ташбакалар узун далистин эки жагындагы бөлмөлөрдө жашайт. Аларды көргөн Каркосзканын 5 жашар кызы сүйүнүчү койнуна батпай жүрөт. Иржи мырза жандыктарды багуу өзгөчөлүгү жөнүндө кепке кирди:

Суу астындагы крокодил
Суу астындагы крокодил

- Ар бир жандыкка өзүнчө мамиле керек. Өзгөчө тотукуштарга. Аларды жылуу жерде кармоо зарыл. Баарынан куландардын чыгымы чоң. Илбирсти жанагы сиздер көргөн капастагы коёндор менен багабыз. Дагы имараттарды жылуу кармаганга көп акча керек. Тамак жагы проблема эмес. Тегеректеги чарбалар жашылча-жемиштерди жана башка азыктарды такай берип турушат. Аларга алкыш.

Тотукуштар жаңгак жана каштанды өздөрү чагып жешет. Маймылдардын тамагы: жашылча, мөмө жемиштери, жаныбарлар үчүн атайын тамак-гранул, балдар жечү топчудай май токочтор. С витамини көп цитрус өсүмдүктөрүн бергенге болбойт. Маймылдарга күнүнө эки жолу тамак берилет.

Иржи мырза ата-энеси жашаган үйдө билектей крокодилди сууруп чыгып, бирок бултаңдаган макулукту кармай албай колунан чыгарып жиберди. Столдун астындагы крокодилди куйруктан шап кармап, анан кекиртектен алганча эгесинин алканына эки жолу азуу салып жиберди. Жылчыган канга этибар карабай, Иржи мырза крокодилди энеси сүйгөн тентек баладай этият колуна алып, аквариумга салды да сөзүн улантты.

- Мени бала кезимден айбанаттарды чогулта баштагам. Адегенде жылан, анан тотукуш сатып алгам. Анан башка дагы жандыктарды сатып алып, алар үйдө көбөйө берди. Ата-энем мени колдошуп, жардам беришти. Ушинтип бүт жашоом жаныбарлар менен өтүп жатат.

Пани Луция кызы менен
Пани Луция кызы менен

Иржи жана Луциянын өз ара таанышып, анан баш кошуусуна тотукуштар себерчи болуптур.

- Луция атасы менен тотукуштарды багуу боюнча кеңеш сурап келип, ошо бойдон мени менен калып калды.

Секелек кезинен үйүндө жапайы куштарды кармаган Луция күйөөсүнүн сөзүн колдоп:

- Эң башкысы, биз экөөбүз тең айбанаттарды жакшы көрөбүз,-деди банктагы кызматын айбанатканага алмаштырган келин.

Иржи өзү адегенде зооветеринардык техникумду бүтүп, кийин университеттин Айлана-чөйрөнү коргоо факультетин аяктаган. 2016-жылы июнда айбанаткананын базасында Экологиялык борбор ачылган. Анын максаты тууралуу Иржи Каркосзка буларды айтты:

- Бул алдында чакан зоопаркы бар ЭКО борбор. Праганын же Либерецтин зоопарктары чоң территорияны ээлейт. Биздин айбанаткананын жалпы аянты 3 гектарга жетип-жетпейт. Ошого муну мен зоопарк деп атай албайм. Мен үчүн зоопарк такыр башка нерсе. Бул чакан жерде антилопа, пума, Мадагаскар маймылы-лемур, тотукуш, Канада илбирси, крокодил жана башка жандыктар бар. Мунун баары мен үчүн эрмек. Биз ушу айбанаткананы пайдаланып, бала бакчалар, мектептер, жаш балалуу энелер үчүн атайын программа уюштурабыз.

Балдарды өзүбүздүн Градец Кралово крайынан, коңшулаш Пардубице крайынан алып келишет. Биздин кыштак крайдын борборунан чакырымдай жерде жайгашкан. Ата-энелер, өзгөчө, бала менен үйдө отурган энелер балдары менен келишип, айбанаттарды сылап ойношот. Алар менен жакындашат. Билбеген жаныбарларын билишет. Балдарды табиятка жакын кылуу - бул биздин максатыбыз.

5 жашар Юстина Каракосзка (солдо) аттарды сейилге чыгарганга жардамдашууда
5 жашар Юстина Каракосзка (солдо) аттарды сейилге чыгарганга жардамдашууда

Иржи мырза мурда айбанаткананы өз акчасына кармаса, Эко борборду ачкандан кийин Европа Биримдиги грант берген. Ал грант айбанаткананын чыгымынын теңин жабат. Айбанаткана ачам деген адам үчүн баарынан да маанилүүсү эмне? деп сураганымда, негизгиси акча эмес, сүйгөн ишиңди кылуу, -деп улантты кебин ал.

- Эң негизгиси коркпош керек. Анан да максат кылган ишиңди кылчактабай эрте баштооң шарт. Орусияда зоопарктар көп ачылган. Силерде Кыргызстанда зоопарк барбы?

Иржи мырза Нарынга аркар атканы барганын, бирок катуу суукта кыйналган аркарларды көрүп, атпай кайра келгенин сөз ортосунда кыстара кетти.

Айбанатканада бардыгы жети-сегиз адам иштейт. Тактап айтканда, төрт жумушчу жана Иржи өзү, аялы, атасы. Жай айларында жумуш кызыган маалда кошумча жумушчу алышат. Менчик айбанаткана кышкысын ишемби күнү, жай, жаз, күз айларында апта бою иштейт. Кирүү баасы чоңдор үчүн 60 крон (АКШ доллары менен 2,50) жана балдарга 40 крон (2 долларга жетпейт).

Стежери кыштагынан узап баратып, Кыргызстанда да Иржи Каркосзкадай бир азамат айбанаткана уюштурса, балдарга жакшы болмок деп кыялдандым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG