Жылдын 20-аптасынын көз ирмеми

Игорь Титовский, Украинанын «Азов» полкунун офицери. Ал Орусия менен кезектеги туткун айырбаштоодо бошотулду.

Европа Биримдигинин Босния жана Герцеговина боюнча күчтөрүнүн (EUFOR) жоокерлери күзөттө. Борбор калаа Сараевонун чет жакасында жайгашкан Бутмир лагери.

Ооганстандык зыяратчылар ажылык сапарга жөнөп жатышат. Сауд Арабиясына учакка отуруп жаткан зыяратчылардын сүрөтү Кандагар аэропортунан тартылган.

Толгон Ай. Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын борбордук бөлүгү. Исаакий собору.

Пакистандык окуучулар өлкөнүн аскерлерине Индия менен тирешти токтотууга тилектештигин билдирүүдө. Лахор шаары, 12-май. Пакистан менен Индия ортодогу Кашмир аймагына байланыштуу талаштан улам чыккан кезектеги чыңалууну жайгарган соң мектептер кайра ачылып, иштей баштады.

Ооганстандын Бадакшан провинциясындагы Файзабад аймагы. Апийим талаасында иштеп жаткан жергиликтүү тургун.

Сербиянын борбор калаасы Белград. Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Коштаны тосуп алууга даярдык. Колуна шыпыргы кармаган жоокер кызыл килемди тазалап, даярдап жатышкан учурда сүрөткө тартылып калган.

Украинанын борбор калаасы Киев. Эркиндик аянтында танкка каршы коюлган тосмолор.

Албаниянын өкмөт башчысы Эди Рама Украинанын президенти Владимир Зеленскийди тосуп алды. 16-майда бул өлкөнүн борбор калаасы Тиранада европалык саясий коомчулуктун саммити өттү. Скандербег аянты.

Киевдеги көрүстөндөрдүн биринде 15-майда тартылган сүрөт. Бул күнү Украина жыл сайын Элдик сайма күнүн белгилеп, улуттук сайма сайылган кийимдерин кийишет.

Украинанын Вишиванка (сайма) күнү. (День вишиванки)

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери көптөгөн шаар-кыштагы тыптыйпыл болду. Донецк облусундагы Марьинка шаарындагы урандылар.

18-майда Румынияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Персани шаарындагы добушканалардын биринде.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров баштаган украин делегациясы 16-майда Стамбулда орусиялык делегация менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.