Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Оренбургдагы кыргыз изи

Орусиянын Оренбург шаарындагы бул имараттардын кыргыз тарыхына түздөн-түз байланышы бар. Советская көчөсүндөгү 2-үйдө 1920-1925-жылдары Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитети жана Эл комиссарлар кеӊеши жайгашкан.

Орус падышалыгынын Оренбургдагы казначействосу үчүн курулган бул имарат учурда край таануу музейи. Падышалык бийликтин тушунда жана большевиктердин өкмөтү келгенден кийин да бул имараттын бир бөлүгү гауптвахта (жаза өтөөчү жай) катары кызмат кылган. Бул жерде
белгилүү мамлекеттик ишмер жана кыргыздын көрүнүктүү уулу Жусуп Абдрахманов саясий айып тагылып жаткан.

Сүрөттөрдү окурманыбыз Абдыжапар Нурдинов жиберди.

XS
SM
MD
LG