Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

12:55 14.10.2020

Садыр Жапаров: - Шайлоо боюнча коом, баардык тараптар менен кеңешип чечели. Бүгүнкү мыйзамдар менен кайра шайлоо өткөрөлү деп жатышат, 4-октябрдагы шайлоону жокко чыгарбай, талаш жараткан үч партияны четтеткиле деп жатышат. Азырынча так пикир айта албайм, кеңешели, ар бир нерсе чечим мыйзам чегинде болушу керек. Кепилдик берем, таза шайлоо өткөрөм. Добушун саткан да, сатылгандар да жазаланышы керек.

13:05 14.10.2020

Депутат Каныбек Иманалиев: - Президенттик башкаруу, 55 депутатты калтыруу - бул оюңуздан кайтыңыз. Конституциялык реформага баруу азырынча эрте, депутаттар менен кеңешиңиз.

13:11 14.10.2020

Премьер-министрликке талапкерлиги парламентте карала баштаган Садыр Жапаров өкмөттүн курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирди.

Анын айтымында, биринчи вице-премьерликке мурдагы экономика министри Артем Новиков, вице-премьер-министрлик кызматтарга Равшан Сабиров, Максат Мамытканов жана Аида Исмаилова сунуш кылынып жатат.

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү болуп Бактыбек Аманбаев өкмөттүк аппаратка жетекчи, Кыялбек Мукашев Финансы министрлигине, Бакыт Бердалиев Транспорт жана жол министрлигине, Марат Жаманкулов Юстиция министрлигине, Руслан Казакбаев Тышкы иштер министрлигине, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигине, Бообек Ажыкеев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине, Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министрлигине, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин жетекчилигине сунуш кылынып жатканы белгилүү болду.

13:16 14.10.2020

Депутат Жанар Акаев: - Сиз түрмөдө саясий туткун болуп жатканда саналуу адамдар гана колдогонбуз. Ошол учурда сизди колдогондорду күндүз да чырак менен табуу мүмкүн эмес эле. Бүгүн кемчиликтерди айтып, сын айткан адамдарды куугунтуктабаңыз, парламентте оппозиция болушу керек. Жакшы иштеп жатсаңыз, реформа жүргүзүп, өлкөнү өнүктүрсөңүз колдоп, жардам берүүгө даярбыз. Кемчилик кетирсеңиз сын айтабыз, мактап-мактап, жардан ары түртүп жибергендерден сак болуңуз. Өлкөдө башаламандыкка жол бербеш үчүн сизди колдоп берүүнү чечтик. 5-октябрда 13 партиянын өкүлдөрү, 20 миңдей адам акыйкаттык издеп көчөгө чыкпаганда сиз балким азыр түрмөдө отурмаксыз. Аларды душман көрбөңүз. Митингде жарадар болгондорго компенсация берүү маселесин караңыз. Тарапташтарга кайрылып: "Мага сын айткандарды душман көрбөгүлө" деп ачык айтып койсоңуз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG