Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53
Садыр Жапаров. 16.10.2020.
Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Жапаров жаңы реформа баштай тургандыгын шардана кылды

Учурда Кыргызстандын өкмөт башчысы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан мурдагы оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаров өлкөдө реформалар боло тургандыгын тастыктады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрдагы нааразылык митинги башаламандыкка жана элдик толкундоого айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

Бир жумага созулган нааразылык иш-чараларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы ЖК төрагасы Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартаарын билдирген.

16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришкен өкмөт башчы Садыр Жапаров 5-6-октябрдагы окуялардан соң, 6-октябрда тарапташтары тарабынан абактан бошоп чыккан.

Садыр Жапаровдун өлкөдө реформалар боло тургандыгын, жемкорлорго каршы күрөш чыңдалаарын шардана кылышын анын тарапкерлери шаттана колдоп чыгышты, ал эми анын сынчылары болсо эгерде ал кеңири демократиячыл катмарлар менен кызматташа албаса жана алдыдагы парламенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылбаса, анда анын реформа аракети туңгуюкка кептелиши ыктымал деген күмөндөнгөн пикирлерин билдиришүүдө.

12:48 14.10.2020

Садыр Жапаров: - Темирлан Султанбеков өңдүү адамдарды мен каматкан жокмун. Акыркы күндөрдөгү камоолорго тиешем жок. Мен "ал балдарды чыгарып койгула" деп сунуш кылдым.

12:46 14.10.2020

Садыр Жапаров: - "Каралар" менен күрөшүүгө жардам бергиле. Баарыбыз чогуу күрөшөлү. Саясий куугунтук болбойт. Мага окшоп куугунтукту көргөн адам болбосо керек.

12:42 14.10.2020

Садыр Жапаров өкмөттүн кабинети 20 пайызга гана өзгөртүлгөнүн билдирди.

12:38 14.10.2020

Жогорку Кеңеш премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн Садыр Жапаров өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы менен тааныштыра баштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG