Алар Ош облусуна караштуу, Алай районунун Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган. Жергиликтүү бийлик боордошторду тамак-аш, отун менен камсыз кылып жатат.
Памирден Алайга келген боордоштор
Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй бүлө өз демилгелери менен көчүп келген.
1
Абдулнасир Эмин уулунун үй-бүлөсү. Азыркы аялынан (Шаарбүбү) үч баласы, мурдагы аялынан үч баласы бар. Бир уулун үйлөндүрүп, Памирде калтырган.
2
Абдулнасир Эмин уулу 46 жашта.
3
Шаарбүбү Шажан кызы 40 жашта. Абдулнасирдин жубайы.
4
Турдубек Шамиридин уулу 19 жашта.
5
Памирлик кыргыздардын дасторкону нан, кант жана чай менен гана чектелет. Бирок өкмөт макарон жана күрүч менен камсыз кылганын айтышты.
6
Ооганбек Зайир уулу 47 жаштамын. Жубайы алты баласы менен келген.
7
8
9
Эркек кишилер менен чоң балдар өзүнчө, аялдар, кыздар жана жаш балдар өзүнчө мектепке катташат. Алардын баары орус тамгаларын (кирилица) тааныбагандыктан класстарга бөлүнгөн эмес.
10
Шамиридин Абдулазиз уулу 40 жашта Чоң-Памирде туулуп, кийин Кичи-Памирге келип отурукташып калышкан. Эки уулдун атасы, бир уулунун жол акысына каражат жетпей Памирде калтырууга аргасыз болгон.
11
Муса Абдулнасир уулу жети жашта. 1-класста окуйт.
12
Гүлчийра Абдулнасир кызы беш жашта.
13
14
Абдылкайым Насир уулу 23 жашта. Алты бир тууганы жана ата-энеси менен келген.
15
Алар үчүн Алайдын Талды-Суу айылынан бир гектардан ашык жер бөлүнүп, апрель айынан тарта үй курула баштайт.