(Сүрөттөрдү автордун уруксаты жок башка маалымат булактарына чыгарууга болбойт!).
Асманга жакын Памир кыргыздары
Антрополог Тобиас Маршалл 2015-2019-жылдар аралыгында Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоолорду байырлаган көчмөн эл менен 11 ай жашаган.
(Сүрөттөрдү автордун уруксаты жок башка маалымат булактарына чыгарууга болбойт!).

Памир кыргыздарынын балдары. Кичинекей баланын далысына ата-энеси тумар тагып коюшкан. Медициналык жардам алуу өтө сейрек кездешкен бул аймактагы жергиликтүү тургандар "тумар баланы оору-сыркоодон сактайт" деп ишенишет.



Курман айт күнү жайылган дастаркон. Тамак-аштын артынан конокторго жуурат, койдун куйругунун майы кошулган чай сунулат.

Памир тоолорунун боорундагы жалгыз аяк жол менен Гоз-Хуне өрөөнүнүн ылдый жагында жайгашкан базарды көздөй бара жаткан эки өркөчтүү төөлөр.


Жай аяктап жердин бетин муз каптаган учурда малга кышкы тоют чогултулат. Ал үчүн жергиликтүү тургундар сугат жерлердеги чөптөрдү колго оруп, чогултушат.

Нан, чай жана таш туз - памир кыргыздарынын кадимки нанүштөсү. Кээде гана дастарконго быштак коюлат. Кечки тамакка эт менен күрүч. Памир кыргыздарынын туура эмес тамактануусунан улам аларда жашылча-жемиштерден жана мөмө-жемиштен ала турган витаминдердин жетишсиздиги байкалат.

Самаат Хан Кыргызстанга жер которуп кеткен туугандарынын малын карап Памирде калган.


Ооганстандын түндүк-чыгышындагы тоодо жашаган көчмөн элдин боз үйлөрү.


Кыштоодогу топурактан салынган сокмо дубалдар тургундарды кышкы шамалдан сактаса, таштан тургузулган короо түнкүсүн малды жырткычтардан коргойт.


