Түндүк Корея Украинага каршы согушкан аскерлерин кантип даңазалайт?
Москвада көркөм сүрөт көргөзмөсүнө Орусиянын Украинадагы согушуна катышкан Түндүк Кореянын аскерлери тууралуу картиналар коюлду. Бир кезде Кремль түндүккореялыктарды да согушка салганы, алар майданда кырылып жатканы тууралуу маалыматтарды караманча калп жана фейк деп атап, четке каккан эле.

1
"Баа жеткис өмүрүмдү тартуулайм" деп аталган сүрөт. 2025-жылдын 8-октябры. Москва. Түндүк Корея искусствосунун көргөзмөсү.
Бул Орусиянын Украинага каршы согушуна катышкан түндүккореялык аскерлер тартылган айрым сүрөттөрдүн бири.

2
"Бир окоптун ичинде" картинасында түндүккореялык жана орусиялык аскерлер тартылган.
"Улуу элдин өлкөсү" деген аталыштагы көргөзмө Москвадагы Бүткүл орусиялык декоративдик искусство музейинде өтүп жатат.

3
Сүрөт "Чоң ийгиликтен кийинки кубаныч" деп аталат.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушуна Түндүк Кореянын аскерлерин да тартып жатканын 2024-жылдын октябрында Түштүк Кореянын чалгын кызматы айтып чыкканда Москва муну караманча калп деп, четке каккан эле. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалыматты фейк деп атаган.

4
"Майдандагы куралдаш".
Түндүккореялык аскерлер Украинага каршы согушка катышып жатканы тууралуу далилдер улам көбөйө баштаганда гана Москва быйыл апрель айында мойнуна алып, алар ошол кезде украин аскерлери ээлеп турган Курск облусунда салгылашканын билдирди.

5
Түндүк Корея өлкөсүнөн барган туристтер "Мекендин ар-намысы үчүн күрөшкөн баатырлар" деген сүрөттүн жанында. Сүрөттүн сол жактагы үстүңкү бурчунан православ чиркөөсүн көрүүгө болот.

6
Орусиянын жана Түндүк Кореянын президенттери Владимир Путиндин жана Ким Чен Ындын кол алышып түшкөн сүрөтү.
Москва түндүккореялык аскерлер согушка катышканын ачыктагандан кийин Пхеньян үчүн мындай кызматташтык үгүт куралына айланды.

7
Ким Чен Ын Орусиянын Курск облусунда курман болгон 101 аскерине арналган мемориал алдында. Пхеньян. Сүрөт быйыл август айында жарыяланды.
Түштүк Корея өз маалыматына таянып Курскиде каза тапкан түндүккореялыктардын саны 2 миңге жетерин билдирген.

8
"Биздин күч" картинасында Padasuri-6 ракетасы тартылган.
123 картина коюлган көргөзмөдө Курск облусундагы кармаштан тышкары Түндүк Кореянын жаратылышы, аскердик техникасы жана бул тоталитардык өлкөдөгү күнүмдүк турмушту идеалдаштырган сүрөттөр илинген.

9
Көргөзмөгө келгендер. Көрүүчүлөрдүн бул жердеги экспозиция тууралуу пикири бирдей эмес. Айрымдары сүрөттөр мактануу сыяктуу болуп калганын белгилешсе, кээ бирлери Москва менен Пхеньяндын ортосундагы азыркыдай мамиле утурумдук гана мүнөздө экенин, "Украинадагы согуш бүткөнчө гана" уланат деп эсептей турганын айтышты.