Орусиядагы шайлоо: урнага чачылган зеленка, Молотов коктейли
Орусияда 16-мартта президенттик шайлоонун экинчи күнкү добуш берүүсү уланууда. Шайлоо 15-мартта башталган жана 17-мартта аяктайт. 16-мартка караган түнү Казан шаарында президенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраган Борис Надеждиндин жергиликтүү штабынын башчысы Дмитрий Румянцев кармалганы кабарланды. Ага чейин анын Владивостоктогу, Ханты-Мансийскидеги, Челябинскидеги, Петербургдагы жана Чебоксарыдагы тарапкерлери да кармалган. Согушка каршы чыгып жаткан Надеждиндин тарапкерлери шайлоо тилкелеринин алдында туруп, шайлоочулардан сурамжылоо жүргүзүп жатышкан. Санкт-Петербургда шайлоо участкасында Молотов коктейлин ыргытышкан. Воронежде бюллетень салган урнага зеленка чачылган. "Голос" кыймылы участоктордогу көптөгөн мыйзам бузууларды байкашкан. Кемеров облусунда шайлоочуларга арак, Челябинскиде анализ тапшырууну сунуш кылышкан.
Чыгарылыштар
-
Февраль 23, 2025
Украина: От күйгөн согуштун үч жылын чагылдырган сүрөттөр
-
Февраль 23, 2025
Жалал-Абад: Театр күткөн көрөрман
-
Февраль 23, 2025
Украинада урушту көргөн “Азаттыктын” кабарчылары
-
Февраль 22, 2025
Жасалма интеллект жарышы: Кыргызстан эмне кылат?
-
Февраль 22, 2025
"Акын эркин болушу керек"
-
Февраль 21, 2025
ХАМАСтын согушкерлери өткөрүп берген сөөк боюнча талаш чыкты