Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Түз ободо Он бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.

19:52 12.3.2024

19:40 12.3.2024

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 12-марттын кечиндеги чечими менен “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкты.

Медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулду.

Редакция кызматкери, Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы эки айга камакта калды.

Ушуну менен 12-мартта он бир кишинин сегизи - “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, Азамат Ишенбеков, Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбековдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды.

Калган үчөө - долбоор кызматкерлери Сапарбек Акунбеков, Акыл Орозбеков үй камагына чыгарылды, ал эми мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыкты.

19:14 12.3.2024

Иликтөөчү журналист Актилек Капаров дагы 2 айга камакта калтырылды

19:12 12.3.2024

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG