Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:28

Олжобай Шакир: Сабаттуу эл саясатка аралашат


Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

  • Олжобай Шакир абактан жазган кезектеги катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун көркөм чыгармасы өзгөртүүсүз берилди жана ал "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Билим жана кыргыз

Билимге ээ болбогон эл эркиндикке кайдан ээ болсун? Адамзат тарыхына үңүлсөк, караңгы элдерди шордон алып чыккан агартуучулар болгон.

Бүгүнкү өнүккөн Финландия өлкөсүнүн тарыхында өз элин караңгыдан жарыкка жетелеп чыккан улуттук көсөм, улуу философ, ойчул публицист Юхан Вильхельм Снелмандын эле ишмердигин алалычы. Анын кажыбас кайраты, өжөр мүнөзү тунжураган караңгылыкта жаткан өз улутун ойготконуна таңгаласың. Караңгы элдин аң-сезимин, түшүнүгүн, сезимин өзгөртүү кандай оор, кандай азап?..

Кулдук аң-сезимге түбүнөн байланган финдерди өз эне тилин сүйүүгө үндөгөн мээнетин карап отуруп таң калам: бүгүнкү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Улуттук илимдер академиясынын тилчилери, Жазуучулар союзу же Билим берүү министрлигинин тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттери эмнеге жалгыз Снелмандын жанында шоона эшпейт?!
***
Снелман бир гана өз эне тилин өнүктүрүү менен чектелген эмес. Анын өз элине жаңы баалуулук, жаңы түшүнүктөрдү сиңирип, эркиндиктин жарчысына айланган кажыбас кайратычы? Финдердин улуттук иденттүүлүгүн, нарк-насилин, адеп-ахлагын, өзгөчөлүгүн, жаратмандыгын ойготуу үчүн жатып ичер жалкоо элин аарыдай мээнеткечтикке үндөгөн канаттуу сөздөрүчү! Өз элин турмушка жөндөмдүү, ийкем, эпчил, сезимтал кылып ойготуу үчүн ал калемин колунан түшүргөн эмес. Анын калеми өз улутун терең уйкудан ойготор сыйкырдуу ачкычка айланган! Снелмандын таасирдүү сөздөрү караңгы элдин уйкудагы көзүн умачтай ачып, анын кылган-эткен аракетинин баары улуттун сезимин “дүрт” жанган оттой саясый чоң күчкө айланган. Түпкүлүгүндө саясат менен иши жок караңгы элдин түшүнүгүнө саясат канчалык маанилүү экенин кумдай куйган публицистикалык эмгектеринде айтылган...

***

Бизде кандай? Акын-жазуучу, илимпоздор, агартуучулар, жалпы эле өнөр адамдары саясаттан алыс болгулары бар. Караламан калк жөнүндө сөз кылбай эле коёлу. Демек, саясаттан алыс коом мамлекеттин келечегин эртең деспоттордун колуна салып бергениби бул?! Коомдун алдыңкы өкүлдөрү саясатка аралашпаганы – демек, мамлекеттин ээси эл эмес, бийликтеги бир ууч топ деген кеп бул! Мамлекеттин келечегине, болочок муундун тагдырына кайдыгерлик бул. Мамлекет башкаргандар эртең элди каалагандай эзип, каалагандай шорлотконуна жол бергенибиз! Алыска барбайлы, коңшу мамлекеттер Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын хандык бийлиги жакынкы келечекте Кыргыз мамлекетинде тамыр байлап, кыртыш алышына кайдыгер болгонубуз анык ушул...

***

Сабаттуулуктун эң башкы көрсөткүчү – элдин саясатка аралашуусу. Сабаттуулукту биз 36 тамганы шыдыр окуу деп түшүнбөшүбүз керек. Билимдин эң чоң таасири – эл бийликти көзөмөлдөй алганында, бийликке талап коё билгенинде.

***

Эгерде биз үй курдуруу же үйдө ремонт кылдыруу үчүн уста жалдаган болсок, ар бирибиз устадан өзүбүз каалаган планды ишке ашыруусун талап кылабыз. Мамлекеттик кызмат деле дал ошол өз үйүбүздүн жерпайын, пайдубалын тургузуу сыяктуу. Эгер эл бийликтен ачык-айкындыкты талап кылса, демек, андай элдин алдында бийлик ар дайым кичипейил, ар дайым ийкем болууга аргасыз. Агер эл саясат менен иши жокпу, демек, андай элдин бийлигинде текебердик, тоготпостук пайда болот. Андай бийликтин өзүм билемдиги күчөйт. Эл өз бийлигине ээ боло албаганы бул.

***

Бизде күчтүү жарандык коом бар деп келдик эле, бирок жарандык коом бизде институционалдык деңгээлде иш жүргүзүүгө даяр эмес экен. Ошол себептен жарандык коомдун бийликке таасир этүүчү кудурети анча болбой, өлкөдө демократиялык баалуулуктар өз күчүн жылдан жылга жоготуп барат.

***

Эгер коомчулук, жалпы эле караламан калк бүгүнкүдөй абалда саясаттан оолак болууну гана көздөсөк, демек, биз өз ыктыярыбыз менен бийликти бир ууч топтун колуна салып бергенибиз. Бизде адеп-ахлактан ажыраган коомдук катмар бийлик тобунда экенин эске алсак, өлкөбүздүн эртеңинен үрөйүң учат. Мамлекеттин жерпайын түптөөдө ошолорго ишеним артабызбы?! Ансыз да саясат менен ишим жок, саясатка аралашпай эле коёюнчу деген түшүнүк менен келген коомубуз бийликтин кайсы сыйына, кайсы урматына татыды?.. Иттин мойнуна таккан каргыдай мамлекеттик сый-ургаалдарыбы?.. Андан өйдө мүдөө, андан өйдө баалуулуктарды эмнеге көздөбөйбүз?!

***
Өз мекенин сүйгөн ар бир жараныбыз мамлекеттик курулушка аралашкан уста сезиши керек өзүн! Юрист, экономист, сүрөтчү, төкмө акын, актёр, фермер, бизнесмен, кароолчу, дыйкан, малчы болобу – ар бири өлкө келечегинин устасы, куруучусу болгусу келсе, демек, коомдук-саясый окуяларга кайдыгер болбоого тийиш. Биз ошондо гана өзүбүзгө бакубат жашоо куруп, кубаттуу мамлекеттик дөөлөттү түптөйбүз!

***

Ар бир шайлоо өнөктүгү – коомдук тепкич. Коом тепкичтен тепкичке улам өйдөлөө үчүн шайлоодо өз добушун салууга жигердүү катышуу зарылдыгын түшүнсө, өз добушун коргой алса, биздин коом ар беш-алты жыл аралыгында тепкичтен тепкичке өйдөлөйбүз. Парламент курамындагылардын сапаты артат, элдин элегинен мыктылар гана өтө алган салтты, баалуулукту калыптайбыз. Агер шайлоодо менин добушум эч нерсе чечпейт деген түшүнүктөн арылбасак, азыркыдай жийиркеничтүү шылуундар, түркөйлөр мандатка ээ болгон көрүнүш далай кайталанат. Биздин саясый сабатсыздыгыбыздын акыбети, жемиши ошол болууда!
03.12.23

***

Мен өзүмө көп иш таптым дагы: эркиндикке чыкканымда эмне кылышты билем. Буга дейре “РухЭшти” агартуу айдыңы катары онлайн алкагында гана иштетип келсем, мындан ары өлкө боюнча айыл-кыштактарды аралап, акын-жазуучулар, котормочулар менен окурмандардын жолугушууларын, чыгармачыл кечелерин уюштуруу керек.
Коом агартуу жаатында дүйнө элдеринин өрнөгүн, ийгиликтерин чагылдырган кыйла адабияттар кыргызча которулуп, басылма ээлери да учур талабына зарыл адабияттарга басым коюп атышканы кубандырат.
Кыргыз акын-жазуучуларынын көбү жөө жомок жаратканы кала элек, бирок заманбап авторлор да жок эмес. Ишти ошолор менен бирдикте жүргүзсө болот.

***

Улуттун эс-акылы, уюткусу, көрөңгөсү дей турган авторлорубуз менен караламан калктын алакасы болмоюн элдин көңүлүн адабиятка буруу кыйын. Адабиятты биз тар түшүнүктө карабашыбыз керек. Түрдүү кесиптин ээлери үчүн керектүү адабияттар эне тилибизде шаңгырап жаңырар болуш керек. “РухЭштин” котормочулар тобунда калеми такшалган тилектештеримдин “Нуска” бөлүмүн дагы кеңейтип, ар бир элчилик менен сүйлөшүп, дүйнө элдеринин адабиятын түп нускадан которуу боюнча конкурстарды дагы башка деңгээлге көтөрө албасам, Олжобай атым өчсүн!

***

Биз дүйнө элдери менен атаандашууда билим менен илимге ыктаган муунду өстүрүшүбүз керек. Айыл-кыштактарда ачылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрүбүз көп. “Кыргыз кантип байыса болот?” деген долбоордун алкагында элге эмгек маданиятын үйрөтөр чакан адабияттарды жайылтып, байлыктын ачкычын карматтуу тажрыйбалуу котормочулардын эле колунан келет. Мал чарба, айыл чарбасынан сырткары элет жеринде киреше табар булактарыбыз толтура. Тек гана иштин көзүн тапкан жөндөмүбүздү ойготор мээнет сырынан эмгек маданиятыбызды өстүрөр маалыматтардан алыспыз. Туура маалымат - туура иш, туура жолго багыт. Ийгиликке ачкыч...

***
Абакка келгендердин басымдуу бөлүгү беш маал намаз окуй баштагандарын көп көрдүм. Окушсун, каршылыгым жок. Бирок беш маал намаз окуунун маңызы эмнеде? Кеп ушунда... Адам бечара башына күн түшкөндө Кудайды эстегени табигый көрүнүш болсо да, намаз - бул атайы ниет койгондордун ибадатыбы же кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондон кийинкилердин Кудайдан ырайым күткөнүбү?..
Менин түшүнүгүмдө: намаз – рухий жоопкерчилик, мусулмандык ыйык парздын эң маанилүүсү. Бирок аны пенде баласы Кудай алдында кылган күнөөсүнөн арылуу деп түшүнбөшү керек го. Карапайым ой жүгүрткөнгө болбостур бул маселеде, бул байкоомду башкалардын да ой таразасына салып, өзүм да ой калчагым келет. Намаз окууга жеңил-желпи мамилеби бул же Кудайдын ырайымы үчүнбү?..

***

Жарым ай мурда ар бир камерага жылкынын беш бармагы өзүнчө, казы, карта, чучугу устакандары өзүнчө болуп чоң эки табактан кылып берип жиберишиптир.

- Бул кимден? – деп сурадык.

- Нурлан аттуу мусулман пендесине дуба кылып коюңуздар, - дешти деген жооп алдык. Чүйгүн, тамактын артынан эле бирден Куран китеп, бирден килем (жай намаз), анан да электрондук теспе дегени болот экен, ошонун баары камераларга бирден таратылды...

Кийин күзөтчүлөрдүн бири айтып калды бизге таратылгандай башка кабаттардын баарына дуба окуп коюу үчүн чүйгүн тамактар менен бирге килем, Куран, теспе таркатылганын.

Муну ссоп иш дейби же таптакыр бейтааныш адамдардан дуба күтүп, анын сыйкырына ишенүүбү, же ысырапчылыкпы?..

Жеке өзүм муну ысырапчылык, түркөйлүктөй эле кабыл алдым. Эмнеге дегенде, чүйгүн тамактарын түгөтө албадык, кийин ыргытылды. Себеби абактарда ансыз да муздаткыч бош калган учурлар чанда. Чүйгүн тамак таратылган күнү мен 30-камерада элем, шеригим экөөбүз жарымын гана жегенге жарадык, анткени үйдөн келген тамак-аштар ансыз да ачып-кычып, эмне кыларыбызды билбей башкаларга жөнөтсөк, алар да табагыңарды куру жөнөтпөдүк дешип, тамак артынан тамак келгени азап эмей эмне. Тамактын убалынан ысырапчылыгынан амалың куруйт...
Анан эле мени башка камерага, төрт кишинин жанына которушту. Жаңы конушка келсем, алардын да муздаткычы тургай терезелеринин сыртындагы текче толо тамак-аштан орун жок экен. Баягы бизге келген кул жебес аштын баары желбептир. Аларга да табак-табагы менен жөнөтүшүптүр. Бул эми абактагы көрүнүш. Сыртта боштондукта жүргөн канчалар бар: бир маал ысык тамакка жетпеген?..

Муну кандай дешибиз керек? Соопчулукпу? Дуба касиетиби? Ысырапчылыкпы? Берешендикпи? Кесирликпи?.. Бул эмне деген ишеним? Эмне деген ислам? Исламда ысырапчылыкка жол бербеш керектиги белгилүү. Анысы ал дейли, Куран китептер бети ачылбаган бойдон турат. Килемдерди да түрүлгөн бойдон ар ким өз бурчуна коюп алган. Себеби жайнамаз катары колдонууга ыңгайсыз экен дешет... Алардын өздөрүнүн чакан, колдонууга ыңгайлуу жайнамаздары бар.

***
Кеп исламга, динге болгон мамилебиз жөнүндө. Нурлан аттууга дуба окуп коюу үчүн абактагыларга кул жебес ашын жөнөткөн кайсы бир көпөстүр дүйнөсүн чачкан... “Бирөөгө зар, бирөөгө кор” болгон оокат ушул эмес бекен?!

Дегеле биздин токчулук замандын кесирчилиги башыбыздан ашып бараткан жокпу? Турмушка болгон мамилебиз качан өзгөрүп, ысырапчылыкка чекит коёбуз?

Дегеле абакка келген күндөн бери мени заарканткан маселе – ысырапчылык.

Бүгүн жанымдагы шериктеримдин бири акылдуу сөз айтты. “Могул тамактар эскире элегинде башкаларга берсекпи?” деп акыл сурап калды эң кичүүбүз. Аны уккан аксакалыбыз: “Ошентели, тамакты ачытып-кычыткандан көрө ачка отурганыбыз артык”, - деди. Кандай сонун акыл! Туура көрдүк баарыбыз. Тамактын убалына калбай, башкаларга жөнөттүк...

***

Телевизордун жаңылыктарын тиктеп отурган шериктеримдин бири айтат азыр эле ушул күндөлүктү жазып отурсам:
- Эртең аба ырайы жылуу болот экен, терезедеги тамак-аштарды эмне кылабыз?..
- Жеп түгөтсөк болот эле, - деп мен отурам үшкүрүнүп...
Бүгүн дүйшөмбү. Тамак-аштарыбыз ишембиде келген үчүн муздаткычыбыз толтура. Ашказандарыбыз нык...

04.12.23

***
Камалып отурам. Ушул мага керек беле, жокпу? Керек экен. Айрыкча чоң жазуучу болгусу келген мага окшогондор камалыш керек окшойт. “Кана эми, дымагыңды көрсөт” дейм өзүмө өзүм. Боштондукта жүргөнүмдө жакшы эле сайрандап, өмүрдүн канчасын сая кетирдим?!. Эмне пайда таптым?!

Ооба, жаншеригим Назгүлгө түйшүгүм түштү дейли бул күндөрү, бирок үйдө жүргөнүмдө деле мындан көп түйшүгүмдү тарттырып келбедимби... Ичип-жеп, туруп кетер элем. Бул жактан артымда чачылганды жыйнаган ким бар? Өзүм жыйнаганга, даярдаганга үйрөндүм.
- Сен кээде эки жүздүүсүң ээ?.. - дечү кээде Назгүл.
- Эмнеге эки жүздүүмүн?! – деп кызаңдайт элем.
- Элге айтасың го какшап, - Назгүл актрисалардай бөйрөк таянып, ажылдак катындын образында шакылыктачу анан. – Аялзатын сыйлаш керек, төбөбүзгө мингизип эркелетишибиз керек! Тең укуктуу коом куралы деп тимеле тилиң сайраса укмушсуң...

- Йей жаным менин, эл мени көрүп атыппы... Видео кайрылууларымды айта берейин да, үйдөгү акмактыгымды сен кайда чыгармак элең, - дейт элем купшуңдап.
- Сенин эки жүздүүлүгүңдү Эмил (Үмөт) байке менен Вахап досуңа (Абдывахап Нурбаев) айтпасам элеби бир күнү... – дейт эле сөөмөй кесеп.
- Маам, - дейм анан жалбарып, - өзүң тарбиялаган балаңмын го... Өзүң тентек кылып чоңойттуң го мени. Анан өз балаңды башкаларга жамандайсыңбы?..
- Эй, барчы, барчы! Былжырабай.
- Мына кетип баратам. Иштейм, болду, башымды оорутпа. Мен эмне үйдө бекерпоз киши бекемин?!. “РухЭшти” сен иштетип атасыңбы, менби?.. Сен жок дегенде менин курсагымды тойгузуп, артымдан тазалап койгонду оор көрүп калдыңбы? – деп тамаша-чыны аралаш буркулдаган үйдөгү турмушумду сагындым бирок...

***

Мен чын эле эки жүздүү экем. Назгүл чекеме чыккан чыйкандай болуп уятымды ойгото албай келди эле, эми барганымда эски жоруктарымды кайталагыс болдум. Абак жашоосу мени чоң жазуучу кылып чыгарбаса койсун, АДАМ болуп чыккым бар...

***

Назгүлдүн куудул мүнөзү мага өлгөндөй жагат. Жеткен жалжаңке кээде. Мындан 4-5 жыл мурда Фейсбукта бирөө жазды: “Алланын ыраазычылыгы үчүн ким Олжобай Шакирдин башын кессе, миң доллар берем!” Анын бул чакырыгына көңүл бургандардын саны 1 млндон 6-7 млнго чейин көтөрүлдү. Парламент депутаттарынын бири мындай ачык чакырыкка бийликтин күч органдары чара көрүшү керектигин айтып чыкты...

Үйдө Назгүлдүн тамашасы күчөдү. Бир күнү ал Ачакейдеги кошуналарыбыз кайсы бир майрамда чөйчөк кагыштырып, бака-шака отурсак, минтет: “Азыр Олжокебиздин башы канча бир миллионго жетип калды. Эгер ошол Олжокенин башын издегендер мага келсе, бир жаздыкта чогуу жаткан мунун жаны менин колумда...” - деп баарыбыздын жарпыбызды жазган.

***

Башында кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө “мен анча сөзгө жокмун” дечү эле, азыр чучукка жеткире сүйлөгөн өнөрү бар Назгүлдө чыгармачылыктын учкундары пайда болгонун мага жазган каттарынан туям...
“Күйүттүү катын кошокчу” дегендей, өмүрү эки сөздүн башын курап ыр жазбаган маам өткөндө мага ыр жазып жөнөтүптүр. Эгер ал ырын жарыялоого уруксат берсе, “Абактан адабий базарлык” аттуу китебим чыкканда окуйсуздар анысын...

***

Бул жакта тамакка болгон ысырапчылык жөнүндө көп жаздым маама. Бирок ал балапанына жем ташыган куштай ишемби күндөрү эртең менен бир, түштөн кийин бир маал тамак киргизет. Канча кат жазып, токтото албадым. Соңку каттарынын биринде жазыптыр, “Сага тамак алып келген сайын өзүм жегендей ыраазы болом”. “Ыраазы болсоң, алып келе бер анда” дедим өзүмчө...
Назгүл мага жөнөткөн тамактардын канчасын абактагы мусаапырларга таратпадым...

***
Бирок көп учурда толтура тамак-аштын арасынан маамдан келген тамактарды эң башында түгөтүүгө аракет кылам. Куулугум башымдан ашып, шериктеримди тамакка шыкайм: “Кел, мына бул сонун экен, түгөтүп салалы...” Алар да менден өткөн митайым. Алар да өз үйлөрүнөн келген тамакты түгөтүүгө менден бетер шыкап турушат башкаларга.

***
Назгүл экөөбүз баш кошкон жылдары Мирлан Самыйкожо тун кызынын бешик тоюна чогултту баарыбызды. Ресторандын музыкасы даңк-дүңк. Бир үстөлдө Зайырбек Ажыматов экөөбүз. Ал келинчеги жок, өзү келиптир. Зайырды мен жетим деп тамашаламайын анын да, менин да кычуум канчу эмес.
- Ии... жетим, кана келинчегиң? – дедим.
- Өзүм эле келдим, жеңеме жакыныраак отуруп таанышайын деп. Баары эле айтат: “Олжокебиз сулуу катын алыптыр” деп... – Купшуңдап баштады жетим. Жеңеси жакка жылып келди улам.
- Эй, жетим, курсташтарың айтат: “Зайырды жетим дегенди токтотуңуз. Болбосо бир күнү сиздин да оозуңузду жыра муштайт. Өткөндө бирөөнүн оозун жыра муштады”, - дейт, кана меникин да жырбайсыңбы бир.
- Жо-ок, сиздин оозуңузду жырбай калайын. Сиз мени жетим деген сайын жыргайм да...
- Сен качан мага окшогон прогрессивдүү акын болор экенсиң... Мындай жакшылыкка сокоюп жалгыз келбей, келинчегиң менен келип жүр. Кыргыздын ушунусу качан калат, катынды үйгө камаган?..
- Мен бүгүн жеңем менен кенен таанышайын деп атайы ээрчиткеним жок келинчегимди, - деп ал да, тамашасын күчөттү. Бир карасам, жылып отуруп, жеңесине жакын жерге жетип калды. Антракт жарыяланды. Меймандардын баары бийге чыга башташты.
- Олжоке, уруксатпы жеңем менен бийлесем?
- Ой азамат, мына маданият деген ушу – менден уруксат сураганың. Жеңеңди жөн эле жетелеп кетчү болсоң, көргүлүктү көрсөтөт элем. Бийлегиле! - деп калбаат көрүнүп, экөөнүн кынаша каалгып бийлегенин карап отурам.
Той-топурда музыка жаңырыгынан кулак жаңырып, киши менен сүйлөшө албайт эмеспи. Зайырбек жеңесинин кулагына бирдеңке айткансыйт, ага жооп кылып Назгүл Зайырдын кулагына бирдеңке айтып, экөө мен жакка карап күлүп калышат. Мен сөөмөй кезеп коём экөөнө. Ансайын тиги жетим ичимди күйгүзүш үчүн колун жеңесинин белинен албай, экөө чимирилип бийлейт.
Экөөнүн жанына бардым.
- Эй жетим, - дедим, - аялзат менен кантип бийлешти да билбейсиң. Эки бутуңду спагеттидей бири бирине оробой, бир бутту алдыга, бирин артка кой, - деген бойдон сыртка чылым чеккени чыгып кеттим.
Келсем, музыка басаңдап, экөө нымшый тердеп, отуруп калышыптыр.
- Эми экөөңдүн шыңаарлашканыңарды көрсөм, таарынбагыла.
- Эми от души жеңем менен бийлеп койгонумду көралбай атасызбы...
Ошол ошол болду. Эртеси Назгүл экөөбүз үйдөбүз. Ал камыр жайып аткан экен, телефону өзүнөн алыс жерде экенин көрдүм да, телефонду байкатпай кымырган бойдон экинчи кабатка көтөрүлдүм. Жетимге жеңесинин атынан СМС жаздым: “Зайырбек, кечээ сиз менен кенен сырдаша албадым. Бул жазганым экөөбүздүн ортобузда эле калсын. Сиз менен сүйлөшөр сөз бар, бирок Олжоке билбесин. Мага он мүнөттөн кийин телефон чала аласызбы?”

Телефонду кайра алпарып ордуна койдум. Кыңылдап ырдап, Назгүлдү айланчыктап жүрөм. Телефон чырылдады. Алды.
- Саламатчылык! – кылыктуу жооп берди маам.
- Телефон чал деген экенсиз, жеңе, - жетимдин үнүн тааныдым...
- Сиз адашып калсаңыз керек, - деди маам. – Кимсиз?..
- Жеңе бул мен... Зайырбек.
- Чал деген эмесмин.
- Бул өзүңүздүн телефонбу? – жетим жеңесине таңгалып, бушайман болгонун укканда, өзүмдү араң кармап турган жаным жарыла каткырдым.
Тиги экөө да интриганын автору ким экенин туюп калышты. Үчөөбүз бирдей каткырып, телефонду өзүм алдым.
- Эй щолуч, жетим... – дедим. – Мындан ары жеңеңе телефон чалчу болсоң, алдагы ырсактаган тиштериңди күбүп салам бир күнү.
- Ой ырас болбодубу, кечээ жеңемдин телефонун жазып калуу мээме келбей, өкүнүп аттым эле... Ырас өзү чалып калды. Жеңемдин телефонун сактап койдум, - арсалактаган жетимдин тамашасы күчөдү.
Мен аны ызырылта сөгүп атам:
- Мындан ары жеңең менен ишиң болбосун, жетим. Экөөңдү кошоктоп өлтүрөм...
Ыкшып күлүп, көзүбүздөн жаш кетти. Боорубуз катканча каткырдык. Ошондон кийин кадырлаш, сырдаштын баары эле мага телефон чалса, баягы менин ал-абалымды сурагандардын бири жок. Кимиси чалбасын:
- Жеңем кандай жүрөт? - дешчү болду чечектер. Көрсө, тиги жетим биздин тамашаны жайып ийген окшойт. Аларга:
- Жеңең менен ишиң болбосун... – дейм мен дайым.

***

Тирүүлүктө тамаша курсак, чер жазыша каткырган чөйрө да суюлуп баратабыз, аттиң... Биринин артынан бири кете берет экен!

***
Атыңдан кагылайын “Кыргызстан маданияты” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Акын-жазуучунун көбү айланып өтө албас сүйүктүү редакция эле ал жер. Бирок мурдагысындай ар жума сайын эмес, айына эки жолу чыкканына шүгүр кылар элек. Баш редакторубуз Нуралы Капаровдун капчыгына жараша иш болчу ал да. Кээде гезит басууга акчам жок десе, эч болбосо айына бир жолу болсо да адабий журттун очогунда тамызгыны өчүрбөй туралы деген илгери үмүт менен Салижан Жигитов, Самсак Станалиев, Н.Капаров, мен болгон “КМ” гезитин кызыктуу чыгарууга күч үрөп жүрсөк, бир күнү баш редакторубуз кубанычтуу кабар айтып келди: “Гезитибизге кошумча акча табыла турган болду. Биз эми “КМ” менен бирге “Бишкек таймс” деген гезит чыгарабыз!”

Мына анан чоң команда топтой турган болдук. “Олжоке, эми өзүң түптө команда. Интригадан, ыйкы-тыйкыдан алыс жүргөн жаштар болсун командабыз” дегенинен, кыргыз журналистикасында жаш болсо да кашкайып таанылып калган Чолпон Орозобековага шап жабыштым. Ал күйөөсү Жеңишбек Эдигеев экөө келмек болду. Кол алыштык. Ишти баштадык. Баары шыр кетти. Жолубуз шыдыр болду. Бир күнү Зайырбек Ажыматов экөөбүз карпа-күрп кезигишип калдык көчөдөн. Биз анда анча жакын мамиледе болбосок да, ортобузда кандайдыр урмат-сый бар эле. Биздин командага Закемди тарттым. Шыр көндү.
- Ансыз да иш таппай жүрдүм эле, - деп барбаңдап сүйүнгөнүчү.
Ошентип Закем экөөбүз өтө жакын боло баштадык. Көп өтпөй Закемдин алакандай эссеси баарыбызды ыйлатты. Ал окуя мындай эле: 8-мартка аз калган убакыт. Редакциябыз кеңешип отуруп, гезиттин майрамдык санына кургак куттуктоодон көрө ар кимибиз өз апабыз же энебиз, таенебиз болобу, айтор, өз жакындарыбыздын түйшүгү, мээрими, сүйүүсү жөнүндө эссе жазмай болдук.
Эртеси эң биринчилерден болуп Закем тапшырманы шыр аткарыптыр. Бирок көлөмүнө карасам, алакандай эле текст. Кагазды колума карматты да, кайдадыр шашып чыгып кетти.
Биринчи сүйлөмүнөн эле жүрөгүм “тыз” дей түштү. “Опе-ей” дедим ичимен. Телегейи тегиз жигиттей жайдаңдап көрүнгөн менен, кенедейден эрте жетим калганын ошондо билдим. Мурдум шырылдап кагаз окуганымды көргөндө маңдайымда отурган Уулкан эже таңгалды:
- Сага эмне болду?.. – Эженин эки көзү тостойду.
- Азыр окуйсуз өзүңүз, - дедим. Эже баарыбыздын текстти компьютерге терер эле. Ал мезгилде редакциялардын көбүндө компьютерлер тартыш заман...

Уулкан эже да Закемдин эссесин терип атып, эки көзүнө каканактап жаш толуп, мукактанып калды:
- Атаны катыгүн-а, арман. Өмүрүмдө канча акын-жазуучунун тексттерин тердим, бирок мынчалык ыйлаткан текстти окуган эмесмин, - деп оор күрсүнүп алды.
Закемдин алакандай эссеси колдон колго өтүп, редакциябызда ыйлабаган киши калган жок.
Көрсө, Закемдин атасы эрте жашынан кайтыш болуп, апасы 21-22 жашында жесир калыптыр. Бирок кыргызда кыз-келиндин тагдырын дайыма башкалар чечет эмеспи. Атасынын ашынан кийин апасы башка бүлөгө кетип, барган жеринен удаама-удаа бөбөктөр төрөлүп, айтор, Закем кургур таенесинин колунда өсүптүр.

Сөздүн кыскасы, кенедейинен апасына болгон чоң таарынычын жазып келип, бир жеринде (Закемдин тексти сөзмө сөз эсимде жок, бирок архивдик материалдардан тапса болот) апасына болгон таарынычтын баарынан кечип, эрезеге жеткендеги сезимин укмуштай жазыптыр. Ошондо мен бала күнүмдө сиз солкулдап турган, он гүлүңүздүн бири ачыла элек жапжаш курагында жесир калган келин болгон турбайсызбы деген таризде жазган эссеси баарыбыздын өзөктү өрттөгөн.
Ошондогу Закемдин эссесин архивден таап чыгармын бир күнү. Азыр абакта отурганымда андай мүмкүнчүлүк кайда...
Айтор, ошол окуядан кийин Закем менин бир боорумдай жакын болуп калган. Мен аны жетим деп тамашалаганымды ал эркелеткен сөздөй кабыл алчу. Ал экөөбүздүн бул катуу тамашаны коомчулукта көбү өөн көргөнү Закеме да, мага да белгилүү болчу. Ансайын Фейсбукта Закем экөөбүз бири бирибизге реплика ыргытышып, коомчулуктун маанайын көтөрүү үчүн эмнени гана кылбадык...

05.12.23

***
Биз канчалык жамааттык деңгээлде иш жүргүзүүнү көздөсөк, ар бирибиздин аракетибиз, мүмкүнчүлүгүбүз мындан да артып, эффективдүү натыйжа берерине терең ишенем. Жалгыздын иши жалгыз. Жалгыздын ишин арбытар жамааттык кошуундарга көпчүлүгүбүз муктажбыз. Биз ошондо гана жарандык коомдорду арбытып, жарандык коомду күчтөндүрөбүз. Күчтүү жарандык коомду калыптап алган өлкөлөр туруктуу өнүгүү жолунда буйдалбас бекем экенин дүйнөлүк мисалдар көрсөтүүдө...

***
Элибиздин жөндөмү башка улуттардан эч кем эмес. Тек биздин элдин башы той-топур, аш берген гана жерлерде бирикпестен, билим-илим, агартуу багытында көбүрөөк бириксе кана!

***
Эзелтен бери келаткан ашар түшүнүгү бар элибизде. Жамааттык мамиленин эң сонун үлгүсү, эң мыкты саамалыгы бул. Ашар жарыяланганын укканда, баары бир ишти жапатырмак колго алып, ишти тез арбытышкан. Биз бала кезде бирөө-жарым үй курар болгондо айылдыктар ашар уюштура салчу. Баягы ордунан жылбай аткан иш кеч кирген маалда көзгө толумдуу көрүнүп, мурдагыдан алда канча иш арбыганына көз сүйүнөр эле. Ага дейре ташбакадай күндө кыбырап, күндө жан тынбай тытынып иштесең да көзгө көрүнбөгөн үйдүн жерпайы же дубалы заматта заңгырай көтөрүлүп, бир көчөгө кайдан-жайдан жаңы бир үй кошулуп калгансып көрүнөр эле. Айрыкча бир күндө эле чатыры көтөрүлүп, заматта пайда боло калган үйлөрчү! Жерден өсүп чыккансып таңгалдырчу. Мына, ашардын жакшы жери ушунда эле.

***
Арийне, коом агартуу жаатында дал ушул ашар түшүнүгү ар бирибиздин ишибизди арбытып, баарыбыз бирдикте көзгө көрүнөрлүк эмгектерди жаратар болсок кана!

***

Учурда ашар саамалыгынын эң сонун үлгүсү болор “РухЭштин” “Куйма кулак” долбоору ишке ашаар мезгили! Ал кантип түптөлдү, келечекте ал кантип улуттук долбоорго айланат? Кеп ошондон болсун!
Узак жылдан бери Түркияда ишкерлик кылып келген бизнесмен өнөктөшүбүз Айбек Сарыгулдун мекенчил демилгеси менен түптөлдү “Куйма кулак” китепканабыз. Азырынча аны чакан топ ишке киргизүү аракетинде. Мындан арыга “Куйма кулак” аркылуу улуттук адабиятыбыздын казынасын калпыган өрнөктүү чыгармаларды, өрнөктүү тексттерди жана дүйнө адабиятын угуп, кулак кужуруңуздар канат!
Аталган долбоорду ишке ашыруучулар: Айбек Сарыгул, Айкут Конушбай, Мээрим Сайдилкан, Адилет Бактыбек уулу, Назгүл Бейшеке!
Биздин ашар багытындагы бул долбоорубузга жакынкы учурларда профессионал актёрлорду көбүрөөк аралаштырып, көркөм адабияттын тандалмалар жыйнагын өз-өзүнчө жарыялай бермекчибиз...

Анан эң башкысы – биз эне тилибиз менен катар кыргыз тилиндеги тыбыштык үндөрдү, тыбыштык өзгөчөлүктөрдү жоготуп атабыз. Шаар жеринде өскөн жаш муун эне тилибиздин эң кооз боёкторун жоготконун турмушубуздан көрүп келебиз.

Андыктан балдар адабиятын колго алууга милдеттүүбүз. Алардын жаш курагын эске алып, жеткинчектер, өспүрүмдөр үчүн өз-өзүнчө редакциялык топко бөлүп аткарар иштер бар... Ошолорго көркөм текст тандоодо кылдаттык зарыл, алардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алып, жеткинчектер менен өспүрүмдөрдүн кыялына төп, сезимин ойготор, тыбыштык үндөрдү туура колдонор актёрлорду ишке тартышыбыз керек. Ал тургай ушул жаатта үн режиссёрлорубуз жок үчүн мамлекеттик телеканалдан тартып, өз алдынча аудио, подкаст жаздырган айрым жеке студиялар да тыбыштык үндөргө, өзгөчөлүктөргө маани берип атышкан жок. Аныгында кыргыз тилиндеги кооз боёктун баары тыбыштык үндөр менен шөкөттөлөрүн, тыбыштык өзгөчөлүктөр текст артында жашынып кала берерин унутпашыбыз керек...

***

Мен билгенден, дүйнөнүн чар тарабында жашап эмгектенген мекендештерибиздин көпчүлүгү кыргыз маданиятын, тилин сактоо аракетин кылып жүрүшкөнү кубандырат! Алардын көбү “РухЭштин” туруктуу окурмандары. Арасында биздин сайтка жарыяланган балдар үчүн жомокторду чыдамсыз күткөндөрдөн сураныч каттар келер эле. Менимче, “Куйма кулак” долбоорубуз алыстагы мекендештерибиз үчүн да чоң адабий базарлык болоруна ишенем!

“Куйма кулак” китепкана долбоорубуздун жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун! Ашар жолу менен курган чамгарагыбыздын жерпайы, пайдубалы, чатыры бекем болгой... Долбоорду ишке ашырган тилектештерибизге, терең алкыш, терең ыраазычылык жолдойм!

XS
SM
MD
LG