Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

АКШ-Араб саммитине кимдин "көлөкөсү түштү?"


Перс булуңундагы кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү Манамадагы антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучуларын Зумурут аянтынан көчүрүп чыгууда. Бахрейн. 16-май 2011-жыл.
Перс булуңундагы кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн күчтөрү Манамадагы антиөкмөттүк демонстрациянын катышуучуларын Зумурут аянтынан көчүрүп чыгууда. Бахрейн. 16-май 2011-жыл.

13-14-майда АКШ президенти Барак Обаманын Кэмп-Дэвиддеги резиденциясында Перс булуңундагы кызматташуу кеңешине мүчө алты мамлекеттин өкүлдөрү катышкан саммит өтөт.

Бул жыйынга, байкоочулар белгилегендей, береги өлкөлөрдүн Иран менен бакубат алты держава ортосундагы ядролук сүйлөшүүгө болгон мамилеси жана аймактагы Тегеранга жетеленме куралдуу топтордун коркунучу тескери таасир этүүдө.

Президент Обама бул жыйынды Ирандын ядролук программасы боюнча Р5+1 форматындагы сүйлөшүү аймактагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту дагы жакшыртат деп ишендирүү максатында чакырган эле. Бирок Перс булуңундагы кызматташуу кеңешинин лидерлеринин көпчүлүгү АКШ Ирандын Сирия, Ливан, Йемендеги куралдуу топторду колдогонуна көңүл бурбай, Тегеран менен ядролук келишим түзүүгө өзгөчө маани берүүдө деп санашат. Ушундан улам алардын кээ бирөөлөрү Кэмп-Дэвид саммитинде АКШ алардын коопсуздугу үчүн кат жүзүндө кепилдик берүүсүн каалаган. Буга бирок Вашингтон макул болгон эмес.

Саудиянын падышасы Салман Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. Эр-Рияд, 4-май, 2015.
Саудиянын падышасы Салман Франциянын президенти Франсуа Олланд менен. Эр-Рияд, 4-май, 2015.

Саммитке аталган уюмга кирген алты өлкөдөн Кувейт менен Катардын гана лидерлери катышмакчы. АКШнын аймактагы жакын союздашы Сауд Арабиянын падышасы Салмандын ордуна жыйынга ханзада Мохаммед ибн Нафа барары жекшемби күнү эле маалымдалды. Ошентип, Салман Ак үйдөгү кездешүүдөн да баш тартты. Саудиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейринин айтымында, падыша өлкөдө калып, Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчуларын бомбалоодогу беш күндүк тыныгууга көз салат.

АКШдагы жыйынга Омандын султаны Кабус бен-Саид жана Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халиф ибн Зайд ал-Нахайян саламаттыгына байланыштуу катышпайт. Бахрейндин падышасы Хамад ибн-Иса ал-Халиф өз ордуна мураскерин жиберди.

Талдоочулар менен дипломаттардын пикиринде, көпчүлүк монархтардын Кэмп-Дэвидге келбей калуусу Ирандын ядролук программасы жана региондогу таасири боюнча ортодогу карама-каршылыкты көрсөтөт.

- Америкалыктарды Ирандын ядролук проблемасы гана тынчсыздандырат. Алар Ирандын биз жашаган чөлкөмдөгү кырдаалга кийлигишкенин этибарга албайт, – дейт “ал-Араб" жаңылыктар каналынын башчысы жана серепчиси Жамал Кашожжи. Бул телестанция Саудия падышасынын үй-бүлөсү тарабынан түптөлгөн.

Береги алты өлкө Иран менен 30-июнда кол коюлчу ядролук келишимге ылайык, эл аралык санкция токтотулса, Тегеран Батыш банктарында камакка алынган миллиарддаган долларын курал сатып алууга же чөлкөмдөгү жетеленме топторду каржылоого сарптайт деп да кооптонушат. Аларды жоошутуу үчүн АКШ мамкатчысы Жон Керри 7-майда Эр-Риядда саудиялык кесиптеши Адел ал-Жубейри менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында мындай деген:

Жон Керри саудиялык кесиптеши Адел ал-Жубейри менен.
Жон Керри саудиялык кесиптеши Адел ал-Жубейри менен.

- Ирандын чөлкөмдү бейстабилдүү кылчу аракеттери бизди тынчсыздандырганын биз ачык сүйлөштүк. Ушундан улам, Ирандын ядролук куралга ээ болуусуна жол бербөө маанилүү деп эсептейбиз. Биз өз досторубуз жана чөлкөмдөгү союздаштарыбыз менен Американын, ошондой эле Перс булуңундагы кызматташуу кеңешинин келечектеги коопсуздук мамилелерин аныктоочу иштерди уланта беребиз.

АКШнын расмий булактары алдагы өлкөлөрдүн көбүнүн лидерлеринин Кэмп-Дэвид саммитине келбегени алардын Обаманын дипломатиясына көңүлү толбогонун жышааналайт деген пикирге кошулбайт. Ак үй билдиргендей, Обама эки арадагы мамиле илгерки калыбында экенин шарданалоо үчүн 11-майда падыша Салман менен телефондон баарлашкан.

Обаманын улуттук коопсуздук боюнча орун басар кеңешчиси Бен Родес болсо Кэмп-Дэвидге “өлкөсүндө коопсуздукка жооп берген адамдар чогулууда” дейт. Бирок атын атабаган батыштык дипломат Кэмп-Дэвидге Саудия менен Бахрейндин падышаларынын келбегенин текебердик деп билет.

- Албетте, бул текеберленүү. Обама буга көз жуумп койбойт деп ойлойм. Ал ядролук келишимди каалайт. Бул анын көңүл чордонунда турган иш, - дейт атын атабоону сураган дипломат Рейтер агенттигине.

XS
SM
MD
LG