Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Google Түндүк Кореяга жөнөгөнүн АКШ колдобойт


Эшик Шмидт
Эшик Шмидт

АКШнын Мамдепартаменти Google компаниясынын жетекчилеринин бири Түндүк Кореяга жөнөгөнүн сындады. Дүйнөдөгү эң эле жабык мамлекеттердин бири Түндүк Кореяда интернетке катардагы жарандар кире алышпайт.

Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт Пхеньянга жакынкы күндөрү бараары маалым болду. Бул кабар айтылары менен анын планын Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти сындады.

Департаменттин расмий өкүлү Виктория Нуланд алдыда пландалган сапарды Мамдепартамент колдобой турганын Google билген деп, “непада Нью-Мексико штатынын мурдагы губернатору Билл Ричардсон менен Эрик Шмидт баары бир Пхеньянга барабыз дешсе, бул алардын жеке сапары болорун, аларды өкмөт жибербегенин” белгиледи.

"Алар жөнөкөй жарандар жана визити эч кандай расмий мүнөзгө ээ эмес. Аларды америкалык бир да расмий өкүл коштоп жүрбөйт, бизден эч кандай кат же билдирүүнү алып барышпайт. Чынын айтканда, азыр Пхеньянга бара турган учур эмес деген ойдобуз", - деди Нуланд.

Google компаниясы Шмидттин визити жөнүндө расмий кабар тарката элек. Бирок АКШдагы айрым маалымат булактары саясатчылар ушул январь айында барышаарын айтышууда.

Булар Түндүк Кореяга эмне максат менен жөнөгөнү белгисиз. АКШдагы технологиялык индустриянын дөөлөрүнүн бири Шмидт Түндүк Кореяда ким менен сүйлөшөөрү да айтыла элек.

Жабык Коом

Google компаниясы өзүнүн негизги максаттарынын бири деп “Дүйнөнүн ар бир мамлекетинде интернетти колдонуу укугу кеңейтилишине жетишүүнү” атап жүрөт. Ааламдагы эң эле репрессивдүү өлкөлөрдүн бири, коммунисттик башкаруудагы Түндүк Кореяда интернетке ар ким эле кире албайт, маалымат каражаттары болсо бийлик тарабынан катуу көзөмөлгө алынган.

Айрым бир маалымат булактары азыр Шмидттин визитин гуманитардык мүнөздөгү максат менен байланыштырып, ал өткөн айда Пхеньянда камалган америкалык жаранды бошотуш үчүн баратса керек деп жазышты.

Технологиялык гигант ишкананын жетекчисин Түндүк Кореяда бийликке бир жыл мурда келген жаш лидер Ким Чен Ын “өлкөсүндө технологияны өнүктүрүп, экономикасын көтөрүш үчүн” чакырган болушу мүмкүн деген сыяктуу ушактар азырынча эч бир расмий да, бейрасмий да кабар менен ырастала элек.

Нью-Мексико штатынын мурдагы губернатору Ричардсон болсо Түндүк Кореяга акыркы 20 жылдан бери дипломатиялык жана гуманитардык миссиялар менен далай жолу каттаган.

"Натуура учур"

АКШнын Мамдепартаменти азыр Түндүк Кореяга барганга “убакыт натуура” дегени Пхеньян өткөн айда баллистикалык ракетасын сынаганы менен байланыштуу болсо керек. Анткени 12-декабрда узак аралыкка жетчү ракетаны учурганы үчүн Пхеньянды дүйнөдө көпчүлүк өлкөлөр, алардын ичинде АКШ, Түштүк Корея жана Жапония айыпташкан эле.

Азыр Түндүк Кореяны сындагандар бул өңдүү сыноолорунда ал ядролук курал орнотулушу мүмкүн болгон ракеталарды учурушу ажеп эмес дешет.

Ядролук курал демекчи, Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн Пхеньян бир канча ирет чыгып кеткен. Катарына Түштүк Корея, Жапония, Орусия, Кытай жана АКШ кирген ал сүйлөшүүлөрдө булар Түндүк Кореяга ядролук программасынан баш тартууну, анын ордуна экономикалык жардам алууну сунуштап келатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG