Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Ноорузда Эржанга Европадан жардам кетти

“Кыргыз-клaб” уюмунун лидерлери, майрамдын демилгечилери: Зейнура Бирназарова менен Бакыт Көбөгөнов

Нооруз майрамын чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар биригүү, ынтымакташуу, улуттук каада-салттарды эскерүү күнү катары белгилеп келатышат.

Быйыл Германиядагы кыргызстандыктар Ноорузду айрыкча салтанат менен белгилеп жатышат. Германиядагы "Кыргыз клаб" уюмунун өкүлү Зейнура Бирназарова майрамдын быйылкы өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

- Нооруз быйыл бизге башка кыргызстандыктарга караганда бир жума эрте келди. Эң биринчи майрам 16-мартта Бонн шаарында өттү. Бул кечени "Кыргыз клаб" уюму уюштурду. Кечеге Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев үй-бүлөсү менен, элчиликтин Бонндогу бөлүм башчысы Чынара Токталиева катышты. 150дөн ашуун кыргызстандыктардын башын бириктирип, аябай сонун, көңүлдүү майрам болду.

- Мурунку жылдардан эмнеси менен айырмаланды бу жолку майрам?

- Бу жылы биз майрамдан мурда эле Фейсбуктагы топчобузда талкуулап, Кыргызстанда чукул жардамга муктаж беш бала тууралуу маалымат жарыялаганбыз. Бир жылдан бери социалдык жардамга деп чогулткан акчабызды добуш берүүнүн натыйжасында 1,5 жаштагы Эржан Бакытовго жибермей болдук. Буюрса, бир-эки жумада биздин жардам Эржандын ата-энесинин колуна тийип калат. Баласынын операциясына акча жетпей жардам сурап кайрылышкан экен. Интернеттеги баракчабызга беш баланын өмүр баяны, дарты, кандай жардамга муктаж экенин толугу менен жазып жарыялаганбыз. Кечеге бир жума калганда ага катышчу адамдар өзүлөрү Эржанга көп добуш берип тандашты. Биздин уюмдун эсебинде 480 евро бар экен, аны да коштук.

- Эржан үчүн жакшы жаңылык болот турбайбы Ноорузда?

- Буюрса, Эржанга жакшы жаңылык тартууладык. Экинчи жагынан, быйыл өз күчүбүз менен Нооруз кечесине келген мекендештерди кыргыздын тамагы деп боорсок жана палоо басып тосуп алдык.

- Германияда кыргызстандык таланттуу музыканттар бар эмеспи, алар да өз өнөрүн көрсөтүшсө керек?

- Ооба, Тимур Бектурган байкебиз келип, саксофондо, башка да кыргыздын улуттук аспаптарында ойноп, өнөрүн тартуулады. Эми ушул ишембиде Мюнхен шаарында да кыргызстандыктардын уюшмасы бар, алар чакырып жатышат. Буюрса, алар менен да Нооруз майрамын белгилегени жатабыз. Ал жакта да жүздөн ашуун киши чогулат деп атышат. Биз майрамдык кечеге кыргыз, же башка деп бөлбөй, бардык кыргызстандыктарды чакырабыз. Убагында Германияга көчүп кеткен немис улутундагылар да келишип, Кыргызстанга, туулган жерге барып келгендей болбодукпу деп аябай сүйүнүшөт.

Нооруз – баарыбызды бириктирчү майрам болуп калды. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык кыргызстандыктарды кирип келген Нооруз майрамы менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалап кетким келет!

- Силерге да жакшылык, жарык маанай каалайбыз.
Бонндогу Нооруздан сүрөт баян

Бонндогу Нооруз

Кең дасторкон үстүндө. Туу жамынган кыз Кундуз Кенжебаева
1/9 Кең дасторкон үстүндө. Туу жамынган кыз Кундуз Кенжебаева
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Тимур Бектур жагымдуу жаз музыкасын тартуулоодо 
2/9 Тимур Бектур жагымдуу жаз музыкасын тартуулоодо 
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Сагыныч жазып, санаалардан арылып...
3/9 Сагыныч жазып, санаалардан арылып...
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев
4/9 Кыргызстандын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
“Чай ичиңиз!” деп гана турган немис күйөө бала келинчеги менен
5/9 “Чай ичиңиз!” деп гана турган немис күйөө бала келинчеги менен
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Бакытка шыбыр айткан Гуля Притзсеге (Pritzsehe) Германияны мекендеген алгачкы кыргыздардан
6/9 Бакытка шыбыр айткан Гуля Притзсеге (Pritzsehe) Германияны мекендеген алгачкы кыргыздардан
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Кыргызстандан казан алдырып, майрамга палоо демдетип берген элчиликтин Бонндогу бөлүм башчысы Чынара Токталиева
7/9 Кыргызстандан казан алдырып, майрамга палоо демдетип берген элчиликтин Бонндогу бөлүм башчысы Чынара Токталиева
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Майрамдын маэстросу Тимур Бектур
8/9 Майрамдын маэстросу Тимур Бектур
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
“Кыргыз-клуб” уюмунун лидерлери, майрамдын демилгечилери: Зейнура Бирназарова менен Бакыт Көбөгөнов
9/9 “Кыргыз-клуб” уюмунун лидерлери, майрамдын демилгечилери: Зейнура Бирназарова менен Бакыт Көбөгөнов
16-мартта Германиянын Бонн шаарына чогулган кыргызстандыктар Ноорузду майрамдашты. Алыста жүргөн мекендештердин башын бириктирген “Кыргыз клуб” уюштурган кечеге 150дөн ашуун киши катышты. Берлиндеги Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев, элчиликтин Бонндогу бөлүмүнүн башчысы Чынара Токталиева мекендештердин ынтымагына сыймыктанарын айтышып, Германия жергесиндеги кыргызстандыктарды бирге болууга үндөштү. Боннго саякаттаган кабарчыбыз Карамат Токтобаеванын сүрөт баяны.
Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

XS
SM
MD
LG