Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

Молдова: митингчилер курч кадамдарга өттү


Кишиневдогу митинг. 13-сентябрь,
Кишиневдогу митинг. 13-сентябрь,

Молдовада митингчилер 13-сентябрда “эл ишениминдеги өкмөт түзүү жана бүткүл өлкө боюнча демонстрацияларды баштоо” тууралуу резолюция кабыл алды.

“Ар намыс жана чындык” кыймылы мурда убада кылгандай эле өткөн жекшембиде да миңдеген адамдарды көчөгө алып чыкты.

Алар президент Николае Тимофтинин кызматтан кетүүсүн жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Полициянын маалыматына караганда, 13-сентябрда Кишиневдун борбордук аянтындагы митингге 15 миңден ашык киши катышты. Серепчилер 20 миңдей адам келгенин айтышууда. Молдовадагы нааразылык акциялардын башында туруп жаткан “Ар намыс жана чындык” кыймылынын мүчөсү Валентин Долганюктун билдиришинче, элдин койгон талаптарын аткарууга бийликтин мойну жар бербей жатат:

- Бийликтеги адамдар бир миллиард доллардын уурдалганы боюнча эч кандай жазаланган жок. Анын башкы курмандыгы эл болду. Эми болсо бийликтегилер элди карап: “Булар неге мынча ачууланат” деп сурап турушат. Ооба, азыр эл ойгонду. Эл ошол миллиард долларды кайра артка алууну жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну чечти.

Молдовадагы нааразылык акциялары үч коммерциялык банк аркылуу дал ушул 1 миллиард доллардын жоголушуна байланыштуу каңшаардан улам башталган. Митингчилер анын жоголушуна президент Николае Тимофти жана өкмөттүн тиешеси бар деп эсептеп, алардын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле митингчилер Башкы прокуратура, Улуттук банк, Жогорку сот жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматтан чегинүүгө чакырды. Жогорудагы талаптарга мамлекеттик институттарды реформалоо, мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүү жана сөз эркиндигин камсыздоо сыяктуу талаптар да кошулду. 13-сентябрда Кишиневдогу митингдин катышуучусу Адриан Модрика ич күптүсүн мындайча төктү:

- Биз Молдовада радикал өзгөрүүлөрдүн жасалышын талап кылабыз. Биздин өлкөдө башкача тартип болушун каалайбыз. Бүгүн Молдова ууру олигархтардын басымында калды. Биз алардын тамырын кыркууну көздөйбүз.

13-сентябрдагы митингге айыл-кыштактардан бери бийликке нааразы болгон адамдар келгени айтылды.

Молдовалык жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, митингдин катышуучулары “эл ишениминдеги өкмөт түзүү жана бүткүл өлкө боюнча демонстрацияларды баштоо” тууралуу резолюция кабыл алды.

Буга чейин президент да, премьер-министр да митингчилердин кызматтан кетүү талаптарын аткаруудан баш тарткан. Президент Николае Тимофти “бийлик башында боштук жарала турган болсо, ал дагы бир саясий кризиске алып келерин, башаламандыкты Молдованы губерния кылгысы келген ички жана тышкы күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал” деп эскерткен. Ал эми 10-сентябрда демонстранттар менен жолугушкан премьер-министр Валерий Стерлец “өкмөттүн отставкасы чоң кесепеттерге алып келет жана мунун арты бир катар системалык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн” деп айтты.

Молдовадагы нааразылык акциялары өткөн жекшемби күнү, 6-сентябрда башталган. Анда “Ар намыс жана чындык” кыймылы нааразылык акциясына 100 миңден ашык киши чыкканын айтса, милиция 40 миңдей адам чогулду деп маалымдаган. Аны серепчилер 1990-жылдан берки Молдовадагы эң ири митинг катары баалашты. Ошондон бери Кишиневдун башкы аянтынан эл тараган жок жана алар өкмөт үйүнүн алдына 300 чатыр тигип алышкан.

Молдовада жекшембиде өткөн митинг
Молдовада нааразылык акциялары уланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG