Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Медведев: Террорго ырайым жок


Президент Д.Медведев Түндүк Кавказдын лидерлери менен жолугушту, Махачкала, 1-апрель, 2010
Президент Д.Медведев Түндүк Кавказдын лидерлери менен жолугушту, Махачкала, 1-апрель, 2010

Бүгүн Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Дагестанга барды. Бул визит жөнүндө алдын ала айтылган эмес эле. Махачкалада президент Орусияда ушул аптада болгон бир топ жардыруулардын артында тургандар жок кылынаарын кайталады.

Орусияда ушул аптадагы жардыруулардан 50дөн ашуун адам набыт болду.

29-мартта эрте менен Москвадагы "Лубянка" жана "Парк культуры" станцияларында жардыруулар болду
Дүйшөмбүдө Москванын метросундагы эки станциядагы жардырууларда 39 адам мүрт кетти. Эки күндөн кийин Дагестандын Кизляр шаарында дагы кош жардыруу болуп, 12 адам мерт болду. Андыктан терроризмге каршы күрөштү кантип күчөтүүнү талкуулаш үчүн президент Дмитрий Медведев бүгүн күтүлбөгөн жерден Дагестанга барды.

Медведев ошо террористтерди жок кылууга багытталган аракеттери тууралуу: "Бул аракеттердин тизмеси дагы толукталып, теракттарды болтурбаш үчүн натыйжа бергидей катаал, керек болсо ырайымсыз болушу керек. Карасанатай аракеттер үчүн жазалаш керек", - деди.

Ал Махачкалада Түндүк Кавказдагы регионалдык лидерлер, коопсуздук күчтөрүнүн башчылары менен сүйлөштү. Алар соңку учурларда террорго каршы күрөштөгү ийгиликтерин айтышты. Бирок Медведев алардын баары жетишсиз экенин кыйытты.

"Соңку кездери терроризмге каршы күрөштө айрым ийгиликтерге жетиштик. Эң таш боор бандиттердин башын алдык. Бирок бул да жетишсиз окшойт. Баары бир алардын баарын убагында таап, жок кылабыз", - деди Орусиянын президенти Дмитрий Медведев.

Чечен жикчилеринин лидери Доку Умаров, 31-март, 2010
31-мартта Орусиядагы башкы террорист деп саналып жүргөн чечен жикчиси Доку Умаров “Москванын метросундагы жардырууларды мен жасагам” деп билдирди.

Интернеттен таркатылган эки башка карама-каршы видео-тасмалардын биринде ал метродогу жардырууларды “февралда орус аскерлери кырган чечендер үчүн өчүн алуу актысы” деп атады. Теракттар метродогу жардыруу менен эле токтоп калбай турганын да кошумчалап, коркутту.

Москва менен Дагестанда ушул апта ичи болгон кандуу чабуулдар өлкө боюнча зомбулуктун жаңы толкуну башталдыбы деген коотпонууну жарата баштаган өңдүү.

Орусиянын президентинин Түндүк Кавказдагы жаңы дайындалган атайын өкүлү Александр Хлопонин расмий бийлик жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болмоюн, стабилдүүлүккө жетишүү кыйын болот, деп айтты.

Президент Медведев былтыр июнда да күтүүсүз жерден Дагестанга барганы белгилүү. Анда ал Махачкалага республиканын ички иштер министри Адилгирей Магомедтахировду өлтүрүп кетишкенде келип, “каяктагы террорчу акмактар биздин жерде жамандык кылып жатышат” деген эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG