Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Медведев: Балдарга кам көрүү – башкы милдет


Москва - Президент Дмитрий Медведев Кремлдин Георгиев залында сүйлөп жаткан учуру.
Москва - Президент Дмитрий Медведев Кремлдин Георгиев залында сүйлөп жаткан учуру.

Россиянын президенти Дмитрий Медведев федералдык жыйында жасаган кезектеги жылдык кайрылуусунда экономикадагы кырдаал татаал бойдон калганын моюнга алды. Кайрылууда социалдык маселелерге, айрыкча балдар темасына басым жасалды жана муну орус президенти коомдун алдыдагы жылдардагы башкы милдети катары аныктады.

Жылдык кайрылуусунун башталышында президент Медведев экономика жана технология чөйрөсүндөгү жетишкендиктерге токтолду.

"Олуттуу төмөндөөдөн кийин экономикадагы абал жөнгө салынды. Быйылкы өсүш 4 проценттин тегерегинде болот, өкмөт инфляциянын секиригине жол берген жок",-деп белгиледи орус президенти.

Орустардын он бир системасы дүйнөдөгү 500дөй суперкомпютерлер тутумуна кошулганы, "Сколково" долбоору реалдуу ишке айлана баштаганы "модернизациялоо" саясатынын ийгилиги катары аталды.

Ошол эле учурда Медведев экономикадагы кырдаал дале татаал бойдон калганын, кризистин салакалары али толук жоюла электигин моюнга алды жана бюджет тартыштыгын кыскартуу зарылдыгын белгиледи. Бирок бул иш социалдык милдеттенмелер эсебинен жасалбаш керек. Мындан тышкары чакан бизнеске эки жылдык мөөнөт менен айрым жеңилдиктерди берүүнү сунуш кылды.

Кайрылууда социалдык чөйрөнү "модернизациялоого" басым жасалды.
Медведев 90-жылдары демографияда байкалган өксүктүн кесепети орус коомунда дагы он беш жылдай сезиле турганын, бул аралыкта балдардын төрөлүшү кыскарарын, мунун өзү бүткүл улут үчүн чоң кенемте болорун эске салды. Балдар жөнүндө кам көрүүнү ал биринчи кезектеги милдет катары аныктап, үчүнчү бала көргөн үй-бүлөгө салык жеңилдиктерин караштырууну, үй-жай куруу үчүн аларга жер ажыратууну өкмөткө табыштады.

Россияда баш балдар жана өспүрүмдөр 20 миллионго жетет. "Таштанды же кароосуз калган бала деген түшүнүк турмушта болбош керек",-деп көрсөттү Медведев.

Балдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын стратегиясына кеңири токтолуп, Медведев аны энелердин капиталы, балдарды билим жана саламаттык сактоо жагынан камсыздоо ишинен тартып балдар үйлөрүнө чейинки программалар менен байланыштырды. Жакынкы эки жылда балдар медицинасын модернизациялоого 2 миллиард рубл каражат каралат.

Ички саясий маселелерден Медведев жергиликтүү бийлик органдарына эл өкүлдөрүн шайлоодо можаритардык ыкмадан аралаш, пропорционалдык системага өтүүнү сунуш кылды. Өткөн аптада Медведев ички саясаттагы айрым тенденцияларды сынга алып, бул чөйрөдө өлкө дымыккан абалга кептелгенин айткан эле.

Кайрылуунун тышкы саясатка арналган бөлүгүндө орус президенти АКШ менен Россиянын ортосунда жаңы жарыша куралдануу башталышы ыктымал экенин эскертти.

"Бул жерде ачык эле айтып кетейин: бизди алдыдагы он жылдыкта эки айрылыш жол күтүп турат – биз же ракетадан коргонуу маселесинде келишим түзөбүз, же болбосо жарыша куралдануунун жаңы айлампасына киребиз, мындай учурда сокку уруучу күчтөрдү жайгаштыруунун жаңы чечимдерин кабыл алганга туура келет",- деп айтты Медведев.

Медведев ушуну менен федералдык жыйында үчүнчү ирет жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөдү.

Бир катар эксперттер бул жолку кайрылууда олуттуу деле жаңылыктар болбойт, орус президенти кайра эле модернизация маселесин алдыңкы планга чыгарат деп айтышкан. Дагы бирөөлөрү Медведевдин бүгүнкү кайрылуусун жана анын алдында айткан айрым көз караштарын шайлоого камылганын алгачкы кадамдарындай кабыл алышкан эле.

XS
SM
MD
LG