2022-жылы 22-февралда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррелге АКШнын башкы дипломаты телефон чалганын Радiо Свобода жазды.
Боррелдин айтымында, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ага Украинанын чек арасына Орусия бир нече ай бою эбегейсиз аскердин күч топтогонун жана чын эле коңшусун басып кирүүгө камынып жатканын билдирген.
Боррель бир нече айдан "Тони Блинкен мага чалып, "Ооба, алар ушул дем алышта аны ишке ашырат"- деди", - деп эскерет.
Биз согуш башталарына ишенген эмеспизЖозеп Боррель
"Чын эле эки күндөн кийин эртең менен саат беште Киевди бомбалай башташты. Биз мындай болоруна ишенген эмеспиз. Согуш башталарына түк ишенген эмеспиз", – деди.
2022-жылдын 24-февралына чейин эле согуш чыгары реалдуу болуп турган. Анда Батыштын чалгын кызматтары, аскерий аналитиктери жана саясат таануучулары Орусиянын президенти Владимир Путиндин ниетин ачыкка чыгарууга аракет кылышкан. Алар ошондой эле Орусиянын модернизацияланган, реформаланган жана жакшы каржыланган армиясынын алдында украин армиясы салыштырмалуу начар жабдылганын белгилешкен.
Көпчүлүк Орусия басып кирбейт деп ойлогон. Бул туура эмес болуп чыкты.
Дагы көпчүлүк орустар басып кирсе украин аскерлери жеңилет, Киев бир-эки күндө багынат, бийлик кулайт деп ойлогон. Алар дагы жаңылышты.
Андан бери бир жыл өтүп, бирок согуштун учу көрүнбөйт. Талдоочулар Батыш өлкөлөрүнүн көбү эмнеден жаңылып калганын түшүнүүгө аракет кылууда.
Евробиримдик эмнеден жаңылды?
"Албетте, мен чоң согуш башталарына ишенген эмес элем. Бирок барган сайын ага ынандым. Мен Путиндин башка түзүк варианты бар деп ойлогом", - дейт Лондон падышалык коллежинин аскердик изилдөөлөрүнүн ардактуу профессору Лоуренс Фридман.
Америка менен Британиянын эскертүүлөрү туура болуп чыктыЛоуренс Фридман
Декабрдын соңунда берген интервьюсунда Фридман артка кылчайып, америкалык жана британ лидерлеринин “Путин басып кирүүгө буйрук берет” деген божомолдору туура болгонун бышыктады.
"Америка менен Британиянын эскертүүлөрү туура болуп чыкты" - деди ал.
"Албетте, бул чалгын кызматтарынын чоң ийгилиги болду. Биз АКШнын чалгын кызматынын кемчиликтерин айта берип көнүп калганбыз. Мисалы, Грузияга, Сирияга басып кирүүнү алдын ала көрө билбегени же кансыз согуш маалындагы Венгрияга, Чехословакияга кол салууну алалы”, - дейт польшалык аскердик аналитик Конрад Музыка.
“Америкалык чалгынчылардын божомолу чындык болуп чыкты. Алар көп жолу эскертишти, чукул эскертүүлөр болду, адатта мынчалык көп берилбейт", - деди ал.
Музыка Батыштын көптөгөн расмий өкүлдөрү канчалык эскертип жатса да ага ишенбей койгонун психологиялык жагдайга байланыштырды.
"Көпчүлүк ХХІ кылымда Украинанын чыгышында - Донбасста 8-9 жылдан бери жаңжал уланып жатканын билгени менен баары эле Орусия эгемен өлкөгө басып кирбейт... ал эми күчтөрүн топтогону жөн эл сес көрсөтүү деп ойлошкон. Бул психологиялык барьер болду", - деди.
Сан жана сапат
Лондондогу Брюнель чалгындоо жана коопсуздук изилдөөлөр борборунун профессору Филип Дэйвис Орусия басып киргиче чалгындын эки канаты - "алдын ала чалгындоо" жана "күчтөрдүн катышы" болгонун айтат.
"Сөз чогулган материалдын эмес, анализдин сапаты жөнүндө. Алдын ала чалгын материалдарынын анализи абдан туура болду. Американын эскертүүлөрү так болду...", - деди Дэвис.
“Чек аранын тегерегине орустар топтолгону тууралуу чалгын маалыматтар эч шек жаратпады. Бирок алар кол салуу үчүн колдонулабы? - деген суроо турган. Бирөөнүн тандоосуна, айрыкча али кабыл алына элек чечимдерине баа берүү кыйла кыйын – дейт Фриман.
"Жаңыланган" орус армиясы
2008-жылы Орусия Грузияга чагылгандай тез басып кирген. Дээрлик бардык кармаш беш күндүн ичинде аяктаган. Бирок жаңжал армиядагы көйгөйлөрдү көрсөтүп, модернизациялоо жана советтик мезгилден калган жабдууларга көңүл бурууга түрттү.
Батыштык серепчилер 2014-жылы Украинадагы, андан кийин Сириядагы аз-маз ийгиликтен кийин Орусия армиясын жаңылап, "акылдуу" технология менен жабдыганын белгилешкен.
2020-жылы Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу куралдуу күчтөрдүн техникасынын, курал-жабдыгынын 70% жаңыланганын билдирген. Ошол армия 2022-жылы Украинага басып кирди.
2022-жылдын 24-февралына чейин америкалык жана британ чалгын кызматтары, дипломаттары Кремлдин баскынчылык планы тууралуу ачык айтышкан. 2021-жылдын ноябрында АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) директору Уильям Бернс Москвага келип, орус чиновниктерине андай кадамдан оолак болууну эскерткен. Бернс кийинчерээк аябай тынчсыздануу менен артка кайтканын билдирген.
175 миңге жакын аскер Украинага чектеш аймактарга чогулганын жана Орусиянын Кара деңиз флотунун үстөмдүгүн эске алганда “орус аскерлери Киевди басып алып, Украинанын президенти Владимир Зеленскийди бир нече күндүн ичинде кулатат” деген күтүүлөр болгон.
Орустардын Киевди түндүк тараптан ыкчам басып алуу аракети ишке ашпады. Баш калаанын түндүк ыптасында жайгашкан аэродромго десантчылардын конуусуна жол берилбеди.
Түштүктө Орусия Херсон облусунун административдик борборун басып алды. Бир нече жумалык салгылашуулардан кийин Азов деңизинин жээгиндеги Мариуполь порт шаарын ээлешти.
Жазга чейин орус бөлүктөрү түндүк аймактардан чегинип, Украинанын чыгышындагы жаңы операцияларга кошулган.
"Эмне үчүн Орусия жеңишке жетпеди? Эмне үчүн ири шаарлардын сыртында коргонууга өттү? Бул АКШнын тышкы саясатында да, эл аралык коопсуздукта да эң маанилүү суроолордун бири болуп калды", - деп жазат орус армиясы боюнча эксперт Дара Массикот Foreign Affairs журналына жарыяланган макаласында.
"Адамдар орус армиясына баа берүүдө жаңылышты. Орустар мынчалык уят болорун эч ким билген эмес", - дейт Фридман.
"Потёмкин айылы"
"Украиналыктар канчалык натыйжалуу аракеттенсе, ошол эле маалда орустар ошончолук чабал экенине таң калдым", - дейт Rand Корпорациясынын коргоонуу боюнча изилдөөчүсү жана АКШнын Аскер-деңиз флотунун, Коргоо министрлигинин орус лингвисти Клинт Рич.
"Карасанатай планына карабай, Орусиянын армиясы согушта биз ойлогондой эмес экенин көрсөттү. Орусиянын он жыл бою аскердик дараметин күчтөндүрүү аракети, машыгууларынын натыйжасы согушта билинди”, - деди ал.
"Орустар аскердик дарамети күчтүү экенин ишара кылганы менен "Потемкин айылынын" жолоюна түшкөнүнө күбө болдук" деди Дэвис. Ал маселен, Орусиянын эң жаңы Т-14 “Армата” танкы технологиялык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүнө карабай украин жергесин “көрө электигин” белгиледи.
"Каршылаштарын кагаздан карап, техникасын саноо оңой. Каалаганыңызча спутниктен фотого тартасыз, бардык танктарды жана чопкутталган машинелерди, учактарды санап, кимде көп же аз экенин билсеңиз болот. Бирок анын баарын колдоно билүүгө канчалык жөндөмдүү экенин спутниктен байкай албайсыз",- деди ал.
"Тилекке каршы, мен дагы жаңылыш тарапта болуп, орус аскерлеринин Украинадагы күч-кубатына ашыкча баа берипмин", - деди Музыка.
"Орусиялыктар 2012-жылдан бери машыгууларга сарптаган күчүнүн арты менен ийгиликке жетебиз деп ойлошкон. Алардын бардык аскер бөлүктөрү, өзгөчө Украинанын түндүгүндө алда канча жакшы натыйжалуу болот деп ойлогонбуз", - деп кошумчалады ал.
Украинанын дарегине да ушундай натуура божомолдор айтылган. Көптөгөн эксперттердин анализинде украиндер мыкты жабдылган орус армиясына узакка туруштук бере албайт деп эсептешкен. Тескерисинче, украин аскерлери Батыштын белгилүү бир өлчөмдөгү курал-жарагына жана чалгын маалыматтарына таянып, Орусиянын Киевди ойрон кылуусуна жол бербеди.
Биз Украина мыкты туруштук берерин күткөн эмеспизЖозеп Боррель
"Биз Украина мынчалык каармандык менен туруштук берерин күткөн эмеспиз",- деди Боррелл октябрда сүйлөгөндө.
"Мен Орусиянын күчүн ашыкча баалаптырмын. Экинчи жагынан, согуштун алгачкы күндөрүндө украин тарапта болгон башаламандыкты жана дүрбөлөңдү да эстен чыгарбоо керек”,- деди Музыка.
Орустардын Киевди ээлеп алуусуна жол бербеген бир жагдай – бир нече ай бою баскынчыларга каршы даярданган жүздөгөн ыктыярдуу топтор болду.Конрад Музыка
"Орустардын Киевди ээлеп алышына жол бербеген маанилүү жагдай – бир нече ай бою баскынчыларга каршы даярданган жүздөгөн ыктыярдуу топтор болду. Алардын Буча менен Ирпиндеги каршылыгы орус армиясынын жолун тороду".
Кийинчерээк Украина Орусияны жана тышкы байкоочуларды таң калтырды. Түндүк-чыгыштагы Харьков облусунда чагылгандай ыкчам чабуулга өттү. Түштүктөгү Херсон облусунда орус аскерлерин кысып, Днепрден ары чегинүүгө мажбурлады. Херсон орустар февралда басып алынган жападан жалгыз облус борбору болчу.
"Украиндер мынчалык туруштук берет деп ойлогон эмесмин. Чынында мен абдан пессимисттик көз карашта элем. Дүйнөдөгү эң мыкты “согуштук оюнчуктарды” колдонуп, жасай турган башкы нерсе - эми орустарды жеңүү, кымбат кун төлөтүп, алдыдагы 20 жылда санкциялардын азабына салып берүү»,- дейт Дэйвис.
Эксперттер ошондой эле согуштун дагы бир түшүнүксүз аспектине көңүл бурду: Орусия аба аскердик күчтөрүн агрессивдүү колдонууга жөндөмсүз болдубу же аны каалаган жокпу?
Батыштын абадан коргонуу каражаттары менен куралданган Украина жердеги күчтөрүн орус учактарынын чабуулунан коргоодо советтик реактивдүү жана башка эски аскердик жабдыктарды колдонууну улантууда.
“Биз орустар аба күчтөрүнө ээлик гана кылбай, аны натыйжалуу колдоно алат деп ойлогонбуз. Бирок андай кыла алышпады”, - деди Фридман.
Тыңчылыкка каршы тыңчылык
Украинага Орусия кол салабы же жокпу деп божомол жасоо жагынан Батыш аналитиктери менен жергиликтүү бийликтегилерден башка да жаңылгандар болгон.
Көптөгөн орус басылмаларынын жана Батыш расмийлеринин ачык билдирүүлөрүнө караганда, орустардын чалгын кызматы да жаңылышкан.
Украинанын ички саясатын талдоого жооптуу болгон Орусиянын башкы мекемесинин - Федералдык коопсуздук кызматынын департаментинин катасын буга мисал кылсак болот. Такталбаган маалыматтарга караганда, кол салуудан бир нече айдан кийин департаменттин директору жана анын орун басары Кремлге “Зеленскийдин өкмөтү тез эле ыдырайт” деген өтө "оптимисттик божомолду" айтканы үчүн тергөөгө чакырылып, үй камагына алынган.
"Ошол эле маалда Украина Орусиянын карасанай ниети тууралуу канчалык деңгээлде билген - деген суроо турат.
Украиндер чабал орус армиясына каршы жакшы даярданышканФилип Дэйвис
"Украиндер орустар тууралуу дурус эле чалгын маалыматтарына ээ болгон деген боолголойм. Аларда чалгын кызматтарын инвестициялоого жетиштүү убакыт болгон. Анан сыягы украиндер чабал орус армиясына каршы жакшы даярданышкандай”, - дейт Дэйвис.ал.
"Украиналыктар орустар тууралуу ишенимдүү жана деталдуу маалыматтарды билген. Менин оюмча, келечекте бул документтердин баары ачыкка чыкканда чыныгы кырдаалды азыркыга караганда жакшыраак билүүдө маанилүү фактор болот", - деп кошумчалады Дэйвис.
МААЛЫМАТ: Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.
Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.
Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт.