11-декабрда Йоханнесбург шаарындагы стадиондо өткөн Нелсон Мандела менен коштошуу зыйнатына 70тей өлкө лидерлери, анын ичинде АКШ президенти Барак Обама, Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд катышты.Тажыяга нөшөрлөп жааган жамгырга карабай 100 миңдей адам катышканы кабарланды. Апартеидге каршы күрөштүн каарманы, Түштүк Африканын биринчи кара президенти, Нобел сыйлыгынын лауреаты Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган.
Мандела менен коштошуу

1
Йоханнесбургдагы Биринчи улуттук банк стадионуна чогулгандар

2

3
Стадионго келгендер Манделанын сүрөтүн көтөрүп, анын элесине таазим көрсөтүштү.

4
Стадиондо бийлеп жаткан өспүрүм кыз

5
Манделанын небереси Зозуко Мандела (солдо), Манделанын экинчи жубайы Уинни Мандела жана алардын кызы Зиндзи Мандела

6
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон кызы Челси, экс-президент Жорж Буш жубайы Лора Буш менен тажыяда.

7

8
АКШ президенти Барак Обама Кубанын президенти Раул Кастро менен сөз сүйлөөр алдында учурашты.

9
Түштүк африкалыктар жамгырдын алдында президент Обаманын сөзүн тыңдоодо.

10
Президент Обама Манделанын үчүнчү жубайы Граса Машелге көңүл айтууда.

12
Түштүк Африканын мурдагы президенти Фредерик Виллем де Клерк жубайы Элита менен коштошуу аземине келатат.

13
Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози (төмөндө солдо) жана учурдагы президент Франсуа Олланд (төмөндө оңдо) коштошуу аземинде.

14
Президент Обама Даниянын премьер-министри Хелле Торнинг-Шмитт (солдо) менен сүйлөшүүдө, Барак Обаманын катарында жубайы Мишел Обама.

15