Туризмге журналисттердин салымы чоң
Малайзиянын үч ири медиа холдингинде иштеген алты журналист Кыргызстанга келип кетти. Алар өлкөнү кыдырып, Кыргызстандын маданияты, жаратылышы, салт-санаасы менен таанышуу үчүн келген. 25-июлда Ысык-Көлдө өткөн "Мейкин Азия" ыр сынагына дагы күбө болуп, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен дагы жолугушушту. Иш чаранын максаты эки өлкө алакасын жакшыртуу. Алар өз жерине барып Кыргызстан жөнүндө берүүлөрдү көрсөтүшөт. Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин демилгеси менен 20 чакты кыргызстандык журналист менен чыгармачыл адамдар Малайзияга барып келишкен. Малайзиялык журналисттердин сапары 30-июлда аяктады.
Чыгарылыштар
-
Февраль 21, 2025
Трамп Украинадагы согушту токтотобу?
-
Январь 28, 2025
Казак тарыхчылары 7 томдук тарых жазууда: Сүрөт баян
-
Январь 17, 2025
Сирия: Борбор азиялык жоочулардын көздөгөнү эмне?
-
Декабрь 29, 2024
"Кирешелүү жана ылаңдабайт". Ак топоз баккан Таштанбек Акматов
-
Декабрь 14, 2024
"Умтулуу-2024": Журналисттердин эркин сынаган учур