Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Ливияда толкундоолор күч алууда


Триполидеги толкундоо, 17-февраль.
Триполидеги толкундоо, 17-февраль.

Ливияда элдик толкундоо Триполиге жетип, демонстранттар Жашыл аянтта президент Муаммар Каддафинин колдоочулары менен кагылышканы кабарланууда.

Өлкөнүн чыгышындагы Бенгази шаарында болсо армиянын айрым аскерлери кызматын таштап, «шаарды бошотконун» жарыялашкан.

Өлкө боюнча толкундоолорго байланыштуу аз дегенде 170 киши курман болгондугу кабарланууда. Батыш өкмөттөрү кан төгүүнүн күч алышына тынчсыздануу билдиришти.

Бенгази - өлкөнүн экинчи ири шаары.

Бул шаарда өткөн ишембиде полиция демонстранттарга ок атып, ошондон кийин курмандыктардын саны өсүп кеткени айтылган.
Президент Муамма Каддафинин уулу Сеиф ал-Ислам Каддафи мамлекеттик сыналгыдан сөз сүйлөөдө, 20-февраль.

Бул арада Ливиянын жол башчысы Муамма Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам Каддафи жекшембиде сыналгыдан чыгып сүйлөп, демонстранттар айрым аскер базаларын, куралдарды жана танктарды басып алышканын билдирди.

Ал өлкөдө ички согуш чыгып кетүү коркунучу пайда болгонун эскертти. Каддафинин баласы ошондой эле "Ливиянын парламенти реформаларды талкуулайт, өкмөт айлыктарды көтөрт", - деп сөз берди.

Муаммар Каддафинин 42 жылдык башкаруусуна каршы мындай көтөрүлүш Ливияда буга чейин боло элек эле.

Нааразылык толкуну бул өлкөдө 16-февралда башталган.

Египет (Мыср) менен Тунисте бийлик кулатылганына шыкактанган президенттин оппоненттери ошондон бери социалдык түйүндөр аркылуу элди көчөлөргө чыгып, нааразылыгын билдирүүгө үндөп келишти.

XS
SM
MD
LG