Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Хeят: Радикализм педофилияга шыкак берүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда жашаган аялдар арасындагы диний экстремизм тууралуу китеп англис тилинде жарыкка чыгып, сатыкка түштү.

"Жибек Жолу Медиа" тарабынан басылган чыгарманын автору китебинде Кыргызстандагы аялдар арасында диний радикалдашууну иликтеген.

"Азаттык" менен маегинде китептин автору Фариде Хеят Кыргызстандагы жаш кыздардын сексуалдык зордук-зомбулукка көп дуушар болуп жатканы мына ушул диний радикалдашуу менен байланышта экенин билдирди.

Фариде Хеяттын 300 беттен ашык көлөмдөгү китеби "Кырк уруунун өлкөсү" деп аталат. Лондонго телефон чалганымда, Хеят айым бул аталышты мындайча түшүндүрдү:

- Бул Кыргызстан менен Өзбекстан туурасында китеп. Ичиндеги көп окуялар Кыргызстанда орун алган. Кыргыз деген түрк тилинде 40 уруу дегенди билдирет. Манас дагы 40 уруунун башын бириктирген эмеспи. Кыргыз 40 кыздан тараган деген уламыш да айтылып жүрөт.

Автор өз китебинин жанры тууралуу буларды айтты:

- Бул уникалдуу китеп, жарым-жартылай көркөм чыгарма десек болот. Анткени ал теги ирандык, британ этнографынын күндөлүгүнө негизделген. Көп бөлүгү менин өз башыман өткөргөн окуяларды камтыйт. Ошондуктан бир чети автобиография, бир чети көркөм чыгарма десек болот. Ар түрдүү аялдардын турмушу тууралуу баяндар чындыкка негизделген.

Фариде Хеят 2002-2003-жылдары Бишкектеги Америкалык Борбор Азия университетинде иштеп, бир катар жерлерде болгон. Ал чыгармасында Ферганадагы аялдардын диний радикалдашуусун иликтеген. Китептеги аялдардын бир даары жумурткадан кыр издеген кыйкымчыл күйөөсүнөн зомбулук көргөндөр болгон. Китептеги окуялар 2010-жылдагы июнь коогалаңына чейин болуп жатат.

Автордун пикиринде, азыркы күндө жаш кыздарды зордуктоонун күч алышында аймактагы диний радикалдашуунун да тиешеси бар. "Пайгамбар тогуз жаштагы кызды алган, демек бизге да секелек кыздар менен сексуалдык катнашка уруксат экен" деген караңгы түшүнүктөр эркектердин аң-сезимине сиңип жаткан болушу мүмкүн:

- Исламда жаш кызды күйөөгө берсе болот деген туура эмес. Мусулман өлкөлөрүндө, алтургай шарият менен башкарылган Иранда бул жаатта атайын эреже, мыйзамдар бар. Бирок Кыргызстан сыяктуу мыйзамдар жакшы иштебеген, коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдө адамдар өз билгенин кылышат. Алар окуяларды өз каалаганындай жоромолдошот, - деди Фериде Хеят.

XS
SM
MD
LG