Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

"Достук" ачылды: чек арадагы элдин кубанычы


“Достук” достукка жол ачты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

“Достук” достукка жол ачты

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү пункту ачылганына байланыштуу чек аралаш облустарда жашаган кыргызстандык жана өзбекстандык жарандардын пикирлерин уктук.

6-сентябрда "Достук" бекетин ачуу салтанаты учурунда чек аранын эки тарабында миңдеген адам чогулуп турду. Чогулгандар алдында сүйлөп жатып Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов бир нече күндөн кийин бул бекет аркылуу адамдар эч тоскоолдуксуз өтө баштаарын жарыялады:

- Паспортту көрсөтүп өтө бересиңер, телеграмма деген балээ жок болот.

Абдрахмановдун бул айткандарын эл узак кол чабуу менен кубаттап турду.​

Телеграмма болбой турганын жана чек арадан өтүү жөнөкөйлөштүрүлөрүн бекеттин ачылышына арналган салтанатка катышкан Кыргызстандын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев да билдирди:

- "Достук" чек ара бекетинин күнү-түнү иштөөсүн жандантуусу - кыргыз жана өзбек элдеринин тарыхындагы маанилүү учур болуп калды. Бул окуя эки өлкөнүн көп багыттуу кызматташтыгын жана достук-ынтымагын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот. 2010-жылдан тарта аталган бекеттен өтүүгө тиешелүү сааттарда гана уруксат берилип келди. Анын үстүнө чек арадан өтүү үчүн бир катар документтер, чакыруу же телефонограмма талап кылынчу. Эми мындан ары эки өлкөнүн жарандары чек арадан кошумча документтерсиз, жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өтө алышат.

Чек араны ачуу салтанатын көрүү үчүн атайын келген Бахридил Камилжанова акыркы жылдары Өзбекстандагы туугандары менен көрүшө албай, кусалыктан ооруп жүргөнүн айтып, ыйлап да жиберди. Жашы алтымышка таяп калган байбиче Анжияндан Ошко 47 жыл мурда келин болуп түшкөн экен:

- Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жатам. Туугандарымды көрбөгөнүмө алты жыл болду. Ошто жалгыз өзүммүн. Менин туугандарым Анжиянда. Чек арадан өтө албай жүрөгүм эзилип, ооруп, зилдеп жүрөм. Мен жолдун ачылганына абдан кубанычтамын.

Өзбекстандыктар чек аранын ачылганын кандай кабыл алды?

"Достук" бекети ачылды деген расмий кабардан кийин телефон аркылуу Кыргызстандан коңшу өлкөгө келин болгон аялдардын пикирин да сурап көрдүк. Алардын арасында өзбек жарандыгын алгандар Ата Журтуна туугандары жиберген телеграмманын негизинде каттап жүрүшөт. Анда деле телеграмма той-топур же өлүм-житим болгондо гана берилет.

Ал эми өзбек жарандыгын алууга документ тапшыргандары чек ара жабылган беш-алты жылдан бери бир туугандарын, балалыгы өткөн үйүн келип көрө элек. Анткени колдорунда азырынча Өзбекстанда жашайт деген күбөлүк гана бар. Чек ара жабылганга чейин ошол эле күбөлүк менен каттап жүрүшкөн.

Малика Норматова 1984-жылы Жалал-Абад облусунан Анжияндын Шахрихан шаарына келин болуп түшкөн. Чек ара ачылганы тууралуу кабарды угуп кубанычы койнуна батпай турган чагы:

- Кудайга шүгүр. Кандай жакшы болду! Эми телеграммасы жок эле тууган-уруктар бири-бирибизге кеңири каттайт турбайбызбы. “Достук” чек ара пункту ачылганынын өзүнө эле шүгүр. Телеграммасы жок болсо эле болду. Сүйүнүп, көзүм жашка толду. Ыйлап жибердим...

Дагы бир маектешибиз Наргиза Кудайкулова Кокон шаарынан. Ал өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары тууралуу угуп, жакшы жаңылыктан үмүт этип телевизорду тиктеп отурганын айтты. Азырынча өзбек паспортун ала элек. Колунда “Өзбекстанда жашайт” деп жазылган күбөлүк бар:

- Президенттер Бишкекте жолугушуптур го, кечинде телевизордон көрдүм. Алар бири-бири менен учурашып жатканын көрүп, кубанычка бөлөнүп ыйлап жибердим. Төркүнүмө бара албай, бук болдум. Ушул кабарды уккандан кийин такыр чыдай албай калдым... Аш демдеп жатам, келгиле!

Ал эми Анжиян шаарына Оштон Совет доорунда көчүп барган Арзыкул Мадалиевдин кыздары Кыргызстанга турмушка чыккан. Аларды көрбөгөнүнө жети жылга жакындап калыптыр. “Достук” өткөрүү пункту ачылганы тууралуу бизден угуп, ишенип-ишенбей турду:

- Чек ара ачылды дейсизби? Коюңузчу! Жакшы болгон турбайбы!

Наманган облусунун Үч-Коргон району Кыргызстанга жакын. Ал жакта жашагандар Кыргызстандын телеканалдарын көрүп турушат. Райондун Ибодатхан аттуу тургуну 1995-жылы Ноокенден келин болуп барган. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилени көптөн бери телевизордон, радиодон байкап келатыптыр:

- Баарыбызга кут болсун! Кечээ телевизордон чала-була уктум эле. Балам бүгүн “Достук” ачылыптыр деп айтты. Телефонундагы сүрөттөрдү көрсөм “Достукта” миңдеген адамдар чогулуптур. Бул сонун, эң мыкты көрүнүш! Жакшы болду, эң сонун жаңылык! Эми дайыма ушундай болсун.

Кийинки маектешибиз Фергана шаарынан болду. Жашы алтымыштан өтүп калган Рамзия Мансурованын теги кыргызстандык. Өзбекстанда очор-бачар алып, бир кызын Ата Мекенине турмушка берген. Азыр ал кызы Бишкекте турат экен.

- Кудайга шүгүр. Жакшы болду. Бир аз мурда уулум “президентибиз Кыргызстанга барыптыр, жолдорду ачып жиберишсе эле” деген болчу. Жол ачылган болсо, анда мен Бишкекке барам.

Пикирлерди бул жерден угуңуз:

Чек ара: өзбекстандыктардын таасирлери
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG