Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

Тарых: Бурсадагы илимий жыйын

3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум өттү.

“Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкырт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты.

"Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Тарыхый-илимий жактан алганда, жыйында кандай жаңы фактылар айтылды?

Т.Чоротегин: Албетте, жыйын учурунда археологдордун жаңы табылгалары менен тааныштык. Мисалы, Хакасиядан келген Виктор Бутанаев кыргыз, хакас, самоди тилдериндеги терминдерди бири-бирине салыштырып чыккан экен. Жыйында кыргыздардын Энесай менен байланышы бардыгын көрсөтүп, биздин тамырыбыз өтө терең экендигин белгиледи. Ал эми археолог Кубат Табалдиев тээ Алтайдагы байыркы Пазырык деген жерде табылган эстеликтер менен Кыргызстандагы эстеликтердин бири-бирине үндөшкөн белгилери бардыгын далилдеп, көрсөтүп берди. Андан сырткары ат жабдыктар, ээр сыяктуу сакталып калган буюмдарды дагы салыштырып, биздин кеңири Ички Азияда (Борбор Азияда) жашаган эл экенибизге токтолду. Юлий Худяков, Мурат Кожобеков баштаган бир катар окумуштуулар байыркы кыргыздардын өз мамлекети болгондугу, алар Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жайгашкандыгы жөнүндө өздөрүнүн соңку таасын маалыматтарын ортого салышты. Албетте, бул жаатта эскиче, мурдагы пикирлерин айтып жүргөн окумуштуулар дагы жок эмес. Бул табылгалар илим чөйрөсүндө кеңири таркалышы үчүн дагы мезгил талап кылынат. Менин пикиримде, бул өзгөчө кызыктуу жыйын болду. Мындан тышкары, жыйында окумуштууларга өз материалдары менен тааныштырганга кеңири мүмкүнчүлүк берилди, мультимедиалык усул менен бардык материалдарды жакшы көрсөтүп берүүгө мүмкүнчүлүк болду.

"Азаттык": Симпозиумдун материалдары өзүнчө жыйнак болуп чыгабы? Окурмандар эмнени күтсө болот?

T.Чоротегин: Симпозиумдун материалдары кыргызча жана түркчө толук жарыяланат деп айтылды. Андан сырткары мындай илимий иш-чараны ар бир эки жылда өткөрүп туруу сунушу айтылды. Жалаң гана кыргыз, түрк окумуштуулары эмес, орусиялык, кытайлык илимпоз адистерди тартуу менен буга чейин колубуз жете албай жүргөн аймактар, Шиңжаң-Уйгур автоном облусунун алкагына кирген Чыгыш Теңир-Тоодо жана Ордос, Гоби, Монголияда атайын археологиялык, этнографиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл деген милдеттерди көрсөтүштү. Ошол милдеттерди аткарууга албетте, эл аралык деңгээлде долбоорлор түзүлүшү шарт, аны эки өлкөнүн гана окумуштуулары жана демөөрчүлөрүнүн мүмкүнчүлүгү менен чече албайбыз. Бул он чакты жылга созула турган долбоорлор болуп саналат. Бул жаатта дагы сөз болду.

Бурсадагы илимий симпозиум

Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын жетекчиси Юлий Худяков менен илимий жыйындын катышуучусу көргөзмөдө
1/10 Новосибирск мамлекеттик университетинин археология жана этнография кафедрасынын жетекчиси Юлий Худяков менен илимий жыйындын катышуучусу көргөзмөдө
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Археолог-окумуштуу Кубат Табалдиев илимий табылгалары тууралуу айтып берүүдө
2/10 Археолог-окумуштуу Кубат Табалдиев илимий табылгалары тууралуу айтып берүүдө
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Симпозиумдун катышуучусу Тимур Оморов
3/10 Симпозиумдун катышуучусу Тимур Оморов
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Осмон дөөлөтү жаңы түптөлгөн кезде 1331-жылкы кыргыздардын көрүстөнүнө коюлган эстелик, Изник шаары 
4/10 Осмон дөөлөтү жаңы түптөлгөн кезде 1331-жылкы кыргыздардын көрүстөнүнө коюлган эстелик, Изник шаары 
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Рыспай маначсы симпозиумдун катышуучуларына "Манастан" үзүндү айтууда 
5/10 Рыспай маначсы симпозиумдун катышуучуларына "Манастан" үзүндү айтууда 
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Катышуучулар атайын уюштурулган көргөзмөнү кыдырып жүрүшөт
6/10 Катышуучулар атайын уюштурулган көргөзмөнү кыдырып жүрүшөт
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов жана профессор Тынчтыкбек Чоротегин
7/10 Тарыхчы Кыяс Молдокасымов, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Эрмек Ибраимов жана профессор Тынчтыкбек Чоротегин
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
“Ордо Сахна” фольклордук тобунун коштоосунда Гүлзада Рыскулова өз өнөрүн тартуулоодо  
8/10 “Ордо Сахна” фольклордук тобунун коштоосунда Гүлзада Рыскулова өз өнөрүн тартуулоодо  
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
Симпозиумга катышкан кыргыз-түрк окумуштуулар
9/10 Симпозиумга катышкан кыргыз-түрк окумуштуулар
3-4-майда Түркиянын Бурса шаарындагы Улудаг (Улуу-Тоо) университетинде кыргыз-түрк тарыхый алакаларын иликтөөгө арналган эл аралык туңгуч симпозиум ийгиликтүү өттү. “Өткөн доорлордон бүгүнкүгө чейинки кыргыз-түрк алакалары” деп аталган бул илимий симпозиумга Кыргызстандан, Түркиядан, Орусиянын Хакас, Саха, Башкорт жумуряттарынан, Новосибирск шаарынан кыргыз таануучу жана түрколог окумуштуулар катышты. Профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин сүрөттөрү, 2013-жыл
10/10

Артка
Алдыга
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG